Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖАШООГО КАЙРАДАН ЖАРАЛГАНДАР

№245 13-19-июль, 2007-ж.


Жүздөрүнө көйгөй көлөкөсү түшкөн пенделер моюн созо алдыңкы катардагыларды карап, “качан кезек келет, кандай жооп угаар экенмин?” дегенсип санааркай, жабылуу турган эшиктен көз алышпайт. Анда-санда гана бири-бири менен акырын сүйлөшүп, кандай каран калгыр тагдыр бул жерге жетектеп келгендигин сурап коюшат. Ортодогу адамды тумчуктурган жымжырттыкты
бузууга даабай, алардын катарына мен да кошулдум. Тагдырдын тайкүлүк ташы түркүн кыйноого салса да, жашоо менен күрөшүп келе жаткан замандаштар, алардын тагдыры, аларга ат көтөргүс кубаныч тартуулап жаткан айтылуу хирург менен жакындан таанышып, билгибиз келген. Таң атпай минтип отуз-кырк адамды үмүт, ишеним арттырып чогулткан бул кабылдама атпай журтка таанымал ортопед-хирург, травматолог ЖУМАБЕКОВ САБЫРБЕК АРТИСБЕКОВИЧТИКИ эле.

Кезек күткөндөрдүн арасынан мын­дан эки жыл илгери Сабырбек Жумабеков операция жасаган Теңизбек аттуу жигитти да көрдүм. Табияттын жаңылыштыгынан улам тубаса майып төрөлгөн замандаштарыбыз бар. Алардын бири ушул жигит эле. Атайын жанына барып таанышып, жандан башкача жаралган тагдыры, азыр баштан кечирип жаткан күндөрү жөнүндө баарлашып калдык.

«ЖАРАТКАНДЫН СҮЙГӨН ПЕНДЕСИСИҢ...»

Мен туш тарабын ак чокулуу тоолор курчаган Тогузторо районунун Казарман айылынан боломун. Атам Беккул мен билгенден бизди багуунун аракетинде мал менен алышса, апам Канышай эртели-кеч үй тиричилиги, мени менен убара эле. Кандайча минтип элден өзгөчө жаралып калганым түшүнүксүз, айтор, эки бутум тизесинен алдыны көздөй буралып, бүгүлүп төрөлүптүр­мүн. Ата-энем кичинекей кезимде ооруканадан ооруканага, врачтан врачка көрсөтүп жүрүп чарчашса керек. Мен акыл-эсиме кире баштаганымдан тартып апам мени “Балам, Жараткан сүйгөн пендесине дарт берет, сен анын сүйгөн пендеси болсоң керек” деп алаксытаар эле...

РАДИОДОГУ УКТУРУУ

Жашоодо өмүрүңдү түп-тамырынан бери өзгөртүп жиберген окуя болот экен. Мына азыр да эсимде, 2004-жылдын күз айлары болчу. Апам, атам үчөөбүз үйдө радио угуп отурганбыз. Радиого кайсы бир маселеден улам врачтарды чакырышып, маек уюштурушкан экен. Ошолордун арасында бир хирург-ортопед сүйлөп, сөөктөрү тубаса кыйшык, майып төрөлгөндөрдү оңдосо болоорун айтып калды. Көрсө, ал врач профессор Сабырбек Жумабеков экен. Балким, өмүрүмдө ордумдан туруп баса алаарымды элестетпесем да, жүрөгүмдүн кайсы бир бурчун ушундай жылуу, эч кимге айта албас үмүт уялап келгендир. Айтор, радиодо сүйлөгөн врачтын кебин уккан күндөн тартып тынч уктай албай, ошол хирургга жетсем эле басып кетчүдөй талпына бердим. Анымды апам сезип, атам экөө кеңешип, мени Бишкекке Жумабековго алып келишти. Ал бизди жылуу кабыл алып, рентген сүрөттө­рүн көрүп, “100 пайыз кепилдик берем деп айта албайм, бирок, оңдоого болот” деп айтканында тынчый албай келген жү­рө­гүм кадимкидей тынчый түштү.

«КУДАЙ ДЕП КИР, БАЛАМ!»

Операция мен ооруканада бир жарым ай даярданып жаткан соң 2005-жылдын кышында болду. Мени түнү бою туш-туштан жабалактаган “мүмкүн ушул боюнча апамдарды көрбөй калаармын...” деген сыяктуу ойлор уктатпай чыкты. Операцияга киргизип баратышканда Сабырбек Артисбекович токтотуп алып далымдан таптай: “Кудай деп кир, балам!”- деди. Ушул кеп мага кадимкидей дем берди.
Алгач оң бутума, кийинчерээк сол бутума операция жасашып, андан соң 4 ай ооруканада жаттым. Буга чейин денемди толук кароого мүм­күнчү­лүк бербей алдыны көздөй кайрылып туруучу буттарым түздө­лүп калганына ишенип-ишене албай карап жата берээр элем. Анан жүрөктү толкунданткан эң маанилүү күн келди. Таңкы кароого келген Сабырбек Артисбекович апам экөөлөп ме­ни колтуктап тургузуп бастырышты. Бул менин 18 жыл­дык өмүрүмдөгү биринчи кадамым эле!
Андан бери 3 жыл өттү. Азыр анча-мынча жумуштарга кол кабыш кылып, эң башкысы китеп окуп, тамга жазганды үйрөндүм. Өзүмдөн көп жаш кичүү балдарга кошулуп мектепке барып окуу ыңгайсыз болгондуктан, атайын мугалимдерге барып жекече билим алууга туура келди. Учурда тилегеним – аттестат алып, кайсы бир окуу жайына тапшырып, бир кесипке ээ болуу. Бутумду көрсөткөнү Бишкекке көп келем. Келген сайын ишенимдүү жашай турган жай жок, мага ылайыктуу жумуш да жок кыйналып калам. Ошондон улам “өмүр бою ушинтип жүдөп жүрө бергенге болбойт, канчалык кыйналсам да бир кесипти аркалап, келечегиме кам көрүшүм керек” деп чечтим. Ал эми жомоктогудай эрдик кылып мени бул өмүргө кайрадан жараткан хирург Сабырбек Жумабековду өзүмдүн Кудайымдай көрүп калдым. Көптөгөн адамга бакыт тартуулап жаткан инсанды ийгилик жылоолосун деп айтаар элем.

Теңизбек менен маектешкиче биздин кезек да келип, хирургдун кабинетине кирип таанышып, ага кошулуп алып таңкы кароого катыштык. Анын жеңил, ийкем колунан бакыт таап, кайрадан жашоого төрөлүп, кубанычтары коюнуна батпай турган оорулуулар жаткан палаталарды аралай басып жүрүп, дарыланып жаткан Элмира аттуу келинге туш болдук. Бир ыйлап, бир жылмайып отуруп бул келин да бир нече жылдар бою тирүүнүн тозогу болуп кеткен өткөнүн айтып берди.

БАЛАЛЫКТЫН КИРСИЗ АСМАНЫ...

Асманында бир үзүм булуту жок бактылуу балалык жылдарым Ысык­көлдүн Семёнов айылында өттү. Өзүм 6 бир туугандын экинчисимин. Мектепти жаңыдан аяктап, бүтү­рүүчү экзамендерди тапшырган соң “мына эми жаңыча жашоо башталат, окууга тапшырам, студент болом...” деп кыялданып бүтө электе алакачып кетишти. Мени алакачкан жигит Темирлан экен. Ары кетип, бери кетип, урушуп, кайра ыйлап жатып “таш түшкөн жеринде оор” деген сыңары кала бердим. Табият аял-эркекти жуп кылып жаратып койгон соң адам баласы бул жашоодон өзүнүн жан шеригин тапканы оң. Башында бул жигитке көнө албай кыйналсам да, нике кайып этип, аны менен бир жан, бир дене болуп калдым.
Убакыт учкан куш экен, билинбей күнүмдүк көр-тирилик менен алаксытып, өтүп кете берген. Алгач уулдуу, андан соң кубанычыбызга кубаныч кошулуп, ал экиге чыкканда кыздуу болдук. Ким билет, балким чын эле буга чейин билинбей келген илдет күчөп кеткендиктендир же тө­рөт кезинде олуттуу жаракат алганмынбы, айтор, төрөт креслосунан түшкөн көз ирмемден тартып мен үчүн тирүүнүн тозогу башталды...

ТАГДЫРДЫН АЧУУ ТАМАШАСЫ

Тагдыр кээде пенделерин ушунчалык ачуу тамашалап коёт экен. Алгач кыздуу кылып кубантты да, андан жарым саат өтпөй колу-бутумду тырыштыра шал кылып канча жыл бою азапка салды.
– Сүйүнчү, кыздуу болдуң!
Мындай үн кулагыма угулганда жаным жыргай, бир саамга мемирей түшкөм. Бирок, күтүлбөгөн жерден бутумдун учунан тартып чачыма чейин дирт дегизе тарамышым түйүлүп барып жазылып, эмне болуп кеткенин түшүнө элегимде катуу оору баш­талып кетти. Төрөт креслосунан түшкөндө буттарым өзүмө баш ийбей, тырышып, бир кадам таштамак түгүл, бармактарымды кыймылдата албай калдым. Ызы-чуу түшкөн врачтар ийне артынан ийне сайып, эмне деген дартка туш болгонумду аңдап билбей жатышты. Ийненин күчү менен эптеп басып, ыңаалай эмчек издеп ыйлаган кызым менен үйгө чыгып келдим. Колу-бутумдун тырышканы көбөйүп, алгач түнкүсүн эле кармаса, эми күндүзү да кармап, күтүүсүз жерден тырышып кала берчү болду. Караколдогу ооруканага барсак, алар “ревмативдик артрит” деп диагноз коюп дарылай башташты. Бара-бара колу-бутум кыймылдабай, бүгүлүп-тартылып, мен басмак түгүл оңдуу кыймылдаганга жарабай, кудум жарганатка окшоп калдым... Ким эле ушундай ит көтөргүс күнгө туш келгиси келсин?! Бекеринен айтышпайт тура, “адамдын жаны иттикинен бек” деп. Көзүмдү ачып-жумуп ирмеп жатканым гана болбосо тирүү болуп төрдө эмес, өлүү болуп көрдө эмес, араң эле жаным калды. Ачуу жашын төккөн энем үйгө келип, жолдошума: “Сен деле жаш жигитсиң. Чырактай кызыбыз минтип жаш кезинде жарым жан болуп калат экен деп кайдан ойлодук эле?! Эми кыйнабай кызымды үйгө алып кетейин, сен өз күнүңдү көр”,- деди. Мындай кеп эртедир-кечтир айтылаарын күтүп жүргөнбү, буркурап ыйлаган жолдошум:
– Апа, ушундай кепти айтууга кантип оозуңуз барды? Жакшылыгында, аман-соо кезинде жанында жүрүп, балалуу болуп, эми кыйынчылыкка туш болсо кантип таштап, өз күнүмдү ойлоп кетмек элем? Мен Элмирамды таштабайм. Колума көтөрүп жүрүш керек болсо да таштабайм! Ажырай албайм...- деп баарыбызды ыйлатты. Эстесем туура 4 жылдан бери тынч уйку бетин көрбөй, тынымсыз тырышып жанымды көзүмө көрсөткөн оору менен алышып, ыйдан көзүм ачылбай өмү­рүм өтүп келе жатыптыр.
Өмүр канчалык таттуу, ээ, чиркин... Келечек түгүл эртеңки күнүмдү да ойлогум келбей, баарынан үмүтүмдү үзүп, жарганаттай бүгүлө бүк түшүп жатсам да, кандайдыр бир дирилдеген ичке үмүттүн жиби үзүлбөй жатты. Мени врачтардан анчалык жылыш болбогондон улам ата-энем Көлдүн тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө сүйрөй, атүгүл Бишкек, Ош, Нарынга чейин аты чыккан көзү ачык, бүбү-бакшы, молдолорго алып барып, алардын бир даары “көз тийген” десе, көпчүлүгү “кокуй, буга дуба окутуп салышкан, тезинен жандыруу керек!” дей беришип, биротоло энемдин да жанын кыйнап бүтүштү. Биринен да кымындай жардам болгон жок...

«ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ, ЖАШАГЫМ...»

“Жараткан дартты берсе шыпаасын кошо берет” дейт. Ушул кеп чын болсо керек. Такыр айлабыз кетип турган кезде Бишкекте бир чебер хирург-ортопед тубаса майып, буттары артты көздөй кайрылып төрөлгөн Теңизбек аттуу жигитке операция жасап, кадимки жашоого кайтарганы жөнүн­дө угуп, бир ооздон “ошол хирургга барып көрүнүү керек” деп чечтик. Бирок, менде ишеним аз болчу. Антсе да үйдөгүлөр мени ооруканага алып келишти. Эртең операция деген түнү көпкө дейре уктай албай, “не бар, не жок, эртеңкиме ишенич жок, неси болсо да айтаарымды айтып калайын” деп жолдошумду чакырып, кеп баштадым:
– Менин мындай күнгө туш болушума сен күнөөкөр эмессиң. Операциядан аман-эсен чыгамбы, кийин айыгып кетемби, так айта албайбыз. Кокус жаман жагына кетсе, кыйналып жүрө бербей өзүңө ылайыктуу кызга үйлөнүп ал. Болгону, суранаарым, балдарга жакшы кара. Уулуңду, кызыңды кароосуз калтырып, капага батырба...
Кебимдин аягына чыга электе оозумду алаканы менен баскан жолдошум:
– Антип ойду-тоону айтпагын. Сен айыгасың, мени айтты-койду дээрсиң, сезип жатам, ушул врачтын колунан айыгып кетесиң!- деп далыма таптай, көз жашы көлдөгөн мага аз да болсо дем берди. Энем болсо күнү-түнү кашымдан кетпей, уйку дегенди унутуп койгону качан! Ушул жакындарымдын деми, чебер хирургдун жеңил колу жардам болду окшойт, ооруганымдан туура 4 жылдан соң дал ошол операциядан кийин таманымды жерге коюп, калтылдай кадам таштадым. Кубанганымды айтпа, басканды жаңы үйрөнгөн жаш балача талпына кайра-кайра баскым келет! Өз алдымча баса албай, үйдө ким бош болсо “мени бастыр” деп сурана берем. Ошентип, жашоого кайрадан төрөлгөндөй болдум. Жашоонун денсоолугум чың кезде байкабаган кереметтигин сездим. Жакында операцияда тиземе койгон темирлерди алышат. Анан тизелерим да ийилип, эликтей так секирип басып калам.
Атайын чыгынып, чебер хирургдун колунан экинчи ирет төрөлгөн биздей пенделердин тагдырына кызыгып, ал-жайыбызды сурап келиптирсиңер. Силерге рахмат. Мени балдарымдын, жолдошумдун, эне-атам, жакындарымдын маңдайына аман-соо адам кылып кайтарып берген врачтарга, айрыкча Жумабеков Сабырбек Артисбековичке чексиз ыраазычылыгымды билгизгим келет. Анан да жалпы эл-журтка айтаарым, баары аман болушсун. Ылайым эч бирөө оорубасын.

Даярдаган Шаиста Шатманова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
24.03.2011. 15:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
26-12-2010
Соӊку аракети:
12-12-2013 09:11
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul Sabyrbek baike el baktysy uchun kopko jashasynchy...kudai ushu kishige den sooluk berse bu kishi kop kishinin den soolguna shypaa bolot go..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21442;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: