Максат Довранов, Алтынай Манасбекова, блогерлер: "Кызганычтар артта калып, тынч жашап жатабыз”

- Максат, Алтынай, кандайсыңар? Үй-бүлөлүк жашоо кандай уланып жатат?

Максат: Жакшы, рахмат. Үй-бүлө куруу оңой, жашап кетиш кыйын дейт го. Кыз-жигит кезде ар бир адам жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет кылат да. Миң жасалма болбоюн десең деле этияттап турасың. Өзүң эңсеген, кыялданып, артынан чуркап жүргөн адамга жеткенден кийин өзүңдү коё берет экенсиң, катылып жаткан кылык-жоруктарың, мүнөзүң чыгат экен. Башында бир аз түшүнбөстүктөр болду. Бирок Кудайга шүгүр, көнүшүп калдык. Акырындан бир бүлө экенибизди моюнга алып калдык.

- Максат мырза, үйлөнгөнүңүзгө чейин социалдык тармактарга видео тартып жүктөгөнүңүздү көрбөптүрбүз. Бул Алтынайдын таасири болдубу?

М.:  - Тааныштар да ушинтип айта беришет. Баары Алтынайдын таасири деп ойлошот экен. Тескерисинче, Алтынай видеого тартылганды жаман көрөт, социалдык тармактарга кызыкпайт. Мага ушул сапаты да жаккан. Ушундай да кыз барбы деп таң калгам. Турмуш кургандан кийин “видео тарталы” десем көнбөй жүрдү. Биз үйлөнгөндөн кийин Алтынайдын катталуучулары көбөйдү. “Катталуучуларды сыйлап деле сүрөт жүктөп койчу” деп кайра-кайра айтып жатып жүктөтчүмүн. Анан бир күнү экөөбүздү жарнамага чакырып калышты. Мен атайын баш тартышсын деп баасын кымбат айткам. Ал баага да макул болушту. Барып тартылып калдык. Ал жарнама чыккандан кийин башкалар да чакыра башташты. Эл жакшы кабыл алып, жакшы сөздөрүн жазышты. Анан ойлонуп, эмнеге болбосун деп видео тартып блогер болуп кеттик. Жакшы видеолорду тарталы, контент жараталы деп продюсер менен иштешип жатабыз.

- Андан башка дагы эмнелер менен алексиздер?

М.: - Максат тамак жеш менен, Алтынай тамак жасаш менен алек (күлүп). Акыркы кездери баары эле мени “толуп калыптырсың” деп жатышат. Алтынай да ошентип айтып калат. “Эмнеге анан даамдуу тамак жасайсың?” деп калам. Чындыгында, алып баруучулук, тамадалык менен алекмин. Минтип тыптынч жашоомдо блогерлик деген да тема пайда болуп калды. Жакшы контент менен чыгалы деп көп убактыбызды блогерликке арнап жатабыз.

- Болочок жарыңыздарды кандай элестетчү элеңиздер?

М.: - Алтынайды эле элестеткем. Өзүм кыялданган кызга жолуктум. “Сени Кудайдан сурап алгам” деп калам. Дайыма Кудайдан ушундай кызга жолуксам экен деп суранчумун. Шүгүр, баары менин кыялымдагыдай.

А.: - Мен турмушка чыкпайм, карьера курам дечүмүн. Апам “түгөйүңдү да тилен” деп урушчу. Акыркы жылдары “жакшы күйөө туш келсе экен” деп тиленип калгам. Баарын сурап, жашын сурабай калыптырмын дей берем (күлүп). Апам “жашын да сура” десе, “буюрганы болот да, негизгиси жакшы мамиле кылса болду” дечүмүн. Башкалар ортобузда чоң жаш айырмачылыгы бар дешкени менен, бизге ал нерсе сезилбейт.

- Алтынай, чогуу жашап калгандан кийин Максат мырзанын кайсы бир мүнөзү сизге ачылыш болдубу?

А.: - Мен Максатты таанып баштаганда мүнөзү кандай болсо, азыр деле ошондой. Жаман сапаттарын байкаган жокмун. Азыр бири-бирибизге көнүшүп, сонун учурда жашап жатабыз.

- Алтынай дайыма эле көп сүйлөбөгөн, токтообу?

М.: - Алтынай көбүнчө ушундай токтоо, оор басырыктуу. Ушул мүнөзүн апама окшоштурам. Апам да көп сүйлөбөгөн аял. Балким, мени ошонусу менен да арбап алды. Бирок кээде кармап калат мунуку да  (күлүп). Кармап калганда аябай көп сүйлөйт, өзүм да таң калам. Артымдан кууп сүйлөп жүрө берет.

А.: - Кээде сүйлөшкүң келет го. Бул телефондо отура берет. Угуп жатасызбы десем “ооба” деп коёт.

- Кызганычтан улам түшүнбөстүктөр болобу?

М.: - Менде башында көп болду. Тойго барабызбы, туугандар, достор менен жолугуп калабызбы, келгенден кийин сөзсүз бир аз казан-аяк кагышчу. Кийин өзүмө суроо бердим, “эмнеге урушуп жатабыз?” деп. Көрсө, кызганчу экенмин. Тааныш, кесиптеш мырзалар менен көбүрөөк сүйлөшүп туруп калса, коштошуп жатканда бетинен өөп коштошсо кызганып кетчү экенмин. Бирок аны айтпай, башка себеп таап алып уруш чыгара берчү экенмин. Алтынайда да кызганычтар болду. Азыр анын баары артта калды, тынч жашоо болуп жатат.

- Махр темасы актуалдуу болуп кетпедиби, Алтынай махрга эмне сурады?

М.: - Никебизди кыйдырганга мечитке барганда молдо “калың маселеси чечилдиби?” деп сурады. Ал учурда калыңды берип койгонбуз. “Чечилген” десем, “болду анда” деп койду. Көрсө, махр деген кыргызча калың экен да. Махр деп бир нерсе сураса деле алып бергенге даяр болчумун.

- Ушул күнгө чейинки эң романтикалуу учур кайсы болду?

М.: - Алтынайга сөз айткан учур мен үчүн эң романтикалуу болду. Сүйүү темасында көптөн бери толкунданбай калгам. Өмүрлүк жарыңды таап, чындап сүйүп, сезимдериңди билдирип жаткан учур башкача болот экен. Тоюбуз да сонун өттү. Ал да жашоомдогу эң бактылуу учур. Бирок ал учурда кыжалат болуп жүрүп толкундана албай калганбыз.

А.: - Мен ушул жылы алгачкы жолу үй-бүлөлүү айымдын статусунда туулган күнүмдү өткөрдүм да. Ошол күн эң романтикалуу болду. Максат мени ошол күнү Ошко алып кетти. Ошту көрүп келдим. Эсте каларлык сонун күн болду.

- Алтынай, кайнененин сүрү болдубу?

А.: - Ооба. Ата-энелер жолуккан күнү апамды биринчи жолу көрдүм. Аябай сүрдөгөм. Айылга барганда кандай кызмат кылам, кандай болот деп аябай олонгом. Баары сонун болду. Апам “муну кыл, муну кылба” дебейт, өзү менен өзү жүрө берет. Жылуу сөздөрүн айтат. Апам менен чай ичип сүйлөшсөм эс алып калам, жылуулукту сезем. Айылда жүргөндө ооруп калдым. Апам да, жолдошум да жанымдан чыкпай карашты. Апам мени кызындай көрөт. Апамдын камкордугунан улам тез айыгып кеттим окшойт ошондо.

- Максат кандай күйөө бала?

А.: - Ата-энем биринчи күндөн эле “менин балам” деп турушат. Кээде кызганып кетем. Бирок мамилелери жакшы болгонуна аябай кубанам. Анткени башында ата-энем экөөбүзгө каршы болгонун баары эле билет. Андыктан мамилелери кандай болот деп кабатырланчумун.

М.: - Биз жаңы сүйлөшүп баштаганда мамилебизди апабыз билип калган. Ошондо мага чалып катуу урушкан. Бирок мен андай реакцияга даяр болчумун. Алтынай ошондон кийин коркуп калыптыр. Азыр мени жакшы көрүшөт. Башынан эле “кийин мени жакшы көрүп калышат” дей берчүмүн. Азыр “көрдүңбү, жакшы көрүп калышты” деп калам.

- Азыркы кыялыңыздар кандай?

М.: - Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө болсок, акылдуу, эстүү уул-кыздардын ата-энеси болсок деп кыялданабыз. Азыр эң негизги кыялыбыз – балалуу болуу.

- Кыялыңыздар ишке ашсын!


Перизат Музуратбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан