ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сууну керебеттин үстүнө таштады да, күзгүгө каранып турган кызды көздөй басты. Кыз күзгүдөн аркасында турган пагончон мырзаны көрдү. Ушул көрүнүш кызга эмнегедир жакты. Кең далылуу, келбеттүү, күчтүү мырза. Анын аркасында турат. Кыз дайыма ушундай күчтүү ийинге баш жөлөгүсү келчү. Ушул каалоосу кыздын алсыздыгы болду. Экөө бири-бирин ушул күзгүдөн карашты. Көздөрү күзгүдөн бири-бирине чагылыша түштү. Эмнегедир экөө тең ала качып жатты көздөрүн. Жакыповдо дагы башкача сезимдер орун алып жатты. Бул жолу аңчылык иши адаттагыдай эмес, өзгөчө болуп жатканына өзү дагы таң калып турду. Адатта ал кирген бөлмөсүнө мынчалык кармалчу эмес. Кирип өзүнүн ишин бүтүрчү да, акчасын төлөп чыгып кетчү. Жакыповду Айзада өзүнүн сулуулугу, өтүмдүүлүгү, жугумдуулугу менен арбап алды. Прокурор сырттан киргенде эле кыздын карагаттай көздөрүнө суктана карап койгон. Ал кызга дагы да жакын келди да, акырын белинен имере кармап өзүнө тартты. Кыз да каршылык көрсөткөн жок. Кыздын жек көрүүсү бир заматта жылуу сезимдерге айланды. Бир аз мурун эле сууга уу кошуп өлтүрүүнү максат кылган кыз өзүн башкара албай калды. Кыз да кишини көздөй ыктады, денелердин жакындаганы, андагы ысык илеп бат эле бири-бирине чоочун адамдарды жакындаштырып салды. Кыздын дагы колдору прокурордун моюнуна оролду. Кишинин ысык эриндери кыздын моюнунан аймалап баштады. Өзүн ар дайым күчтүү сезип, эч кимдин колун денесине тийгизбей жүргөн кыз өзүнүн ушунчалык алсыз экенин билген дагы эмес. Ысык эриндердин илеби эле кызды энтиктирип, шайын кетирип койду. Кең далылуу бойлуу неме кызды жаш баладай таптак алаканына көтөрүп керебетти көздөй басты. Кызды жаткырып үстүн жаап коюп сырткы күрмөсүн кийип чыгып кетти.

– Ой, биз бул бөлмөнү карап коёлу деп эле...- саксактап эшикти сагаалап турган Ася менен Гуля чочуп кетишти.

– Ася, оң кулак-сол кулагыңар менен уккула. Айзаданын үстүнө эч ким кирбесин. Жакшылап кайтаргыла, ага менден бөлөк жан киши тийбеши керек. Азыр эс алсын тынчын албагыла. Эгер бир нерсе болсо экөөң керт башыңар менен жооп бересиңер. Мен 2-3 күндөн кийин келем,- деп Асянын колуна акча карматып чыгып кетти.

Экөө аңгырап таң калгандарын жашыра албай Жакыповду узата карап кала беришти. Жакыповдун унаасы от алып жүрүп кеткенден кийин гана эстерине келишти.

– Эй, Гуля, тиги фифочкаң мунун башын айландырып салган го. Мен муну мындай абалда көргөн эмесмин. Эмне болгонун тигинден кирип билбейлиби...

– Ася, эмне эле болуп жатасың. Ушунча жылдан бери канча киши менен иштешип келе жатасың. Ушул чөйрөгө бүгүн эле келген кишидей таңданбачы. Жакыпов азыр кыздын тынчын албагыла дебедиби. Эмнеси болсо дагы акчабызды алдык да. Андан көрө ачкычты берчи бирөө жарым үстүнө кирип кетпесин, сыртын жаап коёюн. Баары ал айткандай болбосо эртең биздин иштин күлүн көккө сапырып коюш анын бир эле сөзү  менен болот.

– Ооба, туура айтасың, мындай киши менен ойнобош керек,- Гуляга ачкычты сунуп сыртка чыгып чылымын түтөтүп ойлонуп отуруп калды Ася.

 

xxx

Жакыпов үйүнө келди. Аялы аны тамагын даярдап жаркылдап күтүп алды.

– Жаным, иш көп, катуу чарчап турам. Тамакка табитим жок. Мага кофе эле даярдап бөлмөмө алып чыгып берчи,- деп жогорку кабатка көтөрүлүп кетти.

Аялы үн-сөз дебей аркасынан кофе даярдап барып берди. Жаны жай таба албай турду. Өзүнө дагы түшүнүксүз болуп турган абалына кофеден жардам болбоду. Түн бир оокумга чейин кагаз караган киши өңдөнүп бул бөлмөдө өзүнүн ойлору менен алек болуп жатты. Кыздын кымча бели, жылуу илеби колунда калгандай туюм болуп жатты. Бир учурда аялы жанына келди.

– Түн болду, уктап эс алчы. Иш-иш деп эле жүрөсүң, эс алганга дагы убактың болуш керек да.

 Аялы бир нерседен күмөн санабасын деп аны ээрчий басып керебетке жатты. Аялын жакшы жат деп маңдайынан өөп койгону болбосо, ага башка караган жок. Уйкуга кеткен адамдай түр көрсөттү. Ичиндеги уйгу-туйгу сезими ага уйку бетин көрсөткөн жок. Ушул тапта ал кызды Ася менен Гулянын колунан чыгарып кетүү тууралуу ойлонуп жатты. 

Адам дегениң сезимге бир күндө, керек болсо бир көз ирмемде аркандалат турбайбы. Канчалаган кишилерди жөжүрөтүп койгон сүрдүү Жакыпов түнү менен бир кызды ойлоп каларын өзү дагы ойлобосо керек. Кыздарды оюнчугундай көрүп эле басып кете берчү эмес беле. Түнкү ойлору анын сезимдерин дагы да бышыктап, таң эрте бүгүн кечте Айзадагы барарын айтып Асяга чалды.  

– Жакыпов келет экен,- Гуляга карады.

– Эмне! Аның 2-3  күндө келмек эмес беле.

– Кайдан билейин, келем деди.

– Жактырып калгандан сообу деги аның.

– Гуля, сөздү көбөйтпөй Айзаданы чакыр эртерээк. Даярданып турсун деди.

Бул учурда Айзада дагы Жакыповду ойлоо менен алек эле. Анын кең далысына дагы да башын жөлөгүсү келип жатты. Бирок кайра ал оюна каршы чыгат. “Мен эмне болуп жатам, ал менин жек көргөн адамым, биринчи душманым эмес беле. Бир кучактап, бир өпсө эле алданып калбашым керек” деп ойлонот. Ушул тапта телефонуна чалуу келди.

– Айзада, тезинен ишке келип кал, сүйүктүү Жакыповуң бүгүн сен үчүн кайра келмей болуптур.

– Хм, демек, бүгүн да келет,- деп жактырбагандай үн катты. Бирок ичи дүркүрөп, өзүнчө толкунданып кетти.

– Ооба, кечикпей кел,- деп Гуля телефонду өчүрүп койду.

Айзада кеч курун сүйгөнүнө жолукканы бара жаткан жаш кыздай толкунданып, жүрөгү элеп-желеп болуп жаңы ишине бара жатты. Ал ичиндеги сезимдерин канчалык тыйып коёюн десе дагы мүмкүн болбоду.

xxx

Каалганын турумун жасап жаткан Шамэл балканын урулган үнүнөн кишинин басып келе жаткан дабышын сезбей калды.

– Ыя, Шамэл, эмне эле кылып жатасың? Биз жакка келгис болдуң го.

– Ассалом алейкум, ага, келиңиз. Үйдүн эки жагын иреттеп эле кол бошобой жатат. Жакшы турасызбы?

– Жакшы, өгүнү тамакка чакырдым эле, келбедиң. Өзүм ээрчитип келейин деп келдим. Алдагы эшикти жасап бүтүр, аңгыча мен отуруп турам. Айылды көздөй чогуу басалы,- деди Алтынбек.

– Ал күнү кечке жумуш жасаганга чарчап калыптырмын, айылга түшө албай калдым. Кабарлап койгонго менде телефон дагы жок болуп жатпайбы.

Шамэл ишин бүткөн соң Алтынбек жеңеси менен байкесине багыштап куран окуду. Анан экөө ээрчише басып айылды көздөй жөнөштү.

Өткөнкүдөй эле конок үйдө  Алтынбек менен Шамэл гана отурду. Шамэл агасынын кеп улагысы келип жатканын дароо эле түшүндү. Маңдайындагы чоң сыналгыда жаңылыктар болуп жаткан. Бир кезде сыналгынын үнүн чыгарып тынч отуруп угуп калышты. Андан “Бишкектен Бүркүт жана Лёха каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилери жана аларды жандап жүргөн 12 жигит кармалды. Экөө тең буга чейин 2 ирет соттолуп чыккан. Аларды кармоо үчүн атайын операция уюштурулуп, штабы курчоого алынган. Кылмыштуу топтун жетекчилери бир жыл мурун үй камагына чыгарылган болчу” деген маалымат берилди. Алардан өч алууну ойлонуп жүргөн Шамэлдин өз колу менен өч алгандай ичи жеңилдей түштү.

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан