Чыгыш гороскобу-2024

Коён жылынын сапары карып, балык (ажыдаар) жылы босогодо турат. Узап бараткан коён жылы сыноосу көп жылдардан болду. Дүйнөдө согуш оту тутанып, айрым өлкөлөрдө кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Кирип келе жаткан жашыл жыгач балык (ажыдаар) жылы 2024-жылдын 10-февралында башталып, 2025-жылдын 28-январында аяктайт. Астрологдор 2024-жылга кандай божомол айтышат? Жеке мамиледе, карьерада, коомдо бизди эмнелер күтөт? Төмөнкү макаладан жооп табасыз.

Биз билген балык жылы чыгыш гороскобу боюнча ажыдаар деп айтылат. Кытай мифологиясында ажыдаар чыгыш гороскобундагы эң табышмактуу жаныбар. Ал шамалды, жамгырды башкарып, аба ырайын өзгөртүп, эгиндердин мол болушуна таасирин тийгизе алчу жөндөмгө ээ. Ошондой эле ал дүйнөгө гүлдөп-өнүгүүнү алып келет деп айтылат. Ажыдаар – жер менен асмандын ортосундагы байланыштын, мыйзамдын жана тартиптин символу. Эң сыйкырдуу жана эң сонун окуялар ажыдаар жылында болот. Кытайлар ажыдаарды күчтүү тумар, өзгөчө касиетке ээ жаныбар деп эсептешет. Кытай маданиятында ажыдаар жаркын келечектин, жаңы башталыштын символу. Андыктан жашооңуздагы эң бир маанилүү башталыштарды дал ушул ажыдаар жылынан күтсөңүз болот.

Балык жылы кимдерге ийгилик алып келет?

Чыгыш гороскобу боюнча 2024-балык жылы чычкан, маймыл жана тоок жылында төрөлгөндөргө ийгилик жана молчулук алып келет. Ал эми уй, жылан, ит жылында төрөлгөндөр кесиптик жана жеке жашоосунда тоскоолдуктарга кабылышы мүмкүн. Быйыл мүчөл жылы болгон балык жылындагылар да этият болушу керек. Балыктар үчүн кайра жаралуунун жана ийгиликсиздиктин мезгили. Балык жылы сизге кайраттуулук, ишеним жана көз карандысыздык сапаттарды бекемдөөгө жардам берет.

Эмне белекке берсе болот?

Той, юбилейлерге кызыл конвертке салынган акча белекке берсеңиз болот. Ошондой эле гүл, таттуулар жана майрамдык тамактарды кошсоңуз болот.

Жылдын ийгиликтүү түстөрү: Алтын сары, күмүш жана боз, ак түстөр. Жылдын символу жашыл жыгач ажыдаар болгонуна карабастан жашыл түс ийгилик алып келбейт. Көк түс да ажыдаарга жакпайт.

Чычкан (1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)

Балык жылында ийгиликке жеткиңиз келсе, чоң күч-аракет жумшашыңыз керек. Өтө активдүү болуп, чечилбеген көйгөйлөрдү буйтап болсо да  максатыңызга жетесиз. Бул жыл ишкерлер үчүн да жемиштүү болот, чоң долбоорлорду, келишимдерди түзүү иштери жылдын экинчи жарымына туура келет. Байлык, мансап топтогусу келген чычкандар байып, амбициясы күчтүүлөр карьералык тепкичтен көтөрүлө алышат. Эң башкысы ылдам, чапчаң болуңуз, анткени келген мүмкүнчүлүктү убагында кармап калуу үчүн бардык окуяга тез реакция кылышыңыз керек болот. Жеке жашоодо чычкандар бекем тылга муктаж, андыктан жыл башында өнөктөшү менен мамилесин чыңдап, үй-бүлөдө гармониялык абалды түзүп алганы жакшы.

Уй (1937, 1949,1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)

Укмуштуу окуяларга бай жыл болот. Чечилгистей көрүнгөн маселелердин түйүнү чечилип, жылдар бою тоңуп турган муздар эрийт. Эл арасында кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Алкоо, мактоо сөздөрү, материалдык абалыңыздын жакшырышы сизди бир топ өзгөртөт. Жылдын экинчи жарымында чөйрөңүздөгүлөрдүн азгырыгына кирип туура эмес жолго түшүп алышыңыз мүмкүн. Убакытты текке кетирбей, билим алууга умтулуп, өзүн өзү өнүктүрүү курстарына барып, жаңы билим, жөндөм, көндүмдөрдү өздөштүрөсүз. Коомдогу, чөйрөдөгү адамдар менен мамиле түзүп, байланыштарды кеңейтесиз. Жеке жашоодо жалгыз бойлор түгөйүн таап, баш кошушат. Жардамыңызга муктаж адамдар көп болот, кайрымдуулук кылганды унутпаңыз.

Жолборс (1938,1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022)

Жолборстор үчүн ишкерликте, чыгармачылыкта, карьералык тепкичтен көтөрүлүүдө жыл башынан эле позитивдүү натыйжалар байкалат. Бирок жашооңуздагы чындап маанилүү болгон нерсени байкабай өтүп кетишиңиз мүмкүн, сезимтал жана байкагыч болуңуз. Жарата турчу ийгиликтердин көбү сиздин каржылык абалыңыздан көз каранды болот. Көп саякатка чыгасыз, жаңы горизонтторду багындырасыз. Тез өзгөрүп жаткан жагдайлар жолборсту кооптондурат, тилекке каршы, ага көнүүгө же алар менен күрөшүүгө туура келет. Эгер жолборс белгисиндегилер жалкоолонуп же өзүн паникага алдырса анда баары заматта токтоп, иши ордунан жылбай коёт. Анын ийгилиги айланасындагы адамдарды угуп, алар менен баарлаша билүүсүндө.

Коён (1927, 1939, 1951,1963, 1975, 1987, 1999, 2011, 2023)

Өткөн жылда ишке ашпай калган максаттарды ушул жылы аягына чыгарсаңыз болот. Пайда болгон көйгөйлөрдү жеңил жана ийкемдүү чече аласыз. Коёндор өзүнүн алдамчы жумшактыгынын аркасында жеңиштерди так аныктай алышат, анткени керек учурда алар укмуштуудай күч көрсөтүү жөндөмүнө ээ. Кыймылсыз мүлк алуу үчүн акча топтоого, ишкердикте өзүңүз кыялданган кирешеге чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Жетекчиңизден тынбай сый акы алып турган кызматкерлердин арасына кошуласыз. Жалгыз бой коёндордун жашоосунда көптөгөн таанышуулар, романтикалык жолугушуулар жана таарынычтар болот. Негизгиси багындырган жүрөктөрдүн санына эмес, сапатына басым жасасаңыз сиз издеген бакыт көпкө күттүрбөйт.

Балык (ажыдаар) (1928, 1940, 1952, 1964, 1976,1988, 2000, 2012, 2024)

Тайманбастык менен ачык эле окко төшүн тосо алган балыктар бир аз жумшактыкты үйрөнүшү керек. Эмоционалдуу болуп, ашыкча тобокелчиликке барууну, иллюзияда жашоону токтотуңуз. Так максат коюңуз да, ага жетүүгө аракет кылыңыз, орто жолдон токтоп калсаңыз жашооңуздун маңызын жоготосуз. Балыктар бул жылы жумуш ордун алмаштырып, окууга тапшырып, такыр башка адистикте иштей алышат, анткени алардын колунан баары келет. Сүйүүдө чоң сыноолор күтөт, үй-бүлөлүк зомбулук же жакын адамынын психологиялык басымына кабылышы мүмкүн. Каржы маселесинде жыл ортосуна чейин карыз алып жашаса, андан ары каржылык көз карандысыздыкка ээ болот. Бөлүп төлөө жолу менен унаа же үй сатып аласыз.

Жылан (1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Жыргалчылыктын жана молчулуктун жылы. Каржылык абалыңыз туруктуу болуп, анча-мынча ири сатып алууларды жасайсыз. Жеңиш жеңил келбесе да, ар кандай тоскоолдуктардан акылмандыгыңыз менен чыгасыз. Жылдын биринчи жарымында талыкпай иштеп жетекчилигиңизге көрүнүүгө аракет жасайсыз, бирок интрига аралашкан окуялардан да кур калбайсыз. Жеке жашоодо жакшы жакка өзгөрүүлөр күтөт, мурун ажырашкан түгөйлөр кайра чогуу жашоосун улантышат. Ал эми бойдоктордун адамдарды өзүнө тартып турган магнитизми туура иштеп, сүйкүмдүүлүгү менен оңой эле түгөй таап алышат. Бирок көпчүлүк жылан белгисиндегилер карьерасы, жумушундагы ийгиликтери менен алек болуп, жеке мамилени кийинкиге жылдырып коюшат. Жыландар адамдарга жасаган мамилесинде бир аз ийкемдүүрөөк болушу керек, менменсинүү, текеберленүү, ашыкча агрессияны башкалар кечирбеши мүмкүн, мамиле бузулса карьераңызда жана жеке жашооңузда көйгөйлөр көп болот.

Жылкы (1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Алдыңызга бир эле максат коюп, ошого жетем десеңиз сөзсүз ал ишке ашат. Бирок, каалоолоруңуздун бирин тандай албай, чачырап калбашыңыз керек. Балык жылы жөн эле ийгиликти кармата бербейт, көп сыноолор, тоскоолдуктардан өтүп, тер төгүп иштешиңиз зарыл. Жыл бою адамдардын көңүл борборунда болосуз. Ишкердик баштагандар чоң акчаларды жүгүртө алышат. Ошондой эле атактуу болууну каалагандар ири окуялардын баш каарманына айланып, атын тааныта алышат. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу жашооңуз тынч жана жай өтөт. Жан дүйнө тынчтыгы орун алат. Жылкы белгисиндегилер ар бир баштаган иштен материалдык пайда тапкысы келет, бирок бардык нерсени акчага байлаган баалуулуктарыңызды бул жылы өзгөрткөнгө туура келет. Тескерисинче бекер жардам берип, кайрымдуулук жасаганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүү жубайлар негативдүү ойлордон алыс болушса баары жакшы болот.

Кой (1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)

Каржы маселесинде көйгөй жаралбайт, бирок чоң пайданы да күтпөңүз. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүп жатканыңызда көрө албагандар сизди жардан түрткөнгө аракет кылышат. Душмандарды өзүңүздөн алыс кармабай, тескерисинче  ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбоо үчүн жаныңызда алып жүрүңүз. Жеке жашоодо бактылуу болгуңуз келсе сүйүктүүңүз менен акылдашып, кеңешип иш кылышыңыз керек. Бирок өзүмчүлдүгүңүздүн айынан түгөйүңүз менен көп таарынычтар болот. Сүйүктүүңүз менен бир нече айлар бою таарынышып кайра табышып жүрүп отурасыз. Күз айлары кошумча бизнес ачууга абдан ыңгайлуу мезгил, өнөктөштөр менен иштешүү жолун туура нукта алып кетесиз. Карьера менен жеке жашооңузду тең салмакта кармап туруу кажет, тараза ташы бир тарапка ооп кетсе экинчиси зыян тартып калат. Ошондой эле туугандык мамилелерди бекемдөө зарыл, сиз оор кырдаалга туш болгондо дал ошол жакындарыңыздан жардам күтсөңүз болот.

Маймыл (1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)

Чоң ийгиликтер сизге кучагын ачат. Жакындарыңыздын колдоосу менен чыгармачылыкта бийик секириктерди жасайыз. Ачылбаган таланттарыңыз, жөндөмдөрүңүз ачылат. Балык жылы сизге өтө берешен болот, андан каалаганыңызды сурасаңыз болот. Билим алып, жаңы кесип тандап, жаңы нерселерди үйрөнө аласыз. Өзүңүздүн инсандык сапаттарыңызды бекемдеп, бизнесте жана чөйрөңүз менен мамиле түзүүдө тоскоолдук кылган нерселерден арылууга тийишсиз. Саякаттарыңыз ар кандай укмуштуу окуялар менен коштолот. Баамчыл жана демилгелүү болсоңуз бардык окуяларды өзүңүздүн пайдаңызга иштете аласыз. Оюңузда жана ишиңизде тартип болушу зарыл. Жалкоолугуңузду  жеңе алсаңыз бат эле карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Маймылдар жыл ээси болгон балык менен жакшы тил табышат, ошондуктан 2024-жыл бою ал өзүн абдан жакшы сезип, иштерин уюштуруп, коомдук жашоону активдүү алып барат.

Тоок (1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Жаз айы ийгилик жана береке сиз тарапта болот. Бизнесте өзүңүздү сууда сүзгөн балыктай эркин сезесиз. Ишкердикти жөндөп кетүү бул жылда сиз үчүн приоритет болушу керек. Жашооңузда сезилерлик өзгөрүү байкалат, жер которуп башка өлкөгө көчүшүңүз мүмкүн. Үй-бүлөлүк жашооңуз туруктуу болуп, үйүңүздө толуктоо күтүлөт, эгиз балдар жарыкка келиши мүмкүн. Тобокелчиликке баруудан коркпоңуз, ири жеңиштердин артында чоң эрдик турарын унутпаңыз. Тырышчаактыгыңыздын артынан каржылык абалыңызды жакшыртасыз. Жалгыздар жылдын экинчи жарымында сүйүктүүсүн жолуктурушат, ал адам менен узакка мамиле курасызбы же кыска мөөнөткөбү, баары сизден көз каранды болот.

Ит (1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

Ишенимдүү жана эмгекчил ит жылындагылар үчүн балык жылы тынч өтөт. Жыргалчылыгы, материалдык ийгилиги өзүнүн аракетинен көз каранды. Шашпастан, ашыкча күч жумшабастан, ызы-чуусу жок эле бизнесте, жеке мамилелерде чоң бийиктиктерге жете алышат. Каржы булагы бир топ өсүп, жылдын акырына чейин ал топтогон каражатын кошумча бизнес ачууга жумшаса болот. Атаандаштарды артка калтырып чемпион болосуз. Жеке жашоодо тил табыша албай жүргөн жакын адамыңыз менен мамилеңизди жолго саласыз. Ит жылындагылардын жеке жашоосу бир нукта болсо эмгекчилдик дарамети да ошончолук өсөт. Жалгыздар түгөйүн таап, көпкө создуктурбай турмуш курушса болот. Бул жылы түптөлгөн үй-бүлөлөрдүн никеси бекем болот. Дайыма оптимисттик маанайда жүрүңүз, майда-барат көйгөйлөрдү жеринде чечиңиз. Анткени сиздин маанай бир үй-бүлөдөгү аба ырайды өзгөртүп коюшу мүмкүн.

Доңуз (1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Көп ийгиликке жетесиз, эмгегиңизди тарттырып жибербөө үчүн күрөшөсүз. Анткени айланаңыздагы абийирсиз адамдар сиздин жетишкендиктериңизди өзүнүн жетишкендигиндей көрсөткөнгө аракет кылышат. Доңуз жылындагыларга иштин туура багытын аныктоо зарыл, болбосо кылган аракетиңизден майнап чыкпай кыйнала бересиз. Изденүүгө көп убакыт коротосуз. Материалдык абалыңыз туруктуу болуп, жай айларында каржыңыз көбөйөт. Жеке жашоодо мурунку кетирген каталарыңыздан сабак албасаңыз, аны кайра кайталоо коркунучу бар. Түгөйүңүз менен мамилеңизди жылдын экинчи жарымында бекемдейсиз. Күз айларында ден соолугуңузда көйгөй болот, туура тамактанып, дени сак жашоо образын алып жүрүүгө аракет кылыңыз.

 Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан