Амантур Жумаев, мушкер: “БУЛ БАШТАЛЫШЫ ГАНА. ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛУУ НИЕТИМ БАР”

Кыргыз бокс дүйнөсүндө жакында эле жаңы тарых жаралды. Алгачкылардан болуп өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиону аталган Амантур Жумаев учурда болгону 10-класстын окуучусу. Бир ай аралыгы Азия жана Дүйнө биринчилигин багындырган Амантур Жумаев жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшен Сабатаров менен баарлаштык.

 Каарман тууралуу:

Туулган жылы – 2007-жыл, 27-август

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 54 килограмм

Билими – Караколдогу Ленин атындагы мектептин 10-классынын окуучусу

Жетишкендиктери – 4 жолку Кыргыз Республикасынын чемпиону, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азия жана Дүйнө чемпиону

– Салам, Амантур, бир ай аралыгы Азия жана Дүйнө чемпиону болдуң, жеңишиң менен куттуктайбыз. Өспүрүмдөр арасындагы алгачкы Дүйнө чемпиону болуп тарых жараттың? Сезимдериң менен бөлүшө кетсең. 

– Чоң рахмат. Ооба, алгач Азия чемпиондугуна барып чемпион болдум. Ага улай эле Дүйнө чемпиону болдум. Булардын алдында көптөгөн машыгуу жыйындарын өттүк, көп эмгек кылдык. Ошол жакта кыргыздын гимни ырдалып, желеги желбиреп жатканда абдан кубандым. Өспүрүмдөр арасындагы алгачкы Дүйнө чемпиондугунда алгачкылардан болуп алтын медалды алып келип өлкө капчыгына салганыма, атыбыз тарыхка жазылып калганына кубанычтамын. Жеңиштен кийин жакындарым жана көп адамдар телефон чалып куттукташты. Бирге машыккан байкелер түз эфирден көрүп колдоп жатканын билдирип турушту. Келгенибизде апам кубанычтан көзүнө жаш алды. Мунун аркасында менин жана машыктыруучуларым Бейшен, Адилет Сабатаровдордун көптөгөн эмгеги бар. Алар болбосо мен бул ийгиликтерди жарата албайт элем, чексиз ыраазымын. Бул эми башталышы, баары алдыда. Олимпиада чемпиону болуу ниетим бар.

– Жеңишиң да өзүңө болгон ишеничти бекемдеп койсо керек...

– Ооба, биздин баштапкы кадамдарыбыз да. Бул ийгилигим өзүмө дагы чоң мотивация болду. Эми иштей турган көптөгөн каталарыбыз бар, машыктыруучуларыбыз менен алардын үстүнөн иштеп, дагы да жакшы жыйынтыктарга жетүүгө күчүбүздү жумшай беребиз. 

  – Эки чемпиондукту чукул аралыкта өткөрдүң, кандай оорчулуктар болду?

– Катары менен көбүрөөк жол жүрүп калганыбыз эле болбосо башка кыйынчылык болгон жок. Чемпиондуктардын жүрүшүн айта турган болсом, атаандаштарым абдан күчтүү мушкерлер болушту. Өзүмө Азия чемпиондугуна караганда Дүйнө чемаиондугу жеңил өткөндөй сезилди. Себеби биринчи жолу Азия чемпиондугуна барып чоң рингге биринчи чыгып көргөндүктөнбү, эмнегедир оор сезилген. Финалда беттешкен казак мушкерине буга чейин эки ирет утулуп  калгам. Ал эми Азия чемпиондугунда аны жеңип алдым.

– Негизи эле спортко кантип келип калдың?

– Бокс менен 2-классымдан бери машыгып келем. Ага чейин дзюдого барып жүрчүмүн. Бир жылдан кийин көңүлүм калдыбы, айтор, машыгууну уланткым келбей калды. Бокс жөнүндө тартылган көптөгөн тасмаларды көрдүм. Ошолордун аркасында менде бокско болгон кызыгуу ойгонду. Мен дагы бокс менен алектенип, ушул жолдо кетким келди. Апама бокс менен машыккым келип жатканын айсам, өзү бокс залына жетелеп алып барып, Бейшен агайга тапшырган. 

– Окуу менен спортту кантип айкалыштырып келе жатасың? Спортко көңүл буруп, окууң артта калган жокпу?

– Жумасына 6 күн машыгуу өткөрөбүз. Эртең менен окууга, келип тамактанып алып машыгуу залына барабыз. Окуумду калтырып койдум дегенден алысмын. Бейшен агай бизди “билимдүү болбосоң эч качан мыкты спортчу боло албайсың, окууну эч качан калтырбагыла” деп көзөмөлдөп турат.

– Амантур, сага ушул суроону бергим келип турат. Учурда өлкө желегин өзгөртөбүз деп турушат, буга көз карашың кандай болду?

– Чынын айтсам, желектин өзгөрүшүнө аябай капа болдум. Биздин желек абдан жакшы. Ата-бабаларыбыз ушул туу үчүн жанын берип келген. Аны ушинтип оңой эле өзгөртүп коёбуз деп тургандарына ичим күйүп турат. 

Бейшен Сабатаров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу: “Ийгиликтин баарына талыкпаган эмгегибиздин аркасында жеттик”

– Саламатсызбы? Ийгилигиңиздер менен куттуктайбыз. Дүйнө чемпиондугу тууралуу кеп салсаңыз?

– Саламатсыздарбы? Биз Ереванда өткөн Дүйнө чемпиондугунан 4-декабрда келдик. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 6 бала алып баргам. Чемпиондукка жалпы 58 өлкө катышты. Амантур чемпион болду, Дилербек Садиров коло байгеге ээ болду. Чүчү кулак бизге оор түшүп калды. Алгач Өзбекстанга туш болдук. Анткени бокс сүйүүчүлөр арасында Өзбекстан дүйнөлүк командалык рейтингде 2-орунда турат. Өзбек мушкерин 4:1 эсебинде уттук. Өтө оор беттеш болду. Андан соң германиялык мушкерди мөөнөтүнөн мурун накаут менен жеңдик. Үчүнчү айлампада Орусиянын чемпионун жеңсе, төртүнчү польшалык Европа чемпиондугунун коло медалчысын утту. Бешинчи беттеште армениялык жергиликтүү мушкер менен беттешип, 5:0 эсебинде утуп, Амантур уулубуз Дүйнө чемпиону болду.

– Амантур тууралуу айтсаңыз, спорттук жөндөмү, умтулуусу кандай?

– Амантур бизге 2-классында келген, кичинекей, илбериңки бала болчу. Мүнөзү абдан жакшы, ак көңүл, ички дүйнөсү таза, өтө эмгекчил. Спортчуда өзү 2 пайыз талант болсо, 98 пайыз эмгек керек. Кудайым буюрса, 4 жолу өлкө чемпиондугун утту. Көптөгөн мелдештерди утту, буйрук менен быйыл Азия жана Дүйнө чемпиону болду. Ийгиликтин баарына талыкпаган эмгегибиздин аркасында жеттик. Ушундай эмгектене берсек, Кудай буюрса, кыргыз желегин дагы да көп желбирете турган жигит.

– Агай, машыктыруучу болуп келе жатканыңызга канча жылдын жүзү болду?

– Биз Караколдо турабыз. Машыктыруучулук менен алектенип келе жатканыма 40 жылдын жүзү болот. 1994-жылдан бери бокс боюнча курама командага билгенимди үйрөтүп келе жатам. Касым Тыныстанов атындагы университеттин ардактуу профессорумун. Азыркы тапта мен жалгыз эмгек кылган жокмун, жанымда уулум бар, Адилет Сабатаров экөөбүз 17 жылдан бери машыктыруучулук ишти чогуу алып барып келебиз. Каракол шаарындагы машыгуу залдарынын курулушуна салымым чоң. 1984-жылы мен Кароколго келгенде бир дагы бокс залы жок эле. Жараксыз калган имараттарды оңдоп 2 зал курдук. Буга чейин ССРдин 3 спорт чебери, Эл аралык класстагы 4, Кыргыз өлкөсүнүн 9 спорт чебери жана көптөгөн мелдештердин жеңүүчүлөрү чыкты. Бул жылы да биздин команда үчүн ийгиликтүү чоң мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтө алдык. Учурда бокс залыбызда 70-80 бала машыгат.  Тилегибиз, ушул балдарды кыргыз элине кызмат кылган спортчу, мыкты инсан кылып чыгаруу.

– Маек үчүн рахмат, ийгиликтерди каалайбыз!

Динара Акимова  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан