ЭХИНОКОККОЗ – ИТТЕН ЖУГУУЧУ БООРДУН КУРТ ООРУСУ

Эхинококкоз оорусу Кыргызстанда 2012-жылга салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөн. Убагында дарыланбаса операция ыкмасы менен гана айыгууга болот. Операциядан кийин оорулуулардын 35 пайызында дарттын кабылдашы байкалат, андыктан дарт өлүмгө жеткириши мүмкүн. Аталган оорунун келип чыгышы, дарылоо, алдын алуу жаатында  маалыматты Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын хирургу, медицина илимдеринин доктору Съездбек Айтбаев бермекчи.

 Дартты курттар жаратат

Эхинококкоз –  “эхинококк” аттуу жазы (тасма) курттар жаратуучу оору.  Курттардын узундугу 2-7, жазылыгы 0,5-10 миллиметр. Денеси баштан, моюн жана 3-4 муунактан турат. Алдыңкы муунактары жетиле элек. Ал эми эң арткысы жетилген муунак болот, чоңдугу боюнча денесинин жарымына барабар.  Акыркы муунакта ичинде болжол менен 800-1000ге  жакын жумурткасы бар жатыны жайгашкан.

 Эхинококк жазы курттары  карышкыр, чөө, түлкү,  жапайы ит, ит жана башкалардын ичке ичегисинде мителик кылып жашашат. Жумурткалары жетилгенде акыркы  муунак заң менен кошо үзүлүп түшөт. Муунак жылып жүрүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан, мисалы, иттен түшкөн муунактагы жумурткалар чөп, гүл, бакчадагы кулпунай, петрушка, укроп, жашылчага, андан тышкары  суу, көлчүк, сарай, балдар ойногон аянтчага түшүшү мүмкүн. Иттин жүнүнө көбү жабышып да алат.  Жумурткалары малга чөп, суу аркылуу кирет. Ал эми адамга итти сылап- сыйпоодо, булганган жерге оонаган малды кармалаганда, жүнүн кыркканда, терисин сыйрыганда жугат. Балдар көбүнчө оюн аянтчасынан жуктуруп алышат. Ошентип адам жашылча, көк чөптөрдү жуубай колдонгондо, булганган колун жуубай же чала жууп тамактанганда нан, кашык, тамак менен кошо жумурткалары ичке кирет да, оору жаралат.

 Жумурткалары топуракта 1 жылга чейин жашоо жөндөмдүүлүгүн сактай алат. Жумурткалар ичке киргенден соң ичегиге барып, сырткы кабыгынан ажырайт. Анан ичегинин  капталын тешип чыгып, канга кошулушат да, кан менен жылып жөнөйт.  Кан менен барып кайсы органда кармалып калса, ошол жерде өсүп-жетиле баштайт. Мисалы, боор, өпкө, мээ, өт баштыкчасы. Жүрөк, сөөк, жүлүндө сейрек, боордо көп (ар бир 100 оорулуунун 60-70инде)  кездешет. Анткени боор канды чыпкалоочу орган болгондуктан көбүнчө ошондо кармалып калат. Жумурткалар акырындап личинкага айланат. Дарт ичине суюктук толгон ыйлаакча түрүндө өнүгөт.

  Иттин ичиндеги жетиле элек муунактар да бар эмес беле, алар да кезеги менен акырындап жетилип, мөөнөтү жеткенде заң менен түшүп, чөйрөнү булгаганга өтөт.

 Эхинокококкоз дарты мал көп багылган аймактарда, мисалы Нарын, Алайда көбүрөөк жолугат. Ысык- Көл районунун Темир айылынан 4-класстын окуучусу аталган дарт менен бизге түшкөн. Операцияда ыйлаакчанын өлчөмү 10-12 сантиметр чыкты. Ошол баланын үйүнө барып итин текшерсек дарт иттен да чыккан. 

Оорунун белгилери

Ыйлаакчалар личинкалар чоңоюп, жетилип, көбөйгөн сайын чоңоёт да, коңшу жайгашкан клетка, органдарды кысып, алардын иштешин бузушат. Личинкалар бөлүп чыгаргандары менен организмди уулантып башташат. Ыйлакча 1 жылда 2-3 сантиметрге чейин чоңоёт. Бооргобу, өпкөгөбү, айтор, кайсы органга 1 курт түшсө 1 ыйлаакча, 5 курт түшсө 5 ыйлаакча өсүп чыгат.

 Ыйлаакчанын чоңдугу 40-50 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Боордо нервдер азыраак болгонго оорутуу ыйлаакча чоңоюп, нервди кысып же басып калганда гана билинет.

Оорунун белгилерине төмөнкүлөр кирет:

• Дене таптын көтөрүлүшү

• Шалдыроо, алсыздык, баштын оорушу

• Боордун чоңоюп, салаңдашы

• Иш, ойлоого болгон жөндөмдүүлүктөн төмөндөшү

• Көңүл айлануу, кускунун келиши

• Тамакка табиттин жоголушу, арыктоо

• Эгер боордогу ыйлаакча өт суюктугу агуучу каналчаны кысып, бүтөп калса, анда адамдын денеси саргая баштайт. Себеби өт суюктугун боор иштеп чыгарат жана ал 12 эл ичегиге куюлуп, ашканы өт баштыкчасына чогулат. Өт суюктугунун каналчасы кысылганда , бүтөлгөндө суюктук кайра денеге тарап, саргаят. Көбүнчө көз саргаят, заара кызарат, заң агарат, тери кычышат.

• Илдет өпкөдө жаралса, анда ыйлаакча чоңойгон сайын өпкөнүн ткандары, кан тамырлары, бронхалары кысылып баштайт. Жөтөл, кан түкүрүү, ооруксунуу келип чыгат. Кокус ыйлаакча жарылып кетсе ыйлаакчадагы суюктук бронхаларга толот да адам катуу жөтөлүп, дем ала албай муунат. Мындайда кечиктирбей операция жасоо керектелет.

•   Боордогу ыйлаакча чоңойгондо бейтап бир нерсеге катуу урунса же жыгылса, ыйлакча  жарылып кетет. Денеге кызыл бүдүрчөлөр чыгат. Адам анафилактикалык шокко түшүп калат.

Диагноз

• Кандын жалпы клиникалык, биохимиялык анализи 

• Иммуноферменттик анализ 

•  Ички органдардын УЗИси

• Өпкөнүн флюорографиясы (кокус дарт өпкөдө жокпу деп текшерилет)

• Магниттик-резонанстык томография.

Дарылоо

Консервативдүү дарылоо. Ыйлаакчанын өлчөмү 3-4 сантиметрге чейин болсо дарылап айыктырууга мүмкүн. Дары ичип жүргөндө  ыйлаакча жарылып кетпеши үчүн катуу кыймылдабай, жыгылбай, боор тушка сокку жебей абайлоо зарыл. Дарылоо 6 айдан 1 жылга чейин созулат. Бейтап врачтын көзөмөлүндө болуп, ыйлакча кичирейдиби же жокпу деп УЗИге түшүп турат. 

Дарыларды туура эмес же 1-2 күн ичпей унутса, анда таасири болбойт. Дарылар зайтун майы же майлуу тамак менен  ичилиши зарыл. Анткени эхинококкозго каршы дарылар май менен эрийт.

Эгер ыйлаакчанын көлөмү кичине жана өлчөмү чоңойбой турса, анда жөн гана байкап дары бербей турууга болот.

Хирургиялык ыкма менен дарылоо. Эгер ыйлаакча аппараттын камерасына  көрүнгөдөй болуп чет жакта жайгашкан болсо, анда лапороскопиялык ыкма менен жасалат. Калган учурда ачылып жасалат. Бейтап үйүнө чыккан соң  3-4 курс дары-дармек ичет. Убак-убагы менен УЗИге түшүп, текшерилип турат.

 Дарттын алдын алуу

Эхинококкозго чалдыккан малдарда көбүнчө ыйлаакчалар боорунда, же өпкөсүндө  кездешет. Малды сойгондо таза эмес экен деп аталган органдарды итке ыргытканда оору итке жугат. Анын ордуна аларды өрттөп же терең көөмп салуу зарыл. Итке куртка каршы дарыны 1 жылда 4-6 ирет берүү туура. Оору жукпашы үчүн малдын боорун чала бышырып  жебөө керек. Малды сойгондо, жүнүн кыркканда колду самындап жууш керек. Үйдөгү итти бош коё бербей, балдарды аны кармалабоосуна көз салуу кажет. 1 жылда  2 ирет УЗИге  түшүп боорду, ал эми рентгенге түшүп өпкөнү текшертүүнү унутпаңыз.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан