Наарынбек Сүйүнтбеков, ырчы: «Аруузатымды» кавер ырдап элге таанылгам»

“Мен үчүн өмүр сүрчү, жарыгым”, “Айым, Күнүм” деген ырлардын аткаруучусу, чыгармачылыктын чыйыр жолуна жаңы гана кадамдарды таштаган ырчы мырза Наарынбек Сүйүнтбеков менен тааныштырабыз.

Наарынбек Сүйүнтбеков

Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 3-декабрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары

Бою – 179 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Хоббиси – комуз менен ырдоо

Репертуарындагы ырлары – “Мен үчүн өмүр сүрчү, жарыгым”, “Аруузатым”, “Айым, Күнүм” жана башка.

– Наарынбек мырза, саламатсызбы? Атыңызды сурайынчы биринчи, эмне үчүн Нарын эмес, Наарын?

– Саламатсызбы? Атымды апам койгон. Эмне үчүн мындай экенин сурабаптырмын, бирок ысымым өзүмө жагат.

– Анда окурмандарга Наарынбек Сүйүнтбековду тааныштыралы...

– Мен 1999-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында туулгам. Ушул шаардагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрдүм. 5-класстан 7-класска чейин Токтогулдагы музыкалык мектепте да кошумча окудум. Мектепти бүткөндөн кийин шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшырбай калдым.

– Ырчы болуш үчүн кандай аракеттерди жасап келе жатасыз?

– Мектепте жүргөндө эле коомдук иштерге, сынактарга активдүү катышчумун, ырдачумун, бала кезден эле ырчы болуу кыялым болчу. 2020-жылдан бери социалдык тармактагы баракчам аркылуу белгилүү ырчылардын ырларын кавер ырдап, жүктөп жүрдүм. Анан “Аруузатымды” ырдап жүктөсөм, көпчүлүккө жагып, ал интернетте жакшы тарады. Ошондон баштап анан ырларды жаздырып чыгара баштадым. Ушул жылдын башында Бишкек шаарына келип, досум менен биргеликте студия ачабыз деп аракет кылып жүрдүк. Анын артынан чыгармачыл чөйрөгө аралашып, буюрса, жакшы, акырындан иштеп аракет кылып келе жатабыз.

– Социалдык тармактагы баракчаңызга өзүңүздү “обончу” деп да жазыптырсыз. Обон жазасызбы?

– Обон жазып жүрөм, кээде өзүмө жазам, кээде ырчы досторго жазып калам. А сөзүн көбүнчө акындардыкын алам, кээ бирлерине өзүм да жазгам. Мисалы, “Кереметим” деген ырымдын кайырмасы Бердибек Жамгырчиевдики, калганы өзүмдүкү.

 – Кайсы ырлардын обонун жаздыңыз?

– Ушул, ырчы Нурила ырдап жүргөн “Кереметим” деген ырдын обону мага таандык, ал бул ырды жаңы эле жаздырып чыгарды. Кубаныч Баркалбасовго дагы берген ырым бар, “Оригиналсың” деген чыгарма. Көп ырчыларга бердим, бирок алар азырынча чыгарыша элек. Даярдап жатышат.

– Социалдык тармакта “Элмирбек Иманалиев менен чогуу отуруп, Асанкалый Керимбаевге окшош ырдадың деп колумду кысты эле” деген пост жазыпсыз. Бул качан болгон окуя?

– Бул окуя Токтогулда болгон. Адашпасам, 9-10-классымда Асанкалый Керимбаевдин ырларын ырдоо боюнча сынак болгон. Ал сынакта мен Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттар” ырын аткарып, 2-орунду алгам. Сынак бүткөндөн кийин Элмирбек Иманалив болуп дасторкон үстүндө отурганбыз. Сыйлыктарыбызды ошол жерден тапшырышкан. Ошондо Элмирбек Иманалиев ушинтип айткан.

– Азыр да кавер ырдап чыгарып турасызбы?

– Азыр кавер ырдабай калдым, көбүнчө автордук, жаңы чыгармаларга басым жасап жатам. Ырды тандаганда биринчи текстке маани берем. Андан кийин обонуна. Өтө деле жеңил-желпи ырларды ырдоодон алысмын.

– Кандай музыкалык аспаптарда ойной аласыз?

– Пианинодо бир аз ойнойм. Комузду өз алдымча чертип ырдай алам. Пианинону Токтогулда музыкалык мектепте окуп жүргөндө үйрөнгөм.

– Сиздин оюңузча, азыр ырчы болуш үчүн, сахнадан өз ордун табыш үчүн музыкалык билим керекпи?

– Албетте, керек. Эми менин окубагандыгымдын себеби, бул жакта өзүбүз студия ачабыз, чыгармачылыкка аралашабыз деп жүрүп окуган жокмун. Буюрса, кийинки жылдарда окуганга аракет кылам. Музыкалык билимимди тереңдетип алам деген тилегим бар.

– 24 жашта экенсиз. Үй-бүлө кургансызбы?

– Жо-ок. Үй-бүлө курганга али бизге эрте. Мен үйдүн кичүүсүмүн, 2 жашка улуу акем бар. Акем үйлөнсө анан мага кезек келет. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Ата-энем экөө тең Токтогулдан болот, ошол жакта жашашат. Карапайым эле үй-бүлөдө чоңойгон баламын.

– Анда бойдок жигиттин жүрөгү бошпу?

– Жүрөгү бопбош эле. Чыгармачылыкка басым жасап жаткандан кийин азырынча мага ашыкча эч нерсенин кереги жок деп ойлойм.

– Ашыкча дегенде кандай?

– Эми мамиле куруш үчүн ага дагы убакыт бөлүш керек, кам көрүш керек дегендей. Мамиле куруунун артыкчылыктары да, кемчиликтери да болот го. Учурда 24төмүн, буюрса, 26 жашымда үй-бүлө курам деген жакшы тилегим бар.

– Алдыда дагы кандай максат, кыялдарыңыз бар?

– 7-8 айдан бери казак продюсери менен иштешип жатам. 5 жылга келишим түзгөнбүз. Буюрса, ушул 5 жыл ичинде чыгармачылыктан өз ордумду табам деген үмүттөмүн. Быйыл бир телеканалда “Жылдын мыкты дебюту” наамына талапкер болдум. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Кийинки жылы жакшы чыгармаларды жазып, элдин сынына коёбуз.

– Казак продюсери менен иштешип жатсаңыз, Казакстанга да чыгармачылыгыңызды жайылтып жаткан экенсиз да?

– Ооба, Казакстанга барып жатам. Ал жакта да чакан, кайрымдуулук концерттерине катышып жүрөм.

– 2023-жылдын акыркы айы, декабрь. Ушул жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

– Жогоруда айткандай, борборго ушул жылдын башында келдим. Ага чейин Токтогулда жашап, ошол жакта иштеп жүрдүм. Ага чейин келип-кеткеним эле болбосо, узак турган эмесмин. Жаңы келгенде чөнтөктө бир аз акча болуп анча билинген жок. Анан эле акча түгөнө баштаганда шаар өзүнүкүн көрсөтүп коёт экен. Ошол кезде бир аз кыйналдым, шаарга көнө албай жүрдүм. Ошол күндөр эсимде. 

Жакшы жагынан, Элмирбек Иманалиев агабыздын “Аруузатым” чыгармасын түнү менен кавер кылып жазып, эртең менен Инстаграм баракчама жүктөдүм. Ал ыр дароо эле Тиктоктон жакшы тарап кетти. Бул менин ырларды жаздырып, чыгармачылыкка киришүүмө чоң түрткү берди, абдан кубандым. Бул жылы чоң жетишкендигим ушул болду. Андан сырткары бир аз да болсо чыгармачылыкта жүргөн байкелер, эжелер менен таанышып, аралашып келе жатам. Бул да мен үчүн жетишкендик. Кудай буюрса, Жаңы жылдан баштап бул жылда жетишпей калган жумуштарыбызды чыгарабыз, дагы да көп эмгектене беребиз.

– Бала кезиңизде кандай элеңиз? Тентектик кылчу белеңиз?

– Бала кезимде мен ата-энемдин колунда турган жокмун. Чоң энем жалгыз болгондуктан, 1-класстан 10-класска чейин ага каралашып анын колунда жүрдүм. Өтө тентек деле болгон жокмун. Маршрутум мектеп-үй, үй-мектеп эле болчу. Мектепти деле жакшы окудум. Ата-энем деле ошол шаарда жашашчу.

– Спорт менен доссузбу?

– Мурун мектепте окуп жүргөндө баскетболго барчумун. Андан бери спорт менен машыгып көрбөптүрмүн. Буюрса, алдыда достошом деген максатым бар.

– Досторуңуз көппү?

– Досторум көп, айылда классташ досторум, шаардагы досторум, чыгармачылыктагы досторум, Кудайга шүгүр.

– Алардын баарын чыныгы достор деп ойлойсузбу?

– Албетте, чыныгы досторум деп эсептейм.

– Жакшы, чыгармачылык жолуңуз байсалдуу болсун!

 Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан