ИММУНИТЕТ – ОРГАНИЗМДИН ДЕНЕ САКЧЫСЫ

Дене өзүн сактоо жөндөмдүүлүгүнө ээ

Иммунитет – латын сөзү, бизче “бошонуу” дегенди билдирет. Иммунитеттин бар экендиги тууралуу маалымат биздин заманга чейинки 430-жылга туура келет. Байыркы грек тарыхчысы Фукидид Афины шаарында чума эпидемиясы жүрүп жаткан маалда аталган оору менен ооруп айыккандар жаңыдан ооруп баштагандарды карап, багуу менен ооруга кайра чалдыкпагандарын жазган. Заман, медицинанын өнүгүүсү менен иммунитет окумуштуулар тарабынан изилденип, улам бир ачылыштар болуп  жатат.

Адамдагы иммунитет организмдин сырттан кирген чочун заттарды (бактерия, вирус, козу карын сымалдар, мите жана башка), ошондой эле өзүнүн жарактан чыккан клеткаларын, өзүндө жаралган шишик клеткаларын таануу, жок кылуу жөндөмдүүлүгү. Чоочун заттар менен биринчи ирет бет келишкен соң аларды таанып, эс тутумунда сактап калуу жана кийин алар менен күрөшүү. Башкача айтанда, иммунитеттин милдети – “өз”, “чоочунду” ажыратуу, организмдин бүтүндүгүн, саламаттыгын сактоо.

Иммунитеттин борордук органы – сөөк чучугу, тимус 

Организмде иммунитетти иммундук систем камсыздайт.

Иммундук системдин органдары болуп тамак (алкым) бездери, тимус, лимфа бездери, лимфа кан тамырлары, аппендикс, көк боор, сөөк чучугу, пейер май түйдөкчөлөрү эсептелет.  Булардын ичинен борбордук органы – сөөк чучугу жана тимус. Иммундук системдин негизги клеткалары ушуларда жаралып, өсүп жетилет. 

Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон деп бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинен апасынан өтөт. Кийин пайда болгон түрү эмдөөдөн улам пайда болот.

Иммундук клеткалардын ичинен айрымдары өзгөчө орунда турат. 

“Патруль клеткалар”

Фагоцит клеткалары  “патрулдун” ролун аткарышат. Алар ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында организмди кыдырып, ар бир клетканын “паспортун” текшерип турат. Анткени мүнөт сайын аба, суу, тамак-аш жана теридеги тытылган, чийилген жерлер аркылуу организмге түрдүү чоочун микроб, вирус, козу карын сымалдар кирип турат. Фагоциттер аларды дароо таанып, курчоого алып, анан “жеп, жутуп” коюшат. Ошентип жутулгандар таштандыга айланат. Адагенде таштандыларды өзүндөгү атайын баштыкчаларга – аутофагосомаларга топтошот. Андан кийин контейнерлерге – лизосомага которушат. Ал жерде таштандылар бузулууга туш келет жана кайра иштетилип, клеткалардын жаңырышы үчүн керектүү сырьё жаралат.

 Нейтрофилдер – “ыкчам полициялар”

  Нейтрофилдер – сөөк чучугунда жаралып, убагы жеткенде өлүп, ордуна жаңылары жаралып турат. 1 литр канда алардын саны 2,5-7,5 миллиардга чейин жетет. Булар кандын агымы менен жүрөт. Кокус организмге душман (вирус, микроб жана башкалар) көп кирип кетсе, анда жалпы “тревога” жарыяланат. Нейтрофилдер кайсы органда сезгенүү болсо алгачкылардан болуп жетип, сезгенүүнү жараткандарды жок кылууга киришишет. Мисалы, кайсы жер ириңдесе ириң менен кошо  “душман менен күрөшүүдө өлгөн” өңү ак нейтрофилдер да кошо чыгат.

 Табигый киллерлер

Организмдин сакчылыгында “табигый киллерлер” (NK) аталган клеткалардын да орду эбегейсиз. Аларды сөөк чучугу, лимфа бездери, көк боор, тамак бездери, тимус иштеп чыгарып, канга кошуп турушат. Кандын агымында, боор жана жатында алардын саны көп.

Табигый киллерлердин милдети, сырттан кирген чочундарды эмес, организмдин өзүнүн вирус, бактерия, козу карын сымалдар жуккан  клеткаларын өлтүрүп, жок кылуу. Андай клеткалардан улам инфекциянын очогунун түптөлүшүнө жол бербөө. Инфекциянын алгачкы стадиясында иммундук систем киллер клеткаларды көбөйүүгө буйрук берет.  Анан алар вирус, бактерия, козу карын сымалдар жуккан клеткаларды өлтүрүүгө чабуулун башташат. Табигый киллерлер жаралып жаткан рак клеткаларын да өлтүрө алуулары мүмкүн. Изилдөөлөр алардын боордун фиброз оорусун өнүктүрбөй турууга да салым кошорун айтышат.

 Пейер май түйдөкчөлөрү 

Аталгандар ичке ичегинин төмөн жагында жана аппендиксте кездешчү иммундук ткандар. Сыртынан караганда лимфа бездеринин түйүндөрү катары көрүнөт. Май түйдөкчөлөрүндөгү М-клеткалар оору жаратуучу бактерияларды кармап, жутушат. Аталган клеткалар ичегидеги пайдалуу бактериялардын 200дөй түрү менен дос. Биригип сырттан кирген душмандар менен чогуу күрөшөт.

Иммундук клеткалардын жаңылыштыгы

Кээде биздин организмде баш-аламандык жаралат. Анткени ар бир орган жана клеткалар улам жаңырып турат. Бул үчүн резервдеги клеткалар дамамат бөлүнүп турууга аргасыз. Андыктан дал ушул бөлүнүү учурунда жаңы клетканы иммундук клеткалар тааныбай кармап алышат. Мындай катачылыкты дарыны көп ичүү, радиация, күнгө көп күйүү сыяктуулар көбөйтүп жебериши ыктымал.

 Катачылыктын айынан клетка өлүшү же залалдуу клеткага айлана баштоосу мүмкүн. Кийинки “текшерүүдө” залалдуу шишикке айлана баштаган клетка жок кылынат. Ал эми катачылыктан кармалгандары боштондукка чыгарылат.

Кээде иммундук клеткалар ким өз, ким чоочун экенин ажырата албай калышат. Ушундан улам нормалдуу клеткалар да жат деп эсептелинип, жок кылына башталат. Бул процесс “аутоиммундук патология” деп аталат да аутоиммундук оорулар (ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, псориаз жана башкалар) жаралат.

Иммундук клеткалардын иши бузулганда организмге кирген үйдүн чаңы, тамак-аш азыктары же дары-дармектер күтүлбөгөн жерден чоочун заттар болуп эсептелинет да, аларга аллергия жаралып, өнөкөткө өтөт.

Кээде организмге кирген инфекция менен күрөшүүдө иммундук систем убагында жок кылууга жетишпей калат. Ошентип оорунун очогу болгон жерде иммундук клеткалар менен “душмандардын” кагылышы жүрүп, ал жер сезгенет, оору жаралат.

Иммунитет адамдын ысыкка, суукка, радиацияга жана башка терс таасирлерге каршы турушун да камсыз кылат. Иммунитет төмөндөп кетсе анда организмге кирген вирус, бактерия, козу карын сымалдар, мителер жашап кетет да, көбөйө башташат. Оорулар жаралып, адам кыйналат. Андыктан иммунитеттин жогору болушуна кам көрүү зарыл.

Иммунитеттин төмөндөшүнүн белгилери

1-этаптагы белгилери – бат чарчоо, уйкусурап жүрүү же уйкусуздук, баш оору, булчуң, муундардын жанчылгандай оорушу

2-этаптагы белгилери – өнөкөт мурун бүтүү (ринит), учук, сасык тумоого бат-бат кезигүү

3-этап – өнөкөт оорулардын көбөйүшү, кабылдашы.

 Иммунитетти көтөрүү жолдору

•Организмди чыңдоо, спорт менен алектенүү

•Туура тамактануу жана жашылча, жемиш, кургатылган как, ит мурун, жаңгак, брокколи, балык, түстүү капустаны көбүрөөк колдонуу

•Стресске чалдыкпоого аракет кылуу, чалдыкканда чыгуу жолдорун билүү

•Жаман адаттардан арылуу (тамекини, ичкиликти таштоо)

•Ооруганда дароо дарылануу

•Иммунологдун кеңешине кайрылуу жана башкалар

 Канымжан Усупбекова

 

-

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан