ТКТРнын президенти Эрсин Татар түрк дүйнөсүнүн жүрөгү жана алтын көпүрөсү – “Манас” университетинде

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” аттуу конференция Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилиги астында Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, ЭкоЕвразия фондунун жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биргелешкен уюштуруусунда өткөрүлдү.

 Конференциянын ачылыш аземине Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин төрагасы Эрсин Татар, Түркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары, доцент Зафер Демиржан, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы, Мекемелер аралык байланыш куруу боюнча башкы координатор, доцент Иляс Демиржи, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, өнөр жай тармагынын өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору Бактыгүл Каламбекова буларга токтолду:

– Кыргызстан энергетиканы өнүктүрүү жаатында бай дараметке ээ. Биздин тоолор бүтүндөй Борбордук Азиянын суу алгыч мунараларын, ал эми мөңгүлөрүбүз тузсуз, таза суулардын булагын, дарыялар менен көлдөрүбүз турмуш-тиричиликтин бирден бир шарты. Эгемендиктин шарттарында өлкөнүн ирригациялык мүкүнчүлүктөрү энергетикалык муктаждыктарга орун бошотуп бергендей абал түзүлдү. Ошондон улам дүйнөнүн башкы өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, колдонуу иши көңүл борборунда турат.

Теңир-Тоонун тоолорунда тарых жазылууда

Андан соң трибунага ректор, профессор Алпаслан Жейлан чыкты. “Бүгүн биз Теңир-Тоонун тоолорунда тарых жазып жатабыз. Сиздер да бул тарыхый учурларга күбө болуп жатасыздар”,- деп баштаган ректор Жейлан, Теңир-Тоонун этегинде чогулган катышуучуларга бул тарыхый учурдун маанилүүлүгүнөн сөз кылып, 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. “Манас” эпосу биздин ар-намысыбыз, кадырыбыз” деген ректор Жейлан жаш манасчы Ажыбекти сахнага чакырды. “Манас” эпосунан үзүндү айткан жаш манасчы залда жүрөктөрдү титиретти.

 Тарыхка из калтырган жолугушуу

Түрк мамлекеттери менен тектеш коомчулуктардын ортосундагы маданий тилектештикти жана кызматташтыкты колдоо максатында уюштурулган конференциянын маанисин баса белгилеп сөзүн баштаган Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы, Мекемелер аралык байланыш куруу боюнча башкы координатор, доцент Иляс Демиржи “Тилде, пикирде, иште биримдик!” урааны менен иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын айтты. Ильяс Демиржи Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы инженерия, архитектура жана шаар куруу тармактарындагы кызматташтык протоколдорунун жана эл аралык иш-чаралардын маанисине басым жасады.

Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары, доцент Зафер Демиржан өз сөзүндө буларга токтолду:

– Энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык конференциясы боордош эки өлкө үчүн энергетика тармагындагы кызматташуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот деп ишенем. Дүйнөдө учурда, энергия өзгөртүү жана трансформация бар. Мындай мезгилде биз биримдикте болууга муктаждыгыбыз бар.

 Көңүл байланыштары аркылуу түзүлгөн биримдик

Президент Эрсин Татар Кыргызстанда болгонуна кубанычын билдирди: “Бүгүн тарыхый күн, мени чоң толкундануу менен тосуп алган Ата Журтубуз Кыргызстанда, Теңир-Тоонун этегинде сиздер менен жолугушканыма кубанычтамын. Бул жолугушууну уюштурган жана тосуп алгандарга ыраазычылык билдирем”.

Эрсин Татар Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, “2022-жылдын 11-ноябрында Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу мүчө болуп кабыл алынышыбызда анын колдоосу чоң”,- деди жана салам айтты. Ошондой эле КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын достук тобунун төрагасы Дастан Жумабековго жана башка маанилүү инсандарга да ыраазычылык билдирди.

Президент Эрсин Татар Түркия Республикасынын түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана кызматташуу процессине кошкон салымын жана колдоосун, ошондой эле Кипр маселесиндеги күчтүү колдоосун баса белгиледи. Кипр окуясынын пайда болушу жана өнүгүшү тууралуу маалымат берген президент Эрсин Татар 1974-жылы 20-июлдагы Кипр Тынчтык операциясынын Кипр түрктөрүнүн бар болуу күрөшүндөгү орду жана маанисине токтолуп, “Түндүктө көз карандысыз, эгемен жана эркин Түркия Республикасы жашаганды уланта берет” деди.

 ТКТР Президенти Эрсин Татарга “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сенатосунун 02.11.2023 датасындагы №14 отурумунун 2023-14.75 чечими менен;

 Кипр түрк элинин укук, мыйзам, теңдик жана эркиндик үчүн күрөшүн ар бир платформада кайраттуу жана күчтүү түрдө коргоо,

 Кипр аралында “эки мамлекеттин эгемендүү тең укуктуулугу” принцибинде адилеттүү жана тең укуктуу чечимге жетишүү үчүн кылган аракеттери,

 Бардык маселелерде болгондой Көк Мекен темасында да Түркия Республикасы менен биргелешип иш-аракет жүргүзүү,

 Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынуу процессиндеги унутулгус аракеттери,

 Кыргыз Республикасы менен жогорку билим берүү, социалдык, маданий жана туристтик иш-чаралардын алкагында кызматташтыкты арттыруу демилгелерине колдоо көрсөтүү менен Теңир-Тоонун тоолорунан Башпармак тоолоруна чейин тараган боордоштук көпүрөсүнүн күн сайын дагы да бекемделишин камсыздоо аракеттери,

Университетибиздин да максаты болгон түрк дүйнөсүнүн элдеринин бири-бирин жакындан таануусуна жана түркчүлүк аң-сезимине чын жүрөктөн кошкон салымы үчүн

ТКТРнын Президенти Эрсин Татарга саясий илимдер тармагындагы “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды

Президент Эрсин Татарга мантияны “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кийгизди. "Ардактуу доктор" дипломун болсо биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова тапшырды.

 Ректор Жейланга “Кызыл алма”

Түрк тарыхына, маданиятына кошкон салымы жана илимий эмгектери үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдиги тарабынан түрк биримдигин куруу идеалын билдирген “Кызыл алма” сыйлыгы тапшырылды.

Ачылыш аземи белек тапшыруу жана “Манас” университетинин ректоратында эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

Түрк дүйнөсүнүн жүрөгүндө Besparmak cadiri ачылды

Ачылыш аземинен кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана мамлекеттик чиновниктердин катышуусунда ветеринария факультетинде паразитология лабораториясынын жана Бешбармак чатырынын ачылышы болуп өттү.

Андан соң Эрсин Татар “Манас” телеканалында атайын репортаж берип, анда кипр элинин башынан өткөн оор күндөр тууралуу сөз кылып, бул күндөргө келүүсүнө Түрк мамлекеттери уюмунун түрк мамлекеттери үчүн тарыхый, социалдык жана экономикалык маанисине токтолду.

ТКТРнын Президенти Эрсин Татар ректор Жейлан, окутуучулар жана студенттер менен бирге Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста жаңы курулган Республика көчөсүндө сейилдеди.

 Түрк дүйнөсүнүн изинде маанилүү отурумдар

 “Манас” университетинде өткөрүлгөн конференциянын ачылыш сөзүнөн кийин түрк дүйнөсүнүн улуу адамдары катышкан сессиялар менен көңүлдөрдү бурду. “Манас”, “Коркут Ата”, “Чыңгыз Айтматов”, “Махмуд Кашгари”, “Саякбай Каралаев”, “Юсуф Хас Хажиб” жана “Курманжан Датка” сыяктуу кайталангыс инсандардын ысымын алып жүргөн отурумдар терең маселелер талкууланган жолугушуу чөйрөсүн түздү.

Отурумдарда Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жана тилектештик мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тарыхый жолугушуу өтмүштөн келген баалуулуктар менен бекемделген келечекти куруу каалоосуна толгон атмосфера жаратты.

Конференцияда мамлекеттик аткаминерлер, окумуштуулар, өнөр жайдын өкүлдөрү жана жарандык коомдун лидерлери эл аралык кызматташтык үчүн баалуу докладдарды сунуштап, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Расмий мекемелердин башчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан