ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-декабрдан 24-декабрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптада жаңы кирешелүү жумушка орношуп же кошумча кыска мөөнөттүү ишкердик кылып материалдык абалыңызды жакшыртып аласыз. Жумушта оор кырдаалды көзөмөлдөөгө көп энергияңызды сарптайсыз. Өтө чарчаганыңыздан улам келечектүү сунуштардан убактылуу баш тартканга туура келет. Сүйүүдө жолдуу болосуз, мурун мамиле курган адамыңыз менен табышып, кайра мамилеңерди жаңыртышыңыз мүмкүн. Кече, той-юбилейлерге чакыруулардан баш тартпаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Чакырылган жерге кечигип баруу сиз тууралуу башкаларда жагымсыз таасир калтырат, андыктан жоопкерчиликтүү болуңуз. Анан да ортомчу болом же конфликтти жөнгө салам деген ниетиңизди таш каап, кайра өзүңүз күнөөлүү болуп каласыз. Жашооңузда бир нерсени өзгөртүүдөн мурун, жакшы жана жаман жактарыңызды таразалап көрүңүз. Апта аягында болгон иш сапар сиз үчүн жаңы перспективаларды ачууну убада кылат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Фантазияларыңыз дээрлик ишке ашып, кыялдар орундала баштайт. Азыр шашылыш кадамга барып, ашыкча ызы-чуу жаратуудан карманып туруңуз, өз убактысын күтүү жана сабырдуулук менен укмуштуудай натыйжаларга жете аласыз. Жалгыз бой эгиздер жеке жашосунда сюрприздерди күтсө болот. Үй-бүлөлүү эгиздер каржы маселесин башкы планга койбогону жакшы. Көңүлүңүздөгүдөй болбой калган окуяга эле депрессия боло берсеңиз оорукчан болуп каласыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Чечкиндүүлүгүңүз жана активдүүлүгүңүз көпчүлүк пландарыңыздын ишке ашуусуна шарт түзөт. Аптанын эң маанилүү милдеттеринин бири – бизнес гана эмес, жеке байланыштарды да жөнгө салуу. Өнөктөштөрүңүздүн аракеттерин колдоо үчүн сизде жетиштүү энергия бар. Кесиптештериңиз менен мамилени түздөңүз, түшүнүшүү жолу менен компромисс тапса болот. Узак аралыкка саякатка чыксаңыз болот. Жеке жашоодо жакын адамдарыңыздан негизсиз дооматтарды угушуңуз мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Аптада өзүңүздүн жана коомдук кызыкчылыктарды тең салмактап алышыңыз керек болот. Чөйрөңүздү кеңейтиңиз, ал сизге жаңы перспективаларды ачат. Жумушта дипломатия, токтоолук сыяктуу сапаттарыңыз чоң чырга айланган окуяны жөнгө салганга жардам берет. Сүйүүдө түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Андыктан сезимдериңиз күчтүү болсо сүйүктүүңүзгө көбүрөөк эркиндик беришиңиз керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул жума сиздин бардык ички комплекстериңизди ачык көрсөтө алат. Толугу менен кайдыгерлик сезими каптап кетүү коркунучу бар, иллюзия дүйнөсүндө жашап калбайын десеңиз достор менен көбүрөөк жолугуп, кызыктуу темаларды талкуулаганыңыз жакшы. Жеке мамиледе жакын адамыңыздын жылуу сөздөрү, камкордугу өзгөчө бактылуу кылат. Ишкердик менен алектенген бийкечтер чоң акчаны товар жүгүртүүгө салбай турганы жакшы.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Каалооңузду ишке ашырууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал. Жана ал чоң долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр адамдар көп болот. Алдыга койгон пландарыңыз тууралуу эч ким менен ачык сүйлөшпөңүз. Жумуштагы чарчоо ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет. Сүйүүдө сизди кумарлуу жолугушуу күтөт. Карыздарыңыз болсо эртерээк кутулуп, ишти сотко жеткирбей бүтүргөнгө аракет кылыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жүрөк түпкүрүндө жаткан кыялдарыңызды ишке ашырууга шашылыңыз, анткени сиздин алдыңызда чоң келечек ачылууда. Аптадагы жолугушуулар жана жаңы таанышуулар жемиштүү болот. Келечектеги карьераңызды түптөп алууга мүмкүнчүлүк ачылат. Каржы маселесине так болуңуз. Эс алуу жана жеке жашооңуз тууралуу да унутпаңыз, сүйүктүүңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Үй-бүлөдө тынчтык жана гармония өкүм сүрөт.

ЖААЧЫ   
(23.11–21.12)

Чынында эмне кылып жатканыңызды түшүнүү сизге кыйын болот. Ички карама-каршылык күчтүү болуп, акылыңыз менен жүрөгүңүз тирешет. Башкысы ката кетиргенден сак болуңуз, эгер ката кетирсеңиз ал кечирилгис болот. Жеке жашооңузда сүйүктүүңүздү ашыкча башкара бергениңиз ага гана эмес, сиздин жакындарыңызга да жакпай баштайт. Андыктан өзүңүздүн үстүңүздөн иштегениңиз туура.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Пландаган нерселериңиз толугу менен өзгөрүп буга чейинки түзүлгөн тизмеңизди кайра карап чыгууга туура келет. Каржылык көйгөйлөрүңүздү үй-бүлө мүчөлөрүнө жана досторуңузга айтуу туура эмес. Жакшысы, өз алдынча чечкенге аракет кылыңыз. Алдамчылыктан жана азгыруудан алыс болуңуз. Ишембиде үйүңүздү иреттеп, ашыкча таштандылардан арылуу сунушталат.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Апта сиз үчүн таасирдүү окуяларга бай болот. Имиджиңизди өзгөртүү үчүн ыңгайлуу учур, айланаңыздагылар муну туура баалайт. Тамашакөйлүгүңүз жана сүйкүмдүүлүгүңүз көптөгөн иштерди бүтүрүүдө таасирин тийгизет. Акылыңызга түрдүү идеялар келип, ал тапкычтыгыңыз чоң гонорар менен бааланат. Жаңы жумушка орношууну каалап жаткандардын тилеги орундалат. Бир шылтоо менен эки ишти ийгиликтүү бүтүрө аласыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03

Чоң тандоо алдында турасыз, алтынчы туюмуңузду уксаңыз жаңылбайсыз. Нааразычылыктарды жараткан олуттуу үй-бүлөлүк маселени чечесиз. Күнүмдүк жай-баракат турмушуңуздун тынчтыгы бузулуп, кайсы бир окуяга катуу кабатыр болосуз. Бирок бул абал көпкө созулбайт, сыноолордун артында сөзсүз жакшы күндөр келерин унутпаңыз. Жумушта команда менен иштөө жалгыз иштегенге караганда алда канча көп ийгилик алып келет.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан