2024-жыл кандай жыл болот?


Кезектеги 12 ай сапарын карытып, 2024-жылдын оозунда турабыз. “Келе жаткан жыл кандай болот? Илим, табият кубулуштары кандай белги берип жатат?” деген суроолорго жооп издедик. 2023-жылга карата адистердин көпчүлүк божомолдору туура чыкканын жыл далилдеди. Анда 2024-жылга карата божомолдор менен таанышып алалы.

Жанар Кадыралиев, астролог: “Жылдын экинчи жарымында саясий чыңалуулар башталат”

– 2024-жылды ажыдаар башкарат, бирок кыргыздар ажыдаар деп айткандан чочулап, балык жылы же улуу жыл деп коюшкан. Кыргызстандын жарандарына бардык максат, ой-кыялдарын жылдын биринчи жарымында ишке ашырып алгыла деп кеңеш берет элем. Кышкыга көмүр, отун камдоо, азык-түлүк, каржылык маселелердин баарын июль айына чейин чечип алышканы жакшы. Анткени июль, август айларынан тарта өлкөдө саясий, экономикалык чыңалуулар башталышы мүмкүн. Адамдардын жеке жашоосундагы көйгөйлөр да жылдын экинчи жарымында башталат, ошондуктан эмитен бир тууган, жакындар менен жакшы мамилени сакташ керек. Айрыкча август, сентябрь, ноябрь, декабрь айлары абдан кооптуу. Эл аралык мамилелерде өлкөлөрдүн өз ара тиреши күчөйт, ал мамлекеттер аралык чыңалууга Кыргызстан да аралашып калуусу мүмкүн. Ошондуктан дипломатиялык мамилелерди бекемдеп, башка өлкөлөр менен алака түзүүдө абдан этият болушубуз шарт. Кымындай эле ката кетирсек кийин өкүнүп кала турган жагдайга кептелебиз. Айымдар сулуулук үчүн пластикалык операция жасатышат эмеспи, мурдун түздөп, оозун чоңойтуп, көзүн бакырайтып, бырыштарын жазам деп. Август, сентябрь, ноябрь, декабрь айларында мындай операция жасатуу – бул чоң тобокелчилик болуп саналат. Андай операцияларды жылдын биринчи жарымында жасатып алышканы жакшы. Себеби Марс планетасы сентябрь, ноябрь, декабрь айларында кетенчиктөө абалына өтөт. Планеталардын бир жолку кетенчиктөө абалы 3 айдан турат. Марс адамдын баш мүчөсүн башкаргандыктан, ошол мүчөгө байланышкан бардык оорулар кооптуу. Асман сектору боюнча эсептегенде 2024-жылы уктап жаткандар эмес, активдүүлөр, уюштуруучулук жөндөмү барлар, жаны тынбай физикалык кыймылда жүргөндөр чоң капиталга ээ болушат, алдынкы 5 жылда байып кетишет. Акча болсо эле баарын кыйратат элем деп биринчи акчаны күткөндөр жаңылышат, акча бир жерде турбайт, дайыма аракет кылгандарга өзү келет.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Кургакчылык болот, суу тартыштыгы күчөйт”

– Учурда Дүйнөдө болуп жаткан глобалдык жылуулуктун күчөшү Кыргызстанды кыя өтпөстүгүнө бир нече жылдан бери өзүбүз күбө болуп жатабыз. 2024-жылы суу тартыштыгы мурункудан да күчтүүрөөк фазасына өтөт. Ошондуктан биздеги сууну чет өлкөгө саткандар бул маселенин үстүнөн этият иштеши керек. Үнөмдөө жолдорун, сугат мезгилинде дыйкандарга чоң көйгөй жаратып албаш үчүн алдын алуу чараларын көрүү зарыл. Суунун тартыштыгы, албетте, кургакчылыкты жаратат, кургакчылык тоюттун тартыштыгына алып келет. Мал-жандык менен жашаган кыргыз тоютсуз кантип мал чарбачылык кылат? Бул көйгөй кыргыздын жашоосунун бардык тармагына таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан тиешелүү тараптар азыртадан көйгөй жаралчу тармактарды көзөмөлдөсө жакшы болот. Аба ырайынын ысык болушунун пайдасын да көрсөк болот. Мисалы, туризм тармагын жандандырып, көп инвестицияларды салып туристтерди тартышыбыз керек. Ар бир сыноону мүмкүнчүлүк катары колдонуп кетүү өзүбүздөн көз каранды.

Чолпон Сманова, нумеролог: “Адилеттүүлүк орнойт, күтүүсүз окуялар көп болот”

– 2024-жыл нумерология илими боюнча 8 санын билдирет. 8 бул өтө күчтүү сан. Акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн саны. Күтүүсүз ийгиликтердин жылы болот. Ошол эле учурда бардык тараптан сокку урган жагдайлар да чыгат. Жакшы жагынан да, жаман жагынан да өзгөрүүлөрдү күтсөк болот. Турак жай сатып алууга абдан ыңгайлуу жыл. Бирок турак жайы барлар мүлктөрүнө этият болушу керек, жоготуп алуу коркунучу бар. 2024 дегендеги “4” саны бул ден соолуктун, агрессиянын саны. Пландан тышкары операция жасаткандар, кайсы бир мүчөсүн өзгөрткүсү келгендер операциядан кийин узакка барып калыбына келишет. Ал эми “2” санынан экөө болушу – бул ченемсиз энергиянын саны. Энергиялуу, тынымсыз кыймылда жүргөн адамдар гана ийгиликке жетишет. Жыл абдан энергиялуу болгондуктан быйылкы жылдан да бат, көз ачып-жумганча өтүп кетет. Адамдар жаңы кесип, жаңы адистик, жаңы чөйрө, жаңы маалымат алуудан коркпошу керек. Жаңычылдык өзү келет, болгону аны туура пайдаланып калган жакшы. Жаңычылдыктарды түшүнүү менен кабыл алуу зарыл. Ошондой эле адамдар өздөрүнүн башкаруучулук, лидерлик сапаттарын күчөтсө болот, материалдык байлыктын артынан түшүп жан дүйнөсүн байытканды унутуп калбоо кажет. Адам аброюн бекемдеп, өзүнүн гана пайдасына иштебестен, башкаларга да кол сунуп, жардам бергенди адат кылса көп ийгиликтер өзүнөн-өзү келет. Үй-бүлөлүүлөрдү ажыдаар жылы сүйүүдөгү туруктуулук менен сынайт, эгер сыноодон татыктуу өтсөңүз ийгилик жылмаят. Өтпөсөңүз ажырашасыз, же түгөйүңүз менен мамилеңиз кризиске кептелет.

Кезектеги 12 ай сапарын карытып

Түркиядагы “SЕТА” уюмунун коопсуздук маселеси боюнча изилдөө бөлүмүнүн директору Мурат Йешилташ 2024-жыл Дүйнө үчүн геосаясий, экономикалык жактан абдан татаал жылдардын бири болот деп божомолдойт.

– 2023-жылы болгон окуялар 2024-жылда орун алышы мүмкүн болгон геосаясий жана стратегиялык окуяларды мүмкүн болушунча өзгөрттү. 4 миллиарддан ашуун жаран 2024-жылы шайлоолордо добуш берет. АКШ, Орусия, Улуу Британия, Индия, Тайвань, Бангладеш сыяктуу өлкөлөр орчундуу шайлоо өткөрчү мамлекет катары алдыга чыгууда. Украина, Газа, Тайвань маселеси, Ирандын өзөктүк программасы, Жакынкы чыгыштагы Израиль – Араб кагылышуусу, энергетикада баалардын өсүшү, климаттык өзгөрүүгө байланыштуу жагдайлар эл аралык саясатты тереңдетүүгө түрткү болот,- дейт Йешилташ. Мындан сырткары, түркиялык аналитик Украина-Орусия согушу уланарын, бирок согуш ары же бери болбогон “тупик” абалына кептелерин белгилейт. Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин утарын, ал эми АКШдагы шайлоолор Украинанын келечегин аныктаарын божомолдойт ал. Эгер АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп утса, Европанын Украинага карата үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүгү күчөөрүн баса белгилейт. Эл аралык саясатта атаандаштыктан чыр-чатак чыгып, согуш талаасынын географиясы кеңейиши мүмкүн деген божомолун кошумчалайт эксперт.

Лунара Бекиева 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан