Туу алмашат, чуу басылат...

20-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргыздын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо 2-3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды. 79 депутат каттоодон өтүп, анын 59у “макул” деп добуш берди. 15 депутат добуш бербесе, 5 депутат “каршы” деп позициясын билдирди. Каршы добуш берген депутаттар: Сеид Атамбаев, Медер Алиев, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо жана Нуржигит Кадырбеков. 

Мирлан Самыйкожо эртеби-кечпи азыркы туу кайтып келерин айтат. Казакстандын Астана шаары да убагында Нурсултан деп өзгөртүлүп, кийин кайра Астанага алмаштырылганын мисал келтирди.

– Мен президенттин саясатына каршы эмесмин, бирок тууну алмаштырууга каршымын. Урматтуу авторлор, 20 жыл болобу, 30 жыл болобу бийлик алмашкандан кийин кайра ушул желек кайтып келерине бөркүңөрдөй ишенип койгула,- деди 19-декабрда туу маселеси каралып жаткан комитет жыйынында.

Туунунун элементтерин өзгөртүү идеясынын автору өзү экенин президент Садыр Жапаров өткөн аптада Элдик курултайда билдирди. Айтымында, эл аралык иш-чараларда саясатчылар Кыргыздын туусун күн карама деп чаташтырып жатышат. Ошондой эле 3 чамгарактуу түндүктү жамандыкка тигилген, кедей-кембагал колдонгон боз үйдүн түндүгү деп атады президент. “Тууну өзгөртүү идеясынын автору менмин, Шакиевди жөн эле тепкилеп жатасыңар. Мен үчүн колдоп берип койгула” деди президент.

Өзгөртүлгөн тууда түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары жалбырттап эмес, түз чачырайт. Тууну өзгөртүүгө коомчулукта каршы маанай күч экенине карабай чечим кабыл алынуу алдында турат. 

Мыйзамга жакын арада президенттин кол коюшу күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан