Унааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга жылдырылды

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу полиси жок автоунаалардын айдоочуларына айып пул салуу артка жылдырылды. Бул тууралуу жакында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Тагыраагы, мыйзамдын талабы 2025-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт. Буга чейин президент Садыр Жапаров милдеттүү камсыздандырууга эл даяр эместигин айтып, “айдоочулар жеке камсыздандыруучу компанияларга ишенбейт” деген эле. Бирок бул долбоор эртеби-кечпи ишке ашарын айтып келишет жооптуу жетекчилер.   

Маалымат үчүн: Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну караган мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, бирок толук күчүнө кире элек. 8 жылдан бери улам артка жылдырылып келе жатат. Буга себеп – коомчулуктагы нааразычылык, камсыздандыруучу тараптарга ишенбестик. 2023-жылы “мыйзам күчүнө киргени” жарыяланган, 2024-жылдын 1-январынан тарта камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып салына баштамак. Жыйынтыгында дагы 1 жылга артка жылдырылды. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан