Кыргызстан 10 айда 13 тоннадай алтын сатты

2023-жылдын 10 айында Кыргызстан 12,8 тонна алтын сатты. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, сатылган алтындын акчасы 805 миллион долларды түзөт. 2022-жылдын 10 айында 905 миң долларга 69,4 килограмм гана алтын сатылганын, көрсөткүч 185 эсе өскөнүн белгилейт Статком. Негизги кардар – Швейцария, аталган өлкөгө 665 миллион долларга 10,6 тонна алтын сатылды. Мындан тышкары, Гонконгго 60 миллион долларга 984,3 килограмм, Бириккен Араб Эмираттарына 80,3 миллион долларга 1,2 тонна алтын сатылганы белгиленет статистикада. 2022-жылы Кыргызстан өндүргөн алтындын дээрлик баары Түркияга экспорттолсо, быйыл аталган өлкөгө алтын сатылган эмес. 

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жылына 24 тонна алтын өндүрүлөт. Анын 17-18 тоннасын “Кумтөр” берет. Азыркы күндө Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтын сакталып турганы буга чейин бир нече жолу маалымдалып, атүгүл аны Жогорку Кеңештин депутаттары барып көрүп келишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан