Акыркы 4 жылда зыяндын ордун толтуруудан казынага 15,5 миллиард сом түштү

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан акыркы 3 жылда казынага 15,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу 20-декабрда Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, ыктыярдуу түрдө берилген же мажбурлоо аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга алынган акчалар укук коргоо жана көзөмөл органдарынын, Каржы министрлигинин депозиттик эсептерине которулуп каттоого алынган. 2020-жылы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан 2 миллиард 719 миллион сом, 2021-жылы 
1 миллиард 915 миллион сом, 2022-жылы 4 миллиард 137 миллион сом, 2023-жылы 6 миллиард 789 миллион сом түшкөнүн белгилейт Каржы министрлиги.

Ал эми жыл башынан бери мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан республикалык бюджетке 34,5 миллиард сом түшкөнү айтылды. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан