2024-жылы пенсияны көтөрүүгө 16 миллиард сом керектелет

2024-жылы Кыргызстанда пенсияларды көтөрүүгө 16 миллиард сом жумшалат. Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев ушундай деди. Айтымында, 2022-жылы пенсия 33 пайызга көтөрүлүп, бул үчүн 20 миллиард сом керектелди. 2023-жылы 38 пайызга көтөрүлүп, 3 миллиард сом талап кылынды. 2024-жылы бул үчүн 16 миллиард сом керектелерин айтат Соцфонд жетекчиси.

– Дагы 2 жыл үчүн жалпы 40 миллиард сом зарыл,- деди Алиев.

Айта кетсек, парламент 21-декабрда Социалдык фонддун 2024-жылкы бюджетин талкуулап, кабыл алды. Документке таянсак, Соцфонддун кирешеси 106 миллиард 982 миллион 454 миң сом, чыгашасы 105 миллиард 323 миллион 496 миң сом суммасында бектилүүдө.    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан