Аваз Акимов, Айдана Дека: “БИЗДИН ЭЧ КИМ БИЛБЕГЕН СЫРЛАРЫБЫЗ КӨП"

Жаңы жылды утурлай жаркыраган түгөйлөрдү маекке чакырдык. Шоу-бизнестин жарык жылдыздары Аваз Акимов менен Айдана Деканын жашоосундагы акыркы жаңылыктар менен таанышалы.   

– Аваз, Айдана, куш келипсиздер! Келе жаткан Жаңы жыл кут болсун! Майрамдык маанай сезилип жатабы?

Аваз: – Рахмат, бирге болсун! Албетте. Жаңы жыл кичинебизден күтүп тоскон майрам болгондуктан жакындаган сайын сонун сезимдер болот. Кыздарым да ошол сезимдерди сезсин дейбиз.

Айдана: – Майрамдар жакындар менен убакыт өткөрүү, аларга белек берүү үчүн шылтоо. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, сөзсүз майрамдап, бири-бирибизди куттуктап, белектерди беребиз.

– Эсте калган Жаңы жыл сиздер үчүн?

Аваз: – Жаңы үйлөнүп, үйлүү болуп, ошондо кичинекей үйүбүзгө 30дай киши чогулуп, туугандарыбыз менен Жаңы жыл тосконбуз. Айдана аяз кыз болуп, белек тараткан. Ар кандай оюндарды ойногонбуз. Айдана кош бойлуу болчу, ооруп да жаткан. Ага карабай жаркылдап, тикесинен тик туруп конок күткөн.

Айдана: – Ооба, ошол жыл өтө маанилүү жыл болду жашообузда. Мен жаңы үй-бүлөгө келип, ата-энем (ред.: кайната-кайненеси) менен биринчи жолу майрамдап жаткандыктан толкундангам. Негизи майрам, шаң жаратканды жакшы көрөм. Ошондо да өзгөчө шоу-программа даярдагам. Ошол Жаңы жыл экөөбүздүн тең эсибизде калыптыр.

– Бири-бириңерге берген кайсы белектер эсиңерде болду экен?  

Аваз: – Байпак (күлүп). Айфон 12 жаңы чыгып жатканда белек кылган. Күтүлбөгөн жана жагымдуу белек болгон.

Айдана: – Эх, жаштык кез (күлүп). Байпак деп калбадыбы, чынында айымдар байпак эле бере беребиз го, мен деле ошондой. Ал эми Аваздын мага берген белектери көп. Кыз-жигит кезибизде унаа белек кылган, сулуулук салонун ачып берген. Турмуш кургандан кийин да көп белек берди. Кайсы бирин айтарымды билбей жатам.

– Келгиле, сүйүүнү сүйлөшөлү. Ортодогу сүйүү дале баягыдайбы? Балким, күчөдү же басаңдады?

Айдана: – Кана, айтчы. Дагы эле сүйөсүңбү? (күлүп)

Аваз: – Сүйүү күчөдү десем болот. Жубайыңдын ата-энеңе, бир туугандарыңа, сага кылып жаткан жакшы мамилесин көрүп ансайын жакшы көрүп, ыраазы болот экенсиң. Менин Айданага болгон сүйүүм мурдагыдан 10-20 эсе күчөдү. 5 жылдын ичинде көптөгөн кыйынчылыктардан өттүк. Экөөбүздөн башка эч ким билбеген сырларыбыз көп.

Айдана: – Чыныгы сүйүү никеден кийин келет дешет. Менде ошондой сезим болду. Жыл өткөн сайын сүйүүм күчөп жатат. Кандай учур болбосун эң биринчи жолдошумду ойлойм, сыйлайм, аяйм. 

– Кандай сыноолордон өттүңүздөр?

Аваз: – Баары эле жомоктогудай жакшы келе жаткан. Бутубузга туруп алалы деп күнү-түнү иштедик. Айдана 9 айлык кош бойлуу кезинде дагы Баткенде гастролдо жүргөнбүз. Алдамчыларга туш болуп, кыйналып тапкан акчабызды, үйүбүздү, унааларыбызды алдырып коё жаздадык. Ошол учур оор болду. Күнү-түнү Кудайга жалынып жаттым. Кудай жалгап мыкты юристке жолугуп калып, башында байкабай берип алганыбыздын баарын кайтарып алдык.

Айдана: – Ушундай сыноолордон уламбы, 2023-жылы үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурдум. Мурда бизнес деп күйүп-быша берчүмүн, азыр ал анчалык маанилүү эмес болуп калды, үй-бүлөм биринчи планга чыкты. Ата-энелерибизге да көңүл бурган жыл болду. Быйыл айылда үй куруп баштадык, менин ата-энеме да Бишкектен үй белек кылдык. Ата-эненин батасын алсаң, ырыскы келет. Жакшы сунуштар түшүп, күтүлбөгөн жерден Түркиядан да үй алып калдык.  

– Кут болсун! Түркияда жашайын деген оюңуздар барбы?

Аваз: – Кыргызстанда эле жашагыбыз келет. Ал жакка өзүбүз, ата-эне, бир туугандарыбыз барып кенен эс алып турса дейбиз. Башында чет өлкөдө жашасакпы деген ой болгон, бирок чыдачудай эмеспиз. 5 күндөн кийин эле “Кыргызстандын тоолорун сагындым, кетели” дей берем.

Айдана: – Ооба, 5 жылдай башка өлкөдө жашап келсекпи дегенбиз. Бир жылы кышында эс алганы ысык өлкөгө барганбыз. 2 жумада сагынып болбой калдык, экөөбүз тең чыдабайт экенбиз. Чет өлкөгө эс алганы гана барып жүрөлү.

– Үй-бүлөнү бекем, бактылуу кармаш үчүн эмнелер зарыл? 

Аваз: – Аны 40-50 жыл жашагандан кийин айтсак туура болмок, бирок жаңы үйлөнгөндөр үчүн айта алабыз го дейм. Үйдө эч ким эч нерсеге милдеттүү эмес. Урушпай, сүйлөшүп түшүнүшсө болот. Мырзалар үй-бүлөсүнө камкор болуп, коргоп, колдошу керек. Жубайына белектерди берип, көңүл бурушу зарыл.

Айдана: – Жаңы үй-бүлө курганда бизде да катачылыктар кетти. Өзгөчө мен тараптан.

Аваз: – Айдананын ой жүгүртүүсү такыр башкача болчу. Мен оштукмун, бизде тарбия башкачараак. Айдана шаарда өскөн, көп нерсеге көз карашы башкача. Азыр, буюрса, Оштун накта келини болуп калды.

Айдана: – Мен көк бет болчумун. Урушсак 2-3 күнгө чейин тултюп жүрө берчүмүн. Азыр ошол мүнөзүм жок, урушсак 15 мүнөткө жетпей жарашып алабыз. Кичине кезимден лидер болуп көнүп калыптырмын. Турмушка чыккандан кийин өзүмчө эле лидерликти талаша бердим. Биринчи, экинчи жылдары кыйын болду, көп талаштык. Кийин эне болуп токтолдум, башка үй-бүлөлөрдү карап үлгү алдым. Тең укуктуу болуш керек дегендер мени жаман көрүшү мүмкүн, бирок баары бир бизде чыгыштын менталитети. Айым мырзадан бир тепкич ылдыйраак болушу керек. Ошол эле учурда мырзалар да акылдуу болуп, туура нерсени айтышы кажет.

– Бири-бириңердин кыжырыңарга тийген сапаттар такыр жокпу азыр?

Айдана: – Толтура. Кантип болбосун?

Аваз: – Эң башкы кыжырга тийген сапаты – бир жакка барарда кеч даяр болгону. Дайыма кечигип жүрөбүз. Түшүнөм, боёнуп, кийингенине көп убакыт керек. Бирок кечикпей баргың келет да. Сөзсүз үйдөн ызырынып чыгасың.

Айдана: – Анан ресторанга күлүп-жайнап кирип барасың (күлүп).

Аваз: – “Жол тыгын экен” деп коёсуң аларга, аялыңды саткың келбейт да (күлүп).

Айдана: – Мага ошол шаштыра бергени жакпайт, болду. Чынында, Авазды мактай гана алам. Негизи сүйүүдөн дагы сый, ыраазычылык маанилүү экен. Ачуум келгенде кылган жакшылыктарын эстеп ыраазы болуп, жумшара түшөм.

– Экөөңөр чогуу сактаган сырлар бар экен. Ал эми бири-бириңер билбеген сырыңар барбы?

Айдана: – Менде жок.

Аваз: – Бар.

Айдана: – Чын элеби? Анан сүйлөшөбүз (күлүп).

– Кызганыч болуп турабы же калдыбы?

Аваз: – Болот, чеги менен. Кызганыч десе башкалар “Айдана кыска кийинип алыптыр, кызганбайсыңбы?” дей беришет. Айдана сахна адамы. Фигурасы жакшынакай жаш кыз, жарашып жатат, кие берсин. Андайларга көңүл бурбайм. Мен кызгансам коркунучтуумун, башка адам болуп кетем. Эркектердин жаман ою болсо сезем. Ошондо башкача аракеттер болуп кетпесин деп алдын алам. 

Айдана: – Авазга миң пайыз ишенем, бирок тегеректегилерге ишенбейм. Ошондуктан кээде кызганам. Аваз кийимим боюнча айтып кетпедиби. Көп адам чыгармачылык менен жеке жашоону аралаштыра беришет. Клиптерде, сахнада ачыгыраак кийинсем, демек, ал чыгармачылык үчүн керек. Ал эми жашоодо узун, жабык эле кийинем.

Перизат Музуратбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан