Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

– Эй, Канат эмне болду?

Топураган балдар оозун ачып эле туруп калышты. Канат ээ-жаа бербей кармаган жеринен кан чыгара уруп жатты балдарды. Болгон ызасын, күчүн мушташтан чыгарып жаткандай.

– Ким арак берди Жанатка?

Ызырынып сураганы ушул.

– Мен эмес, ой!

– Өзү ичти иниң!

Балдар ушинтип жооп берип жатышты. Моокуму канганча уруп жатты балдарды. Мындайды күтпөгөн балдар нестейип эле  карап турушту. Спорт менен жылдар бою машыккан үчүн ага даап эч ким эч нерсе кыла албады. Көбү чилдей тарашты, карап тургандар да басып кетишти. Акыры жалгыз калды. Энтигип бир топко отурду. Дагы деле ызасы тарабагандай. Көкүрөгүнө бирөө от салып койгондой сезиле берди. Бир топ убакыт өткөндөн кийин жанына бирөө келди. Артына кылчайса Жанат экен. Ал анын абалын түшүндү, үнсүз жанына отурду. Ага-ини өз ойлору менен бир топко үнсүз отурушту. Жанат агасына күнөөлүү карады.

– Мен экинчи арак ичпейм. Канат, мени кечирип койчу. Балдар деле күнөөлүү эмес... Өзүм ичтим.

– Эч нерсе эмес.

Канат эми өзү күнөөлүү болгондой бурк этти. Кызуу кандуулукка алдырып койгонун сезип жатты. Жанаттын шылкыйып жанында отурганына кайра боору ооруп кетти. Аны капталга түртүп койду.

– Сен капа болбо, баары ордуна келет. Алардын көптөн бери шиши толуп жүргөн. Сен үчүн эмес, башка бир себептер менен урдум.

Жанат аны менен макул болгондой башын ийкеп койду. Көз айнегин оңдоп алып акырын үн катты.

– Мен чет өлкөгө кетүүгө тест тапшыргам. Өтүп кетиптирмин. Бүгүн билдим. Эгерде  атам макул болсо, буюрса, чет өлкөдөн окуйм. Бир чети өтүп кеткеним жакшы болду. Сен айткандай, жаңы жашоону  баштайм. Мен башка шаарга кетсем бир эле адамды сагынам, Канат. Кимди билесиңби?

Канат үн катпады.

– Сени!

Канаттын көзүнөн жаш агып кетти. 

– Сен мен үчүн баарысың, агам, досум, коргоочум, сырдашым. Мени сендей эч ким жакшы көргөн эмес. Кичинебизден бери  мен ушул нерсени жакшы билем. Сен мен үчүн баарын кыла аласың. Мен дагы сени жакшы көрөм. Сендей эмес, бирок өзүмдүн алым жете тургандай сени жакшы көрөм. Мага мындан ары тынчсызданба, макулбу?

– Макул!

Канат Жанатты кучактап алды.

 

ххх

– Сен эмнеге эле мага сыртыңды салып жатасың? Бир нерсе болдубу?

– Болгон жок.

– Эмнеге анан мага болгон мамилең өзгөрүп жатат? Же мага таарындыңбы? Туулган күнүмдө да кайда кетип калганыңды билбейм. Мен ал туулган күндү биз үчүн уюштурган элем. Биз...

– Шоола...

Канат эмне айтарын билбей мукактанып кетти. Кыздын үнүндөгү сагынуу анын жүрөгүн эзип жиберди. Көп күндөн бери ачык эле Шоола менен сүйлөшүүдөн качып жаткан. Бирок бүгүн кача албады. Спорт залда машыгып жаткан жеринен келип маңдайына отуруп алды. Так маңдайына келди да, отуруп алды. Көзүнөн көзүн албайт. Суроолуу тигилген бул көздөрдөн  кайда качып кетерин билбей муунуп кетти.

– Эмне сен? Сага эмне болду, Канат?

Канат көзүнөн жаш агып кете тургандай болгондо башын чулгуп алды. Жашыктыгын оройлук менен жашыргысы келди.

– Шоола, мени жайыма койчу. Мен азыр сени менен сүйлөшкүм келбей жатат.

– Канат?

– Мен сени сүйбөйм! Сүйбөй калдым. Башка кызды жакшы көрүп калдым.

Кыз көздөрүнө жаш толо башын чайкады. Мүмкүн эмес болчу! Ишенген жок. 3-4 жыл аралыгында ал Канатты жакшы билип калган.

– Жок, сен калп айтып жатасың. Мен ишенбейм.

– Ишенсең да, ишенбесең да ушул.

– Биз Канат менен Шоолабыз! Элдин баары суктанган сүйүүбүз бар. Биз...

– Китептеги нерселерди айта бербечи. Биз деген нерсе жок. Ооба, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бардык нерсенин акыры болот. Кыскасы...

Шоола шарт бурулуп басып кетти. Таманы жерге тийип бара жаттыбы, тийбей жаттыбы ким билет. Көздөрүндө жаш, көөдөнү күйүп бара жаткандай болду. Жашоосу астын-үстүн болгондой сезилди. Ушул жылдары Канат ал үчүн баары болуп калган эле. Түнү менен ысытма чыгып, жөөлүп жаткан кызын карап апасы чыйпылыктап жатты.

– Шоола, кызым эмне болду сага?

Жылдар бою мындай болуп ооруй элек болчу. Мурункудай эсинен танып калабы деп апасы коркуп жатты. Коркконундай эле бар эле, Шоола бир убакта эсин жогото баштады. Апасы коркуудан эмне кыларын билбей калып, Канатка телефон чалды.

– Канат, Шооланын абалы начар. Машина таап келе аласыңбы? “Тез жардам” чакырсам кечигип жатат.

Канат чай ичип жаткан жеринен ыргып турду. Дароо атасынын машинесинин ачкычын алып чыгып кетти. Апасы анын мындай абалын көрбөгөн. Өмүрүндө атасынын машинесин минтип айдап чыгып кеткен эмес. Кошуналардыкын айдап калчу, бирок атасынын машинесине жолочу эмес.

Канат кимдин машинеси же эмне кылып жатам деп ойлоно албаган абалда эле.  Шооланын абалы начар деди апасы. Анын бир билгени ушул. Тез эле жетип келди, атып кирди үйгө. Шалактаган Шооланы көтөрүп анын апасын салып алып айдап жөнөдү.

– Канат, айдоочулук күбөлүгүң барбы жаныңда?- деди тиги өспүрүмдүн айдап бара жатканынан чочулай.

– Жок, мындай эле үйрөнгөм.

Жолдо машине калдастап бара жатты. Ага деле кайыл эле Канат. Эптеп Шоолага жардам бере турган жерге жетишсе болду. Акыры жетишти. Врачтар менен апасы кирип кетти. Бир аздан кийин абалы туруктуу экенин айтылды. Канат “өх” деди. Шооланы кирип көрмөкчү болуп, ал оюнан кайра кайтты. Аны көргөнгө акысы жоктой сезилди. Шылкыйып машинесин айдап үйүнө келген баласын көргөндө апасы чочуп кетти.

– Эмне болду, балам?

– Шоола оор абалда болчу, апа. Атамдын машинесин айдап барып жеткириш керек болду. Сен камтама болбо. Мен атама өзүм түшүндүрөм.

– Хм, Шоола дечи...

Уулун карап туруп ичинен тынды. “Атаңа аябай окшошсуң, балам. Ал да мен үчүн баарына даяр эле. Бирок сен тууралуу билбей калды. Балким, өмүрүндө бир жолу көрсө, сени тааныр беле”.

– Эс ал, баары жакшы болот, уулум.

Адатынча кучактап чачынан жыттап алды. Канат үйгө киргиси келген жок. Сыртта турган чарпаяга жата кетти. Көзүнөн жаштар эрксиз агып жатты. Шооланы ушул абалга жеткирген өзү экенин сезүү оор эле. “Бир аз чыда, Шоола да көнөт. Сен да көнүп кетесиң” деп жатты өзүнө өзү.

 

ххх

Шоола көзүн ачты. Маңдайында турган апасын көрдү. Эки жагын байкады. Оорукана экенин сезгенде шаабайы сууй түштү.

– Кандайсың, кызым,- деди апасы.

– Канат келдиби?

– Ооба, бизди жеткирди. Сенин жакшы экениңди угуп кайра кетти.

Шоола көзүн жумуп алды. Кантип ал тууралуу ойлонбой жашаш керек? Кантип аны күтпөй жашоого болот? Кайра-кайра көргүсү келген, ансыз жашай албай тургандай абалды кантип жеңсе болот?

– Кайра чалган жокпу?

– Жок.

– Чалса Шоола катуу ооруп жатат дечи, апа.

– Эмнеге?- деди апасы чочуй.

– Апа, мен өлгөнү жатам! Мени түшүнчү, апа, мен Канатсыз өлөм. Ансыз мен жашай албайм!

– Шоола!

Кызынын көзүнөн салаалап агып турган жашты көрүп нес болуп калды...

 (Уландысы кийинки санда)      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан