Аида Исатбек кызы, Жогорку Кеңештин депутаты: “ПАРЛАМЕНТТЕ ЭРКЕЛИК ЭМЕС, ЭРКЕКТИК МҮНӨЗ КЕРЕК ЭКЕН”

Парламенттеги эң жаш депутат Аида Исатбек кызы саясатка бизнестен барган. “Бизнесте иш жасасаң дароо жыйынтык болот, ал эми парламентте кылган ишиң бир нече жылдан кийин жыйынтык берет экен”,- дейт ал бизнес менен саясаттын айырмачылыгы тууралуу. Жыл жыйынтыктоо алдында Аида айым менен кызыктуу маек курдук. 

 

 – Аида айым, айрымдар мурда сизди эрке депутат дешчү. Жаш айырмачылык канчалык роль ойнойт экен? Улуу-кичүү менен иштешкенге көнүп калдыңызбы?

– Өзүңүздөр билгендей, парламенттин табияты ушундай экен да, жашсыңбы, улуусуңбу, тажрыйбаң барбы же жокпу, ага карабастан баары менен тең тайлаша иш алып барасың. Жаңы келдим, жашмын деп өзүмдү алсыз сезгенге жол бере албайм. Ооба, мен жаңы депутат болуп келгенде эл арасында, кесиптештер арасында “эрке кыз” деген кептер көп айтылып жүрдү. Өзүм ата-эне мээримине тоюп, толук сүйүүсүн алып чоңойдум, кийин мени түшүнгөн жакшы үй-бүлөгө келин болдум. Жашоомдогу ушундай жагдайлар мендеги эркелик мүнөздү калыптандырса керек. Ошол үчүн да кесиптештер башында эрке кыз деп жүрүшкөндүр. Бирок мыкты саясатчы болом, элиме-жериме пайдалуу иш жасайм, сунуштаган мыйзамдарымдан жыйынтык чыгарам десең андай эркеликтен эркектик мүнөзгө өтүш керек экенин түшүндүм. Парламент бул мыкты мектеп, өзү эле тарбиялап коёт, бара-бара эркектик мүнөзгө ээ кылдырат тура.

– Жакшы үй-бүлөгө келин болгом деп калдыңыз. Депутаттык жумуш менен келиндик кызматты кандай айкалыштырып жатасыз?

– Бул суроону кайнатам менен кайненеме бериш керек экен (күлүп). Келиндик кызмат эмес, мен кээде эки балама толук кандуу эне катары мээрим бергенге жетишпей калып жатам. Анткени дайыма аймактарда жолугушууларда же жыйындарда жүрөм. Үй-бүлө үчүн убакыт болгону жекшемби күнү болот менде. Бирок ага карабай мени колдоп, түшүнгөн жакындарым бар экенине кубанам. Мени 4 миңден ашык шайлоочу шайлаган, алардын жоопкерчилиги, ишеними бийик экенин жакындарым билишет.

– Депутаттык мандат алгандан бери кандай мыйзам жаздыңыз?

– Билесиздер да, мен парламентке бизнестен келген адаммын. Бизнесте бир иш кылсаң көп күттүрбөй андан жыйынтык аласың, ал эми парламенттеги жумушта жыйынтык чыгарыш үчүн көп жылдар керек экен. Жыйынтыкты күтүү сабырдуулукту, чыдамкайлыкты талап кылат. Мен башында жакындарыма “социалдык блокко бөлүндүм” деп комитетимди айтканымда апам жактырган эмес эле, “жумушу майда, кылган ишиң көзгө көрүнбөйт” деп. Чындап эле ошондой экен, канча аракет, эмгек менен иштеп жатканың анча көзгө көрүнбөйт тура. Ага караганда бюджетти бекитүү же транспорт комитетине бөлүнсөң “ушунча жол салдык, ушул объекттерди курууга баланча акча бөлдүртүп бердик” деп айтып, кылган ишиңдин натыйжасын көрсөтмөксүң да. Азыр билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында көп иштерди жасап жатам. Учурда лицензиясы жок косметология, стоматология жана гинекологиялык жайларды иштеткендерди текшерип жатабыз. Буюрса, жаңы жылдан кийин ушул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Негизи менден “депутаттын иши эмне менен өлчөнөт?” деп көп сурашат. Менимче, элге пайдалуу, иштеген мыйзам жазганы менен өлчөнөт. Бирок бизде буга чейин жазылган сонун мыйзамдар бар, бирок аларды иштетүү жолдору каралган эмес.

– Туунун өзгөрүшү боюнча жеке пикириңиз кандай? Өзгөрүшүнө “макул” деп добуш берген депутаттардын катарында экенсиз?

– Ооба, коомчулукта 7-чакырылыштын депутаттарынын дарегине көп ачуу сын-пикирлер айтылып жатканын мен да угуп жатам. Жадакалса мени тилдеп да жазып жатышат. Жакында болгон элдик Курултайда да бир эмес, бир нече жолу туу маселеси көтөрүлдү. Менин оюмча, туу боюнча маселени талкуу катары көтөрүп чыгышканда демилгечилер мындай чоң талкуу, каршылык менен коштолорун билишкен эмес. Чынында, тууну өзгөртүүнүн алдында референдум өткөрүшү керек болчу, бирок мен 1-2 гана жерин алмаштырабыз дешкенинен көп маани берген эмесмин. Парламент биринчи окууда жаман ою жок эле колдоп берди. “Ооба” деп добуш берген күнү мен жыйынга келген эмесмин, бирок кандайдыр бир жагдайлар менен менин компьютеримден ошондой добуш берилип калыптыр.

– Эдил Байсалов менен кайым айтышууңуз боюнча сурагым келип жатат. Анын сизди “тээтиги кыз” деп айтканы чычалаттыбы, же сиз көтөргөн маселеге болгон кайдыгер мамилеси ачууланттыбы?

– Эдил Жолдубаевич менен жеке эч кандай тааныштыгым жок, чынында, биз болгону чогулуш, иш-чараларда жолугуп учурашып калчубуз. Анын сүйлөгөн сөзү, берген комментарийи боюнча мен ал кишиге теңелгим келбейт. Бул окуяга чекит коюла элек азырынча. Мен ошондо эле төрагага менин гана эмес, парламенттин аброюна шек келтирип жатат деп өз дооматымды айттым. Кесиптештерге да ыраазымын, бул окуя боюнча мени колдоп, фракциянын чечимин чыгарып беришти, фракциянын чечими конституциялык мыйзамдар комитетте каралып, ал жактан да колдоо тапты. Тартип боюнча эми Эдил мырзанын этикалык жүрүм-турумун карап чыгуу сунушу координациялык кеңеште каралып, анан Жогорку Кеңештин жыйынына чыгат. Бул окуя боюнча акыркы сөзүмдү ошол жыйында айтам. Чынында, мен көтөргөн маселе көйгөйлүү болчу. Караколго иш сапарыбыз менен барсак, “дарыгерлер жетишсиз, көбү жумуштан кетип калышты, айла жок, ординаторлорду врач кылып иштетип жатабыз” дешти. Анан ошол жакта ординатор болуп иштеген бала мага келип “айлыгыбыз аз, 7000 сом, бирок колубузга 5000 сом эле тиет, эки балам бар, үй-бүлөнү багыш керек” деген көйгөйүн айтып калды. Ошондон улам бул маселени жыйында көтөргөн элем.

– Сиздин иш бөлмөңүзгө кирүү карапайым жарандарга оорчулук жаратпайбы?

– Мен бардык шайлоочуларыма дайыма ачык адаммын. Буга чейин, кийин деле каалаган адам өз көйгөйүн айтып келип жүрүшөт. Жардамчыларым менен социалдык тармактарга жазылган сунуш-пикирлерди да жазып алып, кайсы маселени көтөрүп чыксак болот, кайсы көйгөй боюнча министрликтерге тиешелүү кагаздарды жиберели деп кеңешип иш кылабыз.

– Депутаттарды жериген, сындаган пикирлер көп айтылат социалдык тармактарда. Негативдүү комментарийлерге кандай реакция кыласыз?

– Жаңы депутат болуп келгенде Алымкадыр Бейшеналиев экөөбүздүн талаш-тартышыбыздан кийин анын армиясы мени 3 күн катары менен “соккулаган”. Ошондо мен сыйлаган бир адам “депутаттын жашоосунда мындай көрүнүштүн болуп турганы мыйзам ченемдүү нерсе, убактысы менен ушундай абалга кабылып турасың, башкысы бекем бол” деген кеңешин берген эле. Кудайга шүгүр, андан бери көп эле өйдө-төмөн сөздөрдү көтөрүп, чыдап келе жатам. Эл деген эл да, аны эл өкүлү туура түшүнө билиши керек.

 Лунара Бекиева        



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан