Ынак Осмоналиев: “ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТОО МАГА ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК”

“Мумия дарың жок беле?”, “Алыстаба”, “Аппак кар” деген хит ырлары менен элдин жүрөгүндө калган ырчы Ынак Осмоналиев учурда эмне менен алек? Эмнеге сахнадан алыстап кетти? Ынак мырза кеңсебизге келип, күйөрмандарды кызыктырган суроолорго жооп узатты. 

– Ынак ага, саламатсызбы? Ырчылыктан алыстап, учурда кайда, эмне иштер менен алексиз?

– Саламатчылык. Мындан 8 жыл мурун сиздерге “бул менин акыркы интервьюм” деп маек бергем. Дагы деле күйөрмандар, журналисттер чалып жатышат. Андыктан жүрөгүмдөгү пикирди эл менен бөлүшүп коюуну туура көрдүм. Ырдап чыкпай калганымдын себеби – бул чөйрөдөн алыс болоюн, дин менен жашаганга аракет кылайын деп чечкем. Ырчылыкка эч качан кайтпайм. Ыйманга музыка зыянын гана тийгизерине ынандым. Музыканы арамга чыгарган көп хадистер бар. 

– Мисалы, кандай зыянын көрдүңүз?

– Жүрөктө же ыйман, же ыр болушу керек. Экөө чогуу отурбайт. Айрым ырчылар динге чакырып ырдайбыз дешет, дин эч качан ырчылык же телефон, радио, телевидение менен жайылбайт деген ойдомун. Бир гана кадам менен, курманчылык менен жайылат. Ырдасам, жалаң дин жөнүндө эле ырдай бербейм да, сөзсүз эски ырларды ырдоого туура келет. Өзүмдү да, Кудайды да алдабайын дедим. Чубак ажы “эне жөнүндө, мекен жөнүндө ырдай бергиле” деп айткан. Бирок ал аны илимине таянып айтты, эгер Чубак ажы ырчы болуп көргөндө антип айтпайт эле. Анткени ырчы эне, жер жөнүндө ырдап токтоп калбайт, сөзсүз сүйүү жөнүндө да ырдайт. Анан да ырчы болсоң, карапайым элге көп аралашпай, чөйрөңдүн баары колунда бар кишилер болуп калат. Чиновниктер, депутаттар менен жүрүшкө туура келет. Алардын айтканындай жүрүшкө аргасызсың, анткени бул сенин жумушуң. Ошолор менен ичип-жеп жүрүп жүрөгүң булганышы мүмкүн. Мен ушуну каалаган жокмун. Кудай деле кичинекей эле күнөө экен деп күнөө кыла бербегиле дейт. Кичинекей күнөөлөр чогулуп чоң күнөөгө айланып, жүрөк катып калышы мүмкүн. Мен муну менен ырчыларды күнөөлөп, же мурда тапкан акчам арам болчу деген жокмун. Ырчылык менен тапкан акчаны арам менен адалдын ортосунда деп ойлойм.

Көп адамдардын максаты – бул дүйнөдө бактылуу, бай болуп жашоо. Бирок 10 мамлекеттин президенти болсоң, 11-мамлекетти да алгың келет. Напси деген ушундай нерсе. Ырчылык, популярдуулук адамдарды өзгөртөт. Өзү байкабай калат адам. Текеберчилик пайда болот. Барган жериңде төргө өтөсүң, “Ынак, Ынак” деп жатып жаныңдагылар эле даражаңды көтөрүп салышат. Аны мен айтпасам деле билесиздер да. Жаңы чыгып жаткан ырчы кандай болот да, популярдуу болгондон кийин кандай болуп өзгөрөт.

– Ооба, жакшы билебиз. Сизде ошондой текеберленип, башкаларды үстүдөн карап калган учур болдубу?

– Мен ырчы болгонго чейин эле көчөдө көп жүрчүмүн. Селсаяк болобу, башкасы болобу, аралашып жүрө берчүмүн, алар менен сүйлөшүп отурчумун. Жылдыз болуп турганда дагы көчөдөгү карапайым адамдарга аралашып жүрсөм, жанымдагылар “Ынак, өзүңдүн ордуңду билсең” деп айтышчу. Мен үчүн ал маселе эмес болчу. Маршруттук такси менен жүрчүмүн, “Дордойдон” кийинчүмүн. Жөнөкөйлүктү жакшы көрчүмүн. Жөнөкөй жүрсөң деле текеберчилик өсөт экен. Азыр деле андай сыпаттардан арыла элекмин. Бир жерге барганда өзүм байкабай төргө чыгып кеткен, өзүмдү башкадан өйдө көрүп алган учурлар болот.

– Оюңузду түшүндүм. Ошондо азыр эмне иш менен алексиз?

– 8 жылдан бери такси кызматын көрсөтүп иштеп келе жатам. “Чарчадым, 6 баламды багам деп жүрүп кыйналдым, кой, ырдайын” деп ырдап кетсем деле болмок. Анча-мынча ырчыларды алдыга салбайт болчумун. Бирок аны каалаган жокмун.

Таксиге отургандар таанып калышат. “Баягы Ынаксыңбы? Ии, ушундай болуп калдыңбы?” дегендер болду. Башында жаман болуп кетчүмүн, кадимкидкей тердеп кетер элем. Мурда популярдуу болгонго ашыксам, кийин мени эч ким тааныбаса экен деп калдым. Азыр айырмасы жок.   

Күйөрмандардын мени сурап жатышканын билем. Муну мен Кудай сынап жатат деп түшүнөм. Ырчылыкты ташташ мага оңой болгон жок. Көп убакыт керектелди. Азыр толук таштадым деп айта алам.

– Бирок бир тойдо ырдап жатканыңызды Инстаграмдан көрүп калгам...

– Жеңемдин 50 жылдык тою болчу. Ал жеңемдин колунан далай чай ичкем, анын үйүндө жашап жүргөм. Байкем менен жеңем суранып жаткандан кийин деп тоюнда ырдадым. Ошол жактан бирөө видеого тартып жүктөп коюптур. Ал видео бир түндө 70 миң жолу көрүлүп, негативдүү комментарийлер жазыла баштаптыр. “Молдо болуп деле ырдап жатпайбы” деп жазышыптыр. Адамдар ошол экенбиз да, эң биринчи бирөөнүн кемчилигин издейбиз. Кудай берген эки көздүн бири менен бирөөнүн жакшы жагын кара, экинчиси менен өзүңдүн кемчилигиңди кара дейт. А бизде азыр өзүнөн кемчилик издемей жок, бирөөнүн кемчилигин гана издемей. Анан сураштырып отуруп, ким жүктөгөнүн таап өчүрттүрдүм.

– Ошондо сиз азыр концерттерге барбайсыз, такыр музыка укпайсызбы?

– Жок, кичинекей балдарымдын туулган күндөрүндө “туулган күнүң менен...” деп ырдап куттуктайбыз. Алар кичинекей, алардын көңүлү үчүн жасалат.

Ырдаганды таштаганым менен, музыка укканды таштай албай жүрөм. Радиону коём да, менин убагымдагы атаандаштарымдан кимиси кандай кетип жатат болду экен деп угуп калам. Ар кандай ой келет, бирок ниетимди оңдойм.

Шеринелерге катышам, туугандар, достор арасында ырдап коём. Бирок ырчылыкты кесип кылып алган жокмун, ошону туура түшүнүңүздөр.

– Көп ырчылар “талантты ката албайт экенсиң” дешет. Сизде дагы бук болгон учур болобу?

– Болот. Обондор чыгып кетет. Ниетимди оңдойм, ырдап чыкпагандан кийин эмне кылам дейм. Андан көрө куран окуп, ошону обонго салып, азан айтып, ошондон ырахат алам. Мен ырдап чыксам эле ырчылардын орду толукталып калбайт, же ырчылыктын даражасы көтөрүлүп кетпейт. Ырдабай койсом ырчылардын саны азайып, же даражасы түшүп кетпейт. Ырчылыкты мен акыретке алмаштырдым.  

– Өзүңүздүн ырларыңызды укканда кандай сезимдер болот?

– Ар кандай учурда ар кандай сезим болот. Ырдап жүргөндөгү күндөрүм көз алдыма элестелип кетет.

– Ошол күндөрдү сагынасыз да баары бир?

– Сагыныч анча-мынча болот. Тойлордо ырчылар ырдаганда ичим күйгөнсүп кетет. Кайра-кайра ниетимди оңдойм. Кудайдын астында сөз бергем дейм.

– 6 баланын атасы экенсиз...

– Ооба, “жубайым эркек төрөмөйүнчө төрөтө берем” деп илгери бир айтканым бар. Кудай бир эмес, эки эркек бала берди. 2 уул, төрт кызым, бир неберем бар, Кудайга шүгүр. Мектеп курагындагы кыздарым, уулум медреседе окушат. Кичүү уулум 5 жашта. Улуу кызым 23кө чыгып калды. Гастроль, ыр деп жүрүп улуу 3 кызымдын кантип чоңойгонун жакшы билбей калдым. Кийинки балдарымдын чоңойгонун көрүп, чогуу убакыт өткөрүп, жашоосуна активдүү катышып жатам. Балдарым келечекте чоң аалымдардан болушсун деген ниетим бар. 

 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан