Нурсултан Малдыбаев, төкмө: “АЛ АДАМДЫН ТАЛАНТЫ МЫКТЫ, БИРОК АДАМГЕРЧИЛИГИ МЫКТЫ ЭМЕС ЭКЕН”

Жакында Бишкекте жеке концертин берди бул жигит. Жакшы өттү, Орусиядан бери күйөрмандары келиптир. Концерттен кийин Нурсултан мырза менен улуу акындар тууралуу талкуу жараткан билдирүүсү, дегеле чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк. Ырчы кыз менен мамилеси жөнүндө да суроо салдык.

– Нурсултан, салам! Концертиңиз өттү, өзүңүзгө жактыбы?

– Жакты. Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр агаларыбыз келип айтыш куруп беришти. Казакстандан Шугайып Сезимхан, Айым Асылбек кызы келди. “Жакшы деңгээлде өттү, тез бүтүп калды” деп жатышат. 2 саат 40 мүнөт болуптур, жакшы өткөнү үчүн аздай сезилип жатат болуш керек.

Айтышта жүргөнүмө 4-5 жыл болду да. Башында “концертиме эл келбей койсочу” деп кабатырландым. “Кайсы арына концерт берет” дешет го деп да чочуладым. Бирок концертке 3-4 күн калганда сатыкта билеттер калбай калды. 50-60тай орундук кошсок, алар да бир күндө сатылып кетти. Билет таппай кире албай калгандар болуптур. Мен ушуга аябай таң калдым. Кассага билет таштап жатканда “алып-сатарлар алышат” десе, “алар биздин билетти алышпайт, таанымал кишилердикин алышат да” деп койгом. Сүйүнгөнүм – атайын концертке деп 7 дубандан, Москвадан, Санкт-Петербургдан келгендер болду.  

– Анан эмнеден улам концерт берейин деп чечтиңиз? Башында өзүңүз деле “концерт берүүгө эрте эмеспи” деп кабатырланган экенсиз.

– Жаш жаңылса оңолот дейт го. Жаштыкта берип алыш керек экен, катасы болсо эл кечирет. 20-30 жылдан кийин берсем деле жаңылышым мүмкүн. Экинчиден, 30га чыгамбы, чыкпаймбы, ошол убакка чейин өнөр жолунда боломбу, ким билет? Бул да тарых. 23 жашында ушундай концерт берген деген сөз калат. Үй-бүлөм деле макул болгон эмес, бирок тобокел кылдым. Достор колдоп, дем-күч беришти.

Кутман Садыбакасов 22 жашында концерт берип, дыңды ошол бузду. Азыр эми “Ошко келиңиздер” деп жазып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатабыз.

– Концертте Кутман Садыбакасов тууралуу “үйлөнгөндөн кийин досумду жоготуп алдым” дедиңиз. Чын эле ошондой болдубу?

– Кутман экөөбүз айтышка катар келгенбиз, жан дүйнөбүз жакын, бири-бирибизди көз караштан түшүнөбүз. Кутман экөөбүз акыркы 3 жылда он чакты жолу айтыштык. Эл “экөөңөрдүн темаңар бүтпөйт” дешет. “Дагы эмнени ойлоп чыгышат” деп сериал күткөндөй эле күтүшөт экөөбүздүн айтышты. Тагдырдын буйругу менен Кутман менин классташыма үйлөндү. Асмандан албайбыз да, айтышта айтылгандар чындык.

“Кууп жүрүп жетпеген досум келип

Кубанычтан маңдайым жарылгандай.

Жүрөгүм бир башкача болуп жатат,

Жоголгон малым кайра табылгандай” дедим го. Ал да жөн калбай “сен да жоголуп кеттиң, сенин да бошотпогон жарың бардай” деп ырдады.

– Ырчы Нурайым Акылбекова экөөңүздөрдүн кыз-жигит экениңиздер тууралуу айтылып эле келе жатат. Бирок ачыктай элексиздер, балким, учуру келгендир?

– Ачык айтчу убакыт келет го, ошондо айтам. Азырынча айтпай турууга себептер бар.

– Досторуңуздун баары эле үйлөндү, ата-энеңиз деле күтүп жатыптыр. Сизди эмне кармап жатат?

– Нурайым кармап жатат деп койбоймбу, тамаша. Кудай буюрса, жакын арада үйлөнүү аракетиндемин. Концерт берип алсам, айылдагы үйдү бүтүрүп алсам, Бишкектен үй алсам, унаа алсам... Айтор, муктаждыктар четтен чыга берет экен. Өзүмдүн муктаждыктарыма байланыштуу үйлөнбөй жүрөм десем туура болот го. 

– Сиздин жубайыңыз кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Негизгиси ыйманы. “Өзүңө аял издебей, энени изде балдарга. Эне бул университет, балдарың таалим алганга” дейт. Билими болсо, акылы жетик болсо дейм. Анткени төрөлө турган балдар эне жагын тартат го. Апамдай, чоң энемдей жар туш болсо, арманым болбойт.

– "Кең болгон жандар кем болбойт" деп пост жаздыңыз. Улуу агалардан көңүлүңүз калгандай, алар сизге бут тосуп, ич күйдүлүк кылгандай таасир калтырат экен. Эмне болду?

– Жаштыкка алдырып, эмоция менен көп нерсени айтып, жазып алабыз. Бирөө сага бут тосуп жатса, бул жакшы нерсе. Ал билдирүүгө мен-мен дегендер комментарий жазып, талкуу кызып кетти окшойт. Өзүм кайра уялып кеттим жазганыма. Түгөлбай Казаков агабыздын жакшы сөзү бар, “талантына баа берип өмүр бою алаканыңа салып көкөлөтүп жүргүң келген, бирок адамгерчилигин көрүп, сайга алпарып атып салгың келген адамдар болот” деген. Бардык учурда эле адамгерчилик менен талант бири-бирине бап келбейт экен. Талантын сүйүп, аны жашоодо да мыкты адам деп ойлогом. Андай эмес экенин өз көзүм менен көргөндөн кийин эмоцияга алдырып жазып койдум. Көрсө, улуу өнөрдү аркалап жүргөндүн баары эле улуу адам боло албайт экен.

 – Сизге айтылган сындарды да ошондой эмоционалдуу кабал аласызбы?

– Мурда Тиктоктон бир аял менен аябай айтышып жазышкан экенмин. Кечээ көрүп алып күлкүм келди. Башында баарын жүрөккө жакын кабыл алып капа боло берчүмүн. Биз эмес, убагында Чыңгыз Айтматовго да укмуш сөздөр айтылыптыр. Ал кишинин улуулугу – эч кимисине жооп айтпаптыр. Көп жаман сөздөр билимсиздиктен да жазылат, акылы жетик адамдар баарын аңдап, анализдеп, анан жазышат. Оозго алгыс жаман сөздөрдү жазгандар бар. Анда да жазган 25 сөзүндө 26 ката бар болот. Аларга эмне деп жооп берем? “Сен келесоосуң” дегендин деңгээлине түшүп, кыска өмүрдү ошол адамдар менен өткөрүп жиберсең, анда сен деле жакшы адам эмессиң. Жакшы адамдар менен өмүрдү көрктүү өткөрүш керек. Орундуу айтылган сындар да бар. “Эмнеге казактын обонуна сала бересиң, түпкүлүгүң кыргыз да” дешет. Бул сынды туура эле кабыл алам, өзөгүбүздү унутпашыбыз керек.

– Домбрада ойногонду качан үйрөнгөнсүз?

– Казактардын тарыхына кызыгып, көп китеп окудум. Домбраны аябай жакшы көрүп, кызыгып, өз алдымча үйрөнгөм. Чоң таенем казак кызы болгон. Кээ бирлерге домбра чертип чыкканым жакпайт, бирок артык дөөлөт баш жарбайт. Тарыхта биринчи болуп домбра чертип чыккан кыргыз эмесмин. Ашыраалы Айталиев атабыз, Осмонкул атабыз домбра менен баштаган. Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев агаларыбыз домбра чертти. Баян Акматов агабыз домбра чертет. Бул кыргыздын кенендиги, мыктылыгы. Андай улутчул болсок, анда аккордеонду, гитараны жана башка аспаптарды да ойнобошубуз керек.

– Жакынкы пландарыңыз кандай?

– Жакында Москвага чыгармачылык кечеге барабыз. Айтыштар бар, аларга даярданам. Үйлөнүүгө даряданыш керек, Бишкектен үй алышым керек. Ошко концерт берсекпи деп турабыз. Мындан чоң деңгээлде да концерт бериш керек экен деп ойлоп калдым.

 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан