Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Буларың деле жыргал күндү көрбөптүр. 15 жыл аралыгы 2 жолу соттолуп чыкканга жетишиптир. Тиги көрсөтүп жатканы сен айткан штаб беле.

– Ооба, дал ошол үй, мен бардагы штаб деле ушул жерде жайгашкан болчу.

– Мындай жолду тандагандарды 2 эле жай күтөт. Бири өлүп о дүйнөгө кетмей, бири түрмө болсо түрмө. Андан башка жолу жок. Баары убактылуу нерсе. Арам акчаң бир күнү болбосо бир күнү бир жериңди тешип чыгат да.

– Туура айтасыз, убагында мен деле оңой акчага азгырылам деп ушуну көрбөдүмбү,- ыңгайсыздана түштү Шамэл.

– Бирок, Шамэл, ойлоп көрсөм, сен буларга кошулганың эле болбосо убайын деле көрбөпсүң да, убайды эле Бүркүт менен Лёха көрчү экен.

– Чынын айтсам, мен деле ошолордун шартына көнүп кошулуп алган өзүмө таң калам. Жаныбызды карч уруп тоногон бизбиз, акчаны алган алар. Ошонун бизге эмне кереги бар эле дейм да. Чыксам эле ушулардан өч алам деп жүрчүмүн. Бирок акыркы жылдары колумду булгабай эле коёюнчу деген ой пайда болду. Чыккандан бери ошолордун жүзүн бир көрсөм дечүмүн. Ошолорго алданып калганым үчүн ичим өрттөнүп кетчү.

– Жашоодо эч бир адам жазасыз калбайт. Жараткан кимдин кандай жамандык жасаганын жакшы билет. Биз пендечилик кылып адамдардан өч алып, алардын кылганынын жообун тез эле берүүгө ашыгабыз. Бирок биз өзүбүзгө чоң зыян табат экенбиз. Мындай нерсени Жаратканга тапшырыш керек, Шамике. Сен эми мындай нерселерди ойлонуу менен убакыт өткөрбө.

xxx

Айзада бөлмөгө кирип кийимдерин алмаштырды. Убакытты өткөрбөй өткөнкүдөй эле сууга даярдап койгон уусун дагы кошуп, капкактарын бекем жаап ордуна коюп койду. Сууну карап бир саамга турду да, күзгүнүн маңдайына келди. Аңгыча сыртта “келди-келди” деп күбүр-шыбыр түшүп жаткан үн Айзадага даана угулду. Күзгүнү караган абалында өзүнүн дене мүчөсүнө суктанып турду. Каалга ачылып Жакыпов кирип келди. Айзаданын денесин майда калтырак басты. Өзүн ичинен канча башкарса дагы калтырагы басылбады. Жүзүн буруп Жакыповду караган жок. Жакыпов аны көздөй басып келип чачтарынан жыттап, белинен кучактады. Эриндер тез эле табышты. Экөө акырындык менен керебетти көздөй жылып баратты. Ал аңгыча Жакыповдун телефонуна чалуу келди.

– Алло, эмне болуп кетти, жанды койбой чалып? Ким каза болду?- деген сөзү кызга даана угулду. Кызды акырын коё берип, телефон менен сүйлөшүп терезени көздөй басты. Телефонун өчүрүп шаша-буша кийинип, кызды саамайынан сүйүп чыгып кетти. Ал чыгып кетери менен эле бөлмөгө Ася кирип келди.

– Эмнеге бул дагы кетип калды? Сен буга эмне кылып жатасың? Сен бизге акча алып келесиңби же күндө эле ушул көрүнүш кайталана береби?

– Ася эже, мен эч нерсе кылган жокмун. Мунуңуз өзү эле кетип калып жатат го.

– Сен ага жакпаган бир нерсе кылып жатасың да. Ошон үчүн кетип калып жатат. Болбосо жанында сендей кыз жатса кандай эркек кызды таштап кетип калсын?

– Ой, мен ага каршы эч нерсе кылбай элемин.

– Анда эмнеге кетти азыр?

– Ой, эмне анча тескейсиз мени, бирөө телефон чалды. Каза болду деп сүйлөшүп чыгып кетти. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок.

– Мага да сүйлөбөй кетти. Сени башкаларга сата беребизби, же али ага керексиңби ага да жооп берген жок.

– Мен кеттим, албетте, башкаларга сатпайсыз, муну өзүм дагы чече алам,- кыз кийинип бүтүп сыртты көздөй жөнөдү.

– Сатпаганды көрсөтөм сага,- Ася артынан сүйлөнүп кала берди. Кыз үйүнө жетип эле интернеттен Жакыповдун сүрөттөрүн издей баштады. Улам бирин ачып жакындатып карап отурду. Кыздын ичинде жек көрүү жана жактыруу сезимдеринин кармашы жүрүп жатты.

xxx

 Дайыр менен Алтынай уулун оюн зоок борборунан таппай калышты. Алтынай менен Дайыр ары-бери чуркап ар бир бурчту, ажатканадан бери карап чыгышты. Эч жакта көрүнбөйт. Алтынай ыйлап отуруп берди. Борбордун күзөт бөлүмүн көздөй чуркады Дайыр. Эч ким иш ордунда жок болуп чыкты. Атасына телефон чалды. Ал арада Алтынай да ата-энесине телефон чалды. Баары бир заматта оюн зоок борборуна жетип келишти. Бир заматта имараттын жетекчилиги көтөрүлүп дуу түшүп калды. Камералардын баарын карап чыгышты. Бир жигит көтөрүп чыгып бара жатканы даана түшүптүр. Жигит медициналык бет кап жана көз айнек тагынып алгандыктан анча таанылбай калыптыр.

xxx

– Экөөнү үйдө тынч жаткан жеринен козгоп, Дайыр, сен эмнеге келдиң да, эмнеге буларды ээрчитип кеттиң? Ушул сенин шумпайларыңдын эле колунан келди,- кайнатасы ары-бери кыйма-чийме басып сүйлөнүп жатты. Дайырдын апасы чыйпылыктап Алтынайдын жанында жүрөт. Эмне кыларын билбей калышты. Дайыр кимден шек санаарын билбейт, эч кимди болжой албай жатты. Көз байланып калган маалда Дайырдын атасынын телефонуна СМС келди. “Неберең биздин колдо, саат 00:00гө чейин 10 миң доллар даярдап, биз айткан дарекке кел. Ага чейин небереңдин бир тал чачына залал келтирбейбиз. Андан кийин эмне кылабыз, өзүбүз билебиз”. Дароо телефон чалды эле, өчүрүлгөн болуп чыкты. Айдоочусу шып этип жанына пайда болду.

– Эмне болду, дайын барбы?

– Менден акча алгысы келгендер экен,- телефонун сунду айдоочусуна.

– Эмне кылалы, жөнөйлүбү?

– Азыр менде даяр 10 миң доллар бар беле? Табыш керек.

– Жумабеков, Жакыповдон сурап көрүңүз да, 2 эле саатыбыз бар экен,- деди айдоочу. Кылгылыктын баарын кылган ушул айдоочусу экенин эч ким байкаган жок.

– Ата, Алан үчүн үйдү, машинаны койсок деле акча табалы. Дайырдын чый-пыйы чыгып жатты. Алтынайдын шишиген көздөрү менен бир нерсе кылыңыз дегендей жалдырап кайнатасын карады.

– Табам, эч сарсанаа болбогула,- деп айдоочусун ээрчитип чыгып кетти.

– Ал ким экенин билдиби же жөн эле акча бергени жатабы,- Алтынайдын атасы үн катты. – Ким болсо ал болсун, бизге айырмасы кайсы, уулум аман-эсен колума тийсе болду, жанынан чыкпай калайын,- Алтынай атасына башын жөлөдү.

– Силердин бул жакта бала ойнотуп жатканыңарды ким билчү эле?

– Эч ким, Дайыр, мен атам деп кайнатасын айтты.

– Тиги шумпай Дайыр атасынан акча алыш үчүн ушинткен жокпу?

– Койчу, ата, Дайыр өз уулуна андай кылбайт.

– Эми акча эмнени гана кылдырбайт.

– Жок, ата, андай дебеңиз. Дайыр экөөбүз чогуу жүрдүк. Телефон менен да сүйлөшкөн жок. Болгону кайнатам менен эле сүйлөшкөн.

– Атам менен сүйлөшүп жатам деп сени алдап койду да.

– Жок, ал сүйлөшкөндөн кийин атамдын айдоочусу бизди атамдын кеңсесине алып кеткен.

– Кайсы, жанагы азыр жанында жүргөнбү?

– Ооба, ооба, бизди атамдын кеңсесинен оюн-зоок борборуна ошол алып келген.

– Ошондой дечи. Шыпылдаган неме экен, ушундан кеткен жокпу?

– Ал антпесе керек эле. Канча жылдан бери атам менен иштешип келе жатат го,- деди Алтынай.

– Кызым, бул заманда эч кимге ишенип болбойт. Жакшы адам сыяктанып адамга жакындайт да, сокку урат. Куданын акчасын жанында жүрүп ушул билет да. Аланды кандай жакшы көрөрүн билди да, ушинтип акча өндүрүш керек деди. Биз аны мындай кылабыз,- Дайырга жөнөдү...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан