Жылдыз төлгө -2024

Коён жылы 2024-жылдын 10-февралында Балык жылына орун бошотот. Балык жылы болсо 2025-жылдын 28-январында аяктайт. Келе жаткан жылда кайсы жылдыз белгилерин кандай окуялар, өзгөрүлүүлөр күтөрүн Эл аралык астрологдор уюмунун мүчөсү, белгилүү астролог Андрей Рязанцевдин божомолу менен беребиз. 

Жылдыз белгилери үчүн жалпы маалымат

Сүйүү, үй-бүлө

Балык – жеңил келчү ийгиликтерге, романтикалык мамилелерге, сүйүүгө жол ачат. Сүйүү жана үй-бүлө курууга эң ыңгайлуу мезгилдер болуп январь, февраль, марттын биринчи жарымы, июль, октябрь, ноябрь эсептелет.

Ден соолук

2024-жыл коён жылына салыштырмалуу стресстерди аз тартуулайт. Бул  ден соолукка олуттуу зыян келбейт дегендик. Антсе дагы төмөнкү маалыматтарды билип алганыңыз оң.

• 2024-жылы кан басым, калкан сымал бездин оорулары өзүлөрүн унуткартпай, маал-маалы менен кабар берип турат.

• Май айынан тартып көңүл борборунда өпкө, ичеги болмокчу. Андыктан оорулардын алдын алууга аракет кылыңыз. 

Ошондой эле кол, буттан жаракат алуу коркунучу жогорулайт.

• 25-март-8-апрель, 18-сентябрь-2-октябрь аралыктары косметологиялык процедуралар, пластикалык операцияларга ылайыксыз. Аталган убактарда ошондой эле аллергия, баш жана бөйрөк оорулары күч алуусу мүмкүн.

• Май, июнь, августта ичеги-карын тамак-аш, вирус, бактерияларга өтө сезимтал болот. Ууланып калуу коркунучу жогору. 

• Глобалдык эпидемияга айланышы күмөн, бирок июнь, август, сентябрь, октябрда келип чыгуу себеби белгисиз болгон жугуштуу оорунун активдешүүсү, тарашы мүмкүн.

• Июнь, август, декабрда дем алуу органдарынын ооруларынын күчөшү ыктымал.

• Букачар, арстан, чаян, суу куярлар жыл ичинде  ден соолугунан санаа тартпаса болот. 

 Каржы

• Январда аздан киреше түшүп турат. Акчаны кыймылсыз мүлк, үйгө жумшаганыңыз оң.

• 10-февралдан тартып балык жылы баштала тургандыктан тапканыңыз аздан көбөйүп отурмакчы.  15-март –20-май аралыгында каржылык абалды оңдоого мүмкүнчүлүк чыгат.

Көптөр байыйт. Бирок акчаны жеңил коротпоо, пландалбаган нерселерди сатып албоо керек.

• 26-майдан кийин онлайн соода кылуу, бизнес, эко азыктарын сатуу жана туризм ишмерлиги өркүндөөгө жол алат. Эскертүүчү нерсе, өнөктөштөрдү туура тандоодон адашпаңыз.

 Кой

Жылдын башында каржылык маселелерди чечүүгө киришиңиз. Январь, февралда кошумча акча булагын издеп таап, жазында байлыгыңызды толуктай аласыз. Материалдык колдоого ээ болосуз. Сизге көңүл кош эмес адамдан да белек  аласыз. Өткөндөргө кейибей жылдын экинчи жарымында жаңы план, кыялдарды ишке ашыра баштаңыз. Июль, октябрда чечкиндүү кадамдар сизге кыйынчылыкты жеңип, ийгиликке жетүүгө шарт түзөт. Июнь, августта сын, кеңештерге көңүл буруңуз, чоң талаш-тартышты жаратпаңыз. Болбосо катаңыздын айынан көптөр менен мамилелер бузулуп, туюкка камалат. Жыл аягында пландалбаган кече, жолугушууга туш болуп, эстен кеткис көз ирмемдерди баштан өткөрөсүз.

 Букачар

Жылдын 1-жарымында ишкер өнөктөштөр, тааныштардын арты менен өзүңүздү өстүрүүгө, пайдалуу иш-чарага катышууга, билим багажын байытууга, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтүүгө жетишесиз. Апрелда артка жылдырылып келген сапарга аттанасыз. Жылдын 2-жарымында байлыкты көбөйтүүгө, жакындарга жардам берүүгө, көптөн күткөн нерселерди сатып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Жакын санаалаш, бир туугандардын жардамы менен үйүңүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрө аласыз. Июлда эс алууга акча, убакыт табылат.

Топтолуп калган маселелерди чечүү менен чектелбей, ден соолукка көңүл буруңуз. Анткени август, сентябрдагы түйшүктөр, иштер саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизет. Ноябрь, декабрда кайсы бир убактарда бирөөлөргө берген карыздарыңызды кайтарып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Аракет  кылып акчаңызды алыңыз да, аны ойлогон нерселериңизди сатып алууга жумшаңыз.

Эгиздер

Жылдын башында үй иштери, ден соолукту бекемдөө менен алектенесиз.  Буга чейин сиз колдоо көрсөткөн адамдардын жардамы аркылуу жаңы иштерге киришесиз. Мартта, майда күтүлбөгөн жерден келген кымбат белек же акчанын арты менен каржы маселеңиз чечилет. Ошого жеңилдей түшүп, июлда кызыктуу эс алууга жетишесиз. Август, сентябрда айткан катуу тамаша, комментарийлериңиз  сиз менен баарлашкан адамдарда негативдүү реакция жаратып, ушактар, кыска убакытка созулган чыр-чатактар күтүлөт. Октябрь, ноябрда ишкер жолугушуулар ийгиликтүү өтөт. Товар алып келүү, өткөзүү, маанилүү кат жиберүү сыяктуу маселелер оңой чечилет. Декабрда эски жана жаңы достор өздөрүнүн иш тажрыйбасы, билгендери менен бөлүшөт, бул сизге өтө пайдалуу болмокчу.

 Бөйөн

Жыл көптөр менен баарлашуу, сапарга чыгуу менен башталат. Ошондой эле январда, мартта жумушуңузга жана жекече ишиңизге байланыштуу чыккан сапарларыңыз кызыктуу өтөт. Ишкер иш-чарага катышуу же табият коюнуна чыгуу менен моралдык жактан эс алып, маанилүү маалыматтарга ээ болосуз. Иште мыкты ийгиликтерди жаратасыз, бирок иш деп отуруп жакын адамдарыңыздын даталуу күндөрүн өткөрүп жибербеңиз. Барыңыз, кеченин же пикниктин кадырман коногу болуңуз. Майдагы жылдыздуу түндөр сүйүү жаатындагы жолугушуулар үчүн мыкты убакыт. Июнь, июлда үй-бүлө мүчөлөрү жана жетекчилик сиздин сунуш, талабыңызга “ооба” же “жок” дебей жообун созушат. Катуу айтсаңыз чыр чыгат жана маселенин чечилиши артка тартылат. Октябрда далилдериңиз ынанымдуу болуп, таасирдүү адамдар сиздин таламды талашып, документ, каржы жааттагы маселеңиз чечилет. Ноябрь, декабрда көп жана жакшы иштеп,  байлыгыңызды көбөйтөсүз.

 Арстан

Өжөрлүк жана чыдамдуулукту көрсөтүү менен алгачкы 3 айда таасирдүү адамдардын көңүлүн таап сүйлөшүп, документ жана акча маселесин чечесиз. Май айында жетекчинин креслосунда отуруп калууңуз ыктымал. Июнь жана сентябрда ыңгайлуу убакытты кайсы бир себептер менен өткөрүп жибересиз. Ошого байланыштуу кыйынчылыктар менен өзүңүз күрөшүүгө туура келет. Августта болгон мүмкүнчүлүктү коммерцияга жумшайын деген аракетиңиз өзүн актабайт, акчаңыз текке кетет. Ноябрда майда-чүйдө иш, маселелерди, күмөндөнүүнү жыйыштырып, аракетке өтүңүз. Коркууңузду жеңип, ишкер жолугушууларды мыкты уюштуруп, өткөрөсүз. Маанилүү иш-чарада чыгып сүйлөйсүз, иш боюнча сапарларга чыгасыз. Декабрда сизге жетишилген ийгиликти гана сактап калуу калат. Өнөкөт ооруңуз кармаганда мыкты дарыгердин кеңеши айыгууга салым кошот.

Бийкеч

Жашооңузга жакын адамыңыздын аралашуусу, достор жана бирге иштешкендердин кеңеши сиз чочулуп күткөндөй терс жыйынтык бербейт. Январь, февралда алар сиз кетирген кемчиликти баамдашып, убагында аны четтетүүгө жардамдашат. Июнда акчаңызды үнөмдөңүз. Август, сентябрда иште, сапарларда жаралган тоскоолдуктар менен алыша берип, арып-азып, чарчайсыз. Андыктан дем алыштарды толугу менен эс алууга жумшаңыз. Октябрда чөйрөңүздөгү жакшы адамдардын жардамы менен сизге бут тоскон, сиз менен бирөөлөрдүн ортосуна от жаккан адамдан кутула аласыз.  Октябрь – сизди сатып алуулардан жолдуу кылат. Дакабрда жетекчилик менен жекече сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Сүйлөшүү карьерадан жогорулоого, каржыңыздын көбөйүшүнө тепкич болуп бермекчи.

Бойдоктор жазында өзүн жактырып жүргөн адамды байкашып, ал менен жакындан таанышып, мамилелери келишет. Баш кошуулары мүмкүн.

Тараза

Жылдын башында каржы маселелерин чечүүгө, документтерди, ден соолукту калыпка келтирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Март, май айларында таасирдүү адамдар жумушта көтөрүлүүңүзгө салым кошушат. Пландалган иштер, бизнес алга жылат. Чоң нерселерди сатып алууңуз мүмкүн. Июнь,  август, сентябрда сизге жеткен ушак, жаңылыктар тең салмактан чыгарат. Бирок өзүңүздү колго алып, баарын тең салмактап, анан чечим кабыл алууңуз кажет. Болуп жаткан окуянын сыртынан карап, ким эки жүздүүлүк кылып, 2 фронтто ойноп жатканын, кимдер сизге жан тартарын биле аласыз.

Октябрда кошумча алган билим, жаңы маалыматтар пайдасын тийгизет. Жаңы түптөлгөн кызматташтыктын өмүрү узун, жыйынтыгы жемиштүү болот. Жылдын акырында көптөн күтүлгөн сапар, жолугуушулар орун алат.

 Чаян

Ийгиликтен үмүтүңүздү үзбөй туруңуз, жылдын башында эски дос, тууган жана сүйүктүү адамыңыздан жакшы жаңылыктарды угасыз. Алар менен чогуу-чаран февраль, мартта чоң долбоорду ишке ашырасыз. Май айында алыскы жактарга барып, жер көрүү, эс алуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Жылдын 2-жарымында таасирдүү адамдардан жумуш боюнча сунуш алып, келечектүү ишке июль же ноябрда орношосуз. Августта уккан маалыматтарды туура ылгап, иш кылбасаңыз сүйүктүү адамыңыздын ишениминен чыгып каласыз.

Сентябрда кезектеги катаңызды моюнуңузга алып, “катачылык чөйрөдөгүлөрдүн азгырыгынан болду, акыйкат жок” деп наалыганды токтотосуз. Октябрда тобокелге салсаңыз бир топ кошумча акчага ээ болосуз. Күтүүсүз келген коноктордун ичинен сизге көзү түз адам табылып, таанышуу жолугушууларга эшик ачат. Жыл жагымдуу сюрприз менен аяктайт.

Жаачы

Сизге январдан тартып мартка чейин  кошумча иш сунушталат. Макул болуңуз, анткени кошумча иш сизди убак-убагы менен жаралчу каржы кыйынчылыгынан куткарат. Андай сунуш сизге кайра түшпөйт.  Июнда сизге жөнү жок айып таккан сынчылар чыгат. Алар ошо менен сизге болгон таарыныч, ич күйдүлүгүн чыгарып алгылары келет. Мындан тышкары сизге жакындашып, сиздин артыңыз менен акча тапкысы келгендер да пайда болот. Андыктан баарын орду менен ордуларына коюп, мителерди жолотпоңуз. Ишкер өнөктөштөр, үйдөгүлөр июлда жакшы идея айтышат. Алар менен чогуу болсоңуз, киреше алып келчү кызыктуу долбоорду баштайсыздар. Ноябрь, декабрда тагдыр сизди ийгиликтерден жолдуу кылат. Жаздан кийин бойдоктордун колун сурагандар чыгып, тойго чакырууларды таратышат.

Текечер

Жылдын башында ишкер жолугушууга же онлайн иш-чарага даяр туруңуз. Жөндөмүңүз менен таанылууга экинчи ирет мүмкүнчүлүк болбойт, сиздин чыгып сүйлөөңүз карьераңыздын же окууңуздун келечегин чечет. Сиздин тырышчаактыгыңыздын артынан апрелде, майда сапарлар, алыстагы адамдар менен жолугушуу уюштурулат. Бул жашооңуздагы бурулуштун бири болот. Жайдын башында сизде үйдөгүлөргө таарыныч жаралат. Кимдики туура болбосо, чекилик кимден кетсе ошо менен жекече чечишип алганыңыз оң. Июлда маанилүү ишти бүттүрүп, үйдү оңдоп-түзөөгө салым кошосуз. Июлдун аягында бир аз эс алып, саякатка чыгасыз. Кечеге да барууңуз ыктымал. Сентябрда жетекчиликке туура эмес сүйлөөдөн карманыңыз, болбосо мамилелер татаалдашып кетет. Ноябрда жеке жашооңузга байланыштуу маселелер чечилип бүтүп, жеңилдейсиз. Карьерадан жогорулооңуз да күтүлүүдө. 

Суу куяр

Жаңы жылдык майрамдардан кийин аягы түгөнбөгөн иштерге киришер алдында кеңештерди эске алыңыз. Ошондо жакшы жыйынтыктар жаралат. Февраль, марттагы ишиңизди жетекчилик баалайт, андыктан тапканыңыз көп болот. Майда күнүмдүк иштерден, жагымсыз ойлордон арылуу үчүн үйдөн алыс эс алыңыз. Июнда ушактар, интригалардан башыңыз айланат. Бул сизди ойлонбогон кадамга түртүшү мүмкүн.

Жылдын 2-жарымында сизди түрдүү идеяларга бай адамдар курчайт, алардын арты менен ишиңиз алга жылат, жеке жашооңуз түстүү өң алат. Ишке ашкан пландар, жетишилген ийгиликтер сизде өз күчүңүзгө болгон ишенимди бекемдейт. Ноябрда жакын санаалаштардын сюрприздери кубандырат. Жылдын аягында өзүңүзгө чоң буюм белек кыласыз. 

Балык

Жылдын биринчи жарымында ишенимиңизге ээ болгон адамдарга жакын болуңуз. Алардын деми, акылы менен баштаган долбоор, иштериңизди аягына жемиштүү чыгара аласыз. Январь, февраль айларында максаттарга жетүүгө көп күч жумшайсыз. Ошого жараша ийгилик да жылмаят.  Апрелде алыстан жакшы кабар угасыз. Окутуп-үйрөтүүчү долбоорго катышып, кызыккандарга өзүңүздүн да долбоорду, идеяларды сунуштайсыз.   Мындай мүмкүнчүлүк ички дареметиңизди ачып, жеке жашооңузду жолго коюп алууга шарт түзөт. Июнь, августта жаңы тааныштар чыгымдуу, кооптуу ишке түрткүлөрү келет. Сак болуңуз, мактоолорго азгырылбаңыз. Октябрда жаңы кирешелүү иш табылат. Ойлонбой макул болуңуз. Ал иште иштөө менен гана кирешеңизди көбөйтүп, жеке ишкана ачууну пландоого жетишесиз. Ноябрда жол жүрүүдө абайлаңыз, кокустуктарга туш болуу коркунучу жогору. Декабрда жаңы сатып алуулар ырахат тартуулайт.

 Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан