КЫШЫНДА БЕТТИ СУЛУУ ЖАНА ЖЫЛМАКАЙ АЛЫП ЖҮРҮҢҮЗ

Сыртта суук, муздак шамал, а үй ичинде жылытуучу каражаттардан улам аба ысык жана кургак. Ошондуктан терисинде көйгөйү жок адамдардын да кышында териси кургап, сезгич болуп, түлөп башташы мүмкүн. Суук мезгилде териге кам көрүүдө эмнелерди эске алышыбыз керек? Косметолог Бегимай Жаркынбай кызы айтып берет.

 Кышында териге туура кам көрүү эмне үчүн маанилүү?

Кышында теринин кургашы жана түлөшү температура өйдө-ылдый болгондо суу балансынын бузулуусунан келип чыгат. Ошондуктан ар бир сезондо кийимдерди алмаштыргандай эле, териге кам көрүүнү да коррекциялоо кажет. Косметикалык каражаттарды тандаарда жакшылап курамына, сапатына көңүл буруп, адис менен кеңешип, териңиздин тибине жараша тандаган жакшы. Тери кургактан, сууктан, шамалдан кургайт, түлөйт, кызарып купероз көбөйөт. Негизи эле териге кам көрүүдө үйдөгү туура кам көрүү чоң мааниге ээ.

Кышкы кам көрүүнүн негизги милдети – сууктан жана үй ичиндеги ысык абадан жабыркаган теринин бузулган эпидермистик катмарын калыбына келтирүү. Бул үчүн эпидермистин катмарынын клеткаларын "бириктирүүчү" жана сууктан, шамалдан, чаңдан жана башка зыяндуу факторлордон коргоочу каражаттар жакшы.

Экинчи маанилүү учур – терини азыктандырууну жана нымдандырууну күчөтүү. Текстурасы тыгыз жана майлуу каражаттар терини түн ичинде калыбына келтирүү үчүн жакшы жардам берет. Ошондой эле курамынды коллагени, ретинол, пептиддери бар каражаттарга басым жасаганыңыз оң.

Башка мезгилдегидей эле, кышында да тамак-ашты жакшы карап, жылуу суу ичиш керек. Суукта эгер теринин түсү күңүрт болуп жатса, витаминдер жетишпей жатканы. Кургап жатса, демек, нымдуулук жетишсиз.

Суукта териге кам көрүүнүн 5 эрежеси:

1. Жумшак каражаттарды колдонуңуз. Кышында тери түлөгөн сайын анын түлөөсүн кетирүү үчүн колдонулган скраб, маскаларды жумшагыраак түрүнө алмаштырыңыз. Бул теринин кызарып, кычышуусунун алдын алат. Терини түлөтүү жыл бою маанилүү – ал теринин регенерациясын тездетүүгө жардам берет жана сиңирүү касиеттерин жакшыртат. Андыктан абразивдүү бөлүкчөлөрү бар скрабдын ордуна, шаровиддик синтетикалык бөлүкчөлөрү бар гоммажды же аз концентрацияда АНА жана BHA кислоталарын камтыган эксфолиант кремди колдонуңуз.

2. С витамини бар кремдерди жана сывороткаларды колдонуңуз. С витамини суук айларда териңиздин жайкы түсүн сактоого жардам берет. Ал терини жылтыратат, бекемдейт, тышкы агрессорлордон коргоого жардам берет жана коллагендин иштелип чыгуусун жакшыртат. Коллаген болсо териге бырыш түшүүнүн алдын алат. Курамында С витамини, антиоксиданттар бар каражатты тандаңыз.

3. Териңизди туруктуу нымдандырып туруңуз. Кышында кадимки нымдандыруучу кремге жогорку жана төмөнкү молекулалуу гиалурон кислотасы, азулен жана центелла экстракты бар сыворотка кошушуңуз керек. Бул компоненттер эпидермистин терең катмарларына кирип, аны нымдандырып гана тим болбостон, теринин жабыркаган жерлерин да калыбына келтирет.

Нымдандыруучу кремди тандоодо текстурага көңүл буруңуз. Флюиддер жана эмульсиялар кышка ылайыктуу эмес – бул жеңил нымдагычтар көпчүлүк тери түрлөрү үчүн жай мезгилинде жакшы. Сыртта суук, үй ичинде жылытуу шаймандары иштеп турганда кремге өтүү керек.

4. Бет тазалоочу каражатыңыздын текстурасын өзгөртүңүз. Эгер жайында гель-текстуралуу же көбүктүү бет тазалоочу каражатты колдонгон болсоңуз, температура төмөндөй баштаганда аны крем-гелге, крем же май формуласы бар каражатка алмаштырганыңыз оң.

Кышында териде эпидермистин үстүнкү катмарын кургап кетүүдөн коргогон себум азыраак бөлүнүп чыгат. Ошондуктан жумшак каражаттар менен жумшак тазалоо майды ашыкча кетирүүнүн алдын алууга жана гидролипиддик коргоочу мантияны сактоого жардам берет.

Суук айларда макияжды тазалоо үчүн кремдерди, майларды, бальзамдарды жана мицеллярдык сууну колдонсоңуз болот. Бул каражаттар гидролипиддик май балансын бузбастан макияжды натыйжалуу кетирет жана тешикчелерди терең тазалайт.

5. Күн бүркөк учурда да SPF каражаттарын колдонуңуз. “SPF-кремдерин кышында колдонбой койсо болот” деген жаңылыш ой болбосун. SPF кышкы териге кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болушу кажет, анткени жылдын ушул мезгилинде да ультрафиолет нурлары активдүү, кышында деле ультрафиолет нурлары бетке пегменттик тактарды, бырыш түшүрөт, терини бузат, мындайча айтканда, теридеги коллагенди сындырып коёт. Негизи кышында SPF`тин коргоочу деңгээли 15-25тен кем эмес болсун деп айтышат, бирок 30дан кем эмес болсо жакшы. Суук мезгилде SPF-кремди үйдөн чыгарда аз дегенде 20 мүнөт мурун сыйпоо керек.

 Кандай косметикалык процедуралар ылайыктуу?

Кыш мезгили – узакка калыбына келтирүүнү жана күн нурларынан качууну талап кылган натыйжалуу процедураларды колдонуу үчүн идеалдуу мезгил. Алардын бир нечесин атап өтөлү:

1. Лазердик шлифовка. Процедура бырыштарды, пигменттик тактарды, майда тырыктарды жана чоңойгон тешикчелерди тазалайт, терини жылмакай жана сулуу кылат.

2. Орточо химиялык пилинг. Безетки тактарынан, майда бырыштардан, ылдый түшкөн териден арылууга жардам бере турган дагы бир терини жаңылоо ыкмасы. 

3. Сулуулук уколдору. Аппараттык процедуралар натыйжалуу болушу үчүн теринин жандуулугуна жана ички ресурстарына кам көрүү керек. Ошондуктан косметологдор мезотерапияны, биоревитализацияны же плазмалык лифтингди сунушташат.

4. Профессионалдык кам көрүү. Кышында үйдөгү азыктандыруу жана калыбына келтирүү тери үчүн жетиштүү болбойт. Анын сулуулугун сактоо үчүн профессионалдык косметиканы колдонуу менен кам көрүү программалары сунушталат.

Кандай процедураны тандабаңыз, сөзсүз адис менен кеңешиңиз.

 Гулийпа Маметосмон кызы 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан