"КОМПАНЬОНДОН" 2 МИЛЛИОН

Компаньон Банк «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына акчалай сыйлык тартуулайт

Көп кыйналбай алты нөлдөн турган акча алгыңыз келеби? Компаньон Банкы дал ушундай мүмкүнчүлүк тартуулайт! Андыктан дароо азыр ири акчалай сыйлыктар каралган «Компаньондон 2 миллион» жаңы акциясына кошулуңуз. Биринчи миллионер болуш үчүн эмне кылыш керек? Мында кокустукка эч ишенбеңиз – ийгилик сиздин аракетке жараша болот. Ал үчүн туугандарды, досторду жана тааныштарды рефералдык шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесине чакырыңыз жана ошондо сиздин джекпот утуу мүмкүнчүлүгүңүз эки эсе жогорулайт! Экинчи миллионду мобилдик тиркеменин продукттарын жана сервисти эң активдүү колдонуучу алат. Азыр баарын толук айтып беребиз.

Акцияга кантип катышууга болот?

Акцияга катышуунун шарты эң жөнөкөй – ал үчүн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучусу болуу керек. Эгерде сизде дагы деле тиркеме жок болсо, анда Google Play же App Store аркылуу смартфонго көчүрүп алып, аралыктан же банктын кеңселеринен идентификациядан өтүңүз жана жакындарды рефералдык шилтеме аркылуу чакыруу үчүн автоматтык түрдө 50 сом алыңыз.

 Рефералдык шилтеме деген эмне жана аны менен кантип акча тапса болот?

Рефералдык шилтеме – бул ар бир колдонуучу үчүн тиркемедеги өзгөчө символдор жана сандар топтому менен түзүлгөн өзгөчө линк. Аны бардык мессенджер аркылуу жакын адамдарга жибериңиз. Жөнөтүлгөн шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесин көчүргөн ар бир катышуучу үчүн 50 сомдон акчалай сыйлык берилет. Катышуучуларды кошуу үчүн чектөө жок. Чакырылгандар канча көп болсо, ошончо көп бонус ошол замат сиздин тиркеменин балансына которулат. Ошондой эле андан өзгөчө шилтеме аркылуу канча адам «Компаньон» мобилдик тиркемесине өткөнүнө жана жаңы колдонуучу болуп калганын көрүп турууга болот.

Бул дагы эчтеке эмес! Ай сайын акциянын эң активдүү 10 катышуучусу эки номинациянын ар биринен 5000 сомдон
50 000 сомго чейин акчалай сыйлык алат:

•  чакырылган жана идентификациядан өткөн эң көп колдонуучулар үчүн;

• «Компаньон» тиркемесиндеги эң көп операция аткарылган активдүүлүк үчүн; 

Эң көп колдонуучу чакырган жана мобилдик тиркемеде эң жогорку активдүү болгон катышуучулар акцияны өткөрүү убагында “Компаньондон 2 миллион” супер байгеси үчүн атаандаша алышат! Финалда ар бирине
1 000 000 сомдон сыйлык бериле турган эки жеңүүчү аныкталат.

Активдүү бол жана миллион утуп ал!

Компаньон мобилдик тиркемеси – бул 500дөн ашык банктык жана башка финансылык кызматтар, ыңгайлуу интерфейс жана ишенимдүүлүк!

Акциянын толук шарттары www.kompanion.kg Компаньон Банкынын расмий сайтында.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан