Жаңы жылдык дасторконго салаттар 

Жаңы жыл майрамы түркүн даамга толгон дасторкон менен көрктүү. Классикага айланган салат-закускелерди, таттууларды коюуну же өзгөчөлөнтүп жаңысын кошууну пландап жатсаңыз керек. Биз сунуштаган салаттардын рецепттери 2024-жылкы дасторкондун планын түзүүгө жардам берсин. 

Өзгөчө даярдалган мимоза 

 Керектелүүчү азыктар

(3-4 порция үчүн):

Сабиз – 150 грамм

Жумуртка – 5 даана

Туздалган балык эти – 100 грамм

Майонез – 3 аш кашык

Кетчуп – 1 аш кашык

Салат жалбырагы – 1 боо

 Даярдоо ыкмасы:

1. Сабиз менен 5 жумуртканы сууга бышырып алабыз. Жумуртканын агын бөлүп алып, сүргүчтөн өткөрүп же ичке туурайбыз. Сабизди да сүргүчтүн ичке тишинен өткөрүп алабыз. Экөөнө майонездин жарымын кошуп аралаштырып, 2-3 кашыкты тоголок же сүйрү формага келтирип, жумуртканын сарысын майдалап ага оонатабыз. Салат жалбырактарына салабыз.

2. Калган 4 жумуртканы жарым-жартылай бышыруу үчүн (пашот) сууну кайнатып, кайнап чыкканда отту азайтабыз. Алдын ала чыныга чегилген жумуртканы бир дем менен куюп, 3-4 мүнөткө коёбуз. Суудан сүзүп алып, тарелкадагы салаттарга жайгаштырып сарысын агыза кесебиз. Балык этин туурап, салаттын жанына жайгаштырабыз.

3. Калган майонез менен кетчупту кошуп аралаштырып, салаттын үстүнө куюп коёбуз.

 

Бөдөнө менен ашкабактан салат

 Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Бүтүн бөдөнө – 1 даана

Ашкабак – 200 грамм

Шпинат – 1 боо

Анар – 1 даана

Соусу үчүн:

Жалбыз – 3 талча

Кинза – 3-4 талча

Сарымсак – 2 тишче

Өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөдөнөнүн ордуна башка мал этин колдонсоңуз да болот. Этти колдо бар татымалдар менен 20 мүнөт маринаддап коёбуз да, бөлүктөргө бөлөбүз. Көмөч казанга бир аз май куюп, ысыганда этти салып кызартып кууруп алабыз.

2. Ашкабакты аарчып, чарчы туурап, 180 градуста ысып турган электр мешинде 10-15 мүнөт коюп бышырабыз.

3. Соуска керектелчү азыктарды блендерге салып эзебиз.

4. Шпинатты же салат жалбырагын соустун жарымы менен аралаштырып, тарелкаларга салабыз. Үстүнө эт менен ашкабакты жайгаштырып, калган соустан куюп, анар данегинен себелеп дасторконго узатабыз.

Классикага айланган цезарь 

 Керектелүүчү азыктар

(4 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 250 грамм

Помидор – 2 даана

Салат жалбырагы – 1-2 боо

Нан кесимдери – 200 грамм

Пармезан сыры – 100 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Зайтун же өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Соусу үчүн:

Жумуртка – 1 даана

Зайтун майы –50 миллилитр
Горчица – 2 чай кашык
Сарымсак – 1 тишче

Кумшекер – 1 чай кашык

Туз – 1 чай кашык (бөксө) Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин жука тилимдерге бөлүп, туз, мурч себелеп, көмөч казанга бир аз май куюп эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Аны каалагандай туурасаңыз болот.

2. Нандан кытырактарды даярдоо: Майга эзилген сарымсакты кошуп, туз, мурч себелеп аралаштырып бир аз отко коюп же микротолкундуу меште ысытып алабыз. Ошондо сарымсактын даамы майга жакшы чыгат. Нан кесимдерин чарчы бөлүктөргө бөлүп, ага майды куюп аралаштырып, 180 градуста ысытылган электр мешине салып кызартып чыгарабыз.

3. Соус даярдоо: Жумуртканын үстүнө кайнак суу куюп 2 мүнөт күтөбүз. Андан ашык кармабоо кажет. Эми соуска керектүү азыктарды, жумуртканы блендерге салып эзип алабыз.

4. Табакка салат жалбырагын, чарчы тууралган помидор, тоок эти, нан кытырактарын салып, соусту кошуп аралаштырабыз.

5. Тарелкаларга салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп дасторконго коё бериңиз.

 Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан