Улан Сыдыков, тамада: "ҮЧӨӨБҮЗДҮ МЫКТЫ ТАМАДАЛАР ДЕШЕТ"

Кыялында ырчылыкты эңсеген жигит 13 жылдан бери тамадалыкты аркалап келет. Жыл сайын “быйыл сөзсүз ырчылыкты баштайм” деген Улан мырза быйыл да салтты бузбай, алдыга ошол планын коюптур. Эмнеге ырчылыкка кирише албай жатат? Тойлор тажаттыбы? Суроолорго жоопту маектен табасыз.  

 – Улан мырза, алгач өзүңүз тууралуу кенен маалымат алсак...

– Жарайт. Мен 1987-жылы 1-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулгам. Кичинемден ырчы болгум келет. Музыкалык окуу жайга тапшырайын десем, ата-энем каршы болуп, ОшМУнун юриспруденция факультетине тапшыргам. Кесибим боюнча юристмин, бирок юрист болуп такыр иштеген жокмун.

– Ырчылыкты кыялданган мырзанын бала кези кандай өттү? Адатта, сиз курактуулар “балачагыбыз кызыктуу өткөн” деп калышат.

– Кичинемден эмгекке бышып чоңойдум. 6-класстан тарта дарыядан таш чогултуп акча таптым. Суудан чогулткан ташты унаага жүктөп берип, бир күндө 500-1000 сом тапчубуз. Ал кезде бул чоң акча эле да. Акча тапкан сайын ого бетер иштегибиз келчү. Ата-энем тамеки заводдо иштегендиктен үй жумуштарын да биз кылчубуз. 5 бир тууганбыз. Эжем, 3 иним бар. Үй жыйнап, тамак жасап, тандырга нан жапчумун. Менден кийинки иним экөөбүз кичүү 2 инибизди чоңойттук. Бир жолу иним экөөбүз бир убакытта окуп калдык эле, атайын башка класска которулгам. Анткени иним түшкө чейин, мен түштөн кийин балдарды карашым керек болчу. Бала кичинесинен эмгекчил болуп чоңойсо, кийин пайдасы гана тиет экен.

– Мектепте кандай окудуңуз? Жогорку класстагы окуучулардан токмок жеп калдыңыздарбы?

– Жалаң "5ке" окудум. Мунун турмушума чоң пайдасы тийди. Ооба, жогорку класстагылар урушчу, үйүнө алып барып жумуш кылдырышчу, талаага иштетишчү. Ошол системди биз бузганбыз. Кичүүлөрдү чогултуп, “биз да силерге тийбейбиз, силер да өзүңөрдөн кичүүлөргө тийбейсиңер” дегенбиз. Ошондон кийин токтогон.

– Тамадалыкка жол кантип башталды?

– Студент кезде бир ресторанда ырдагам. Ошондо музыкант “жакшы ырдайт экенсиң, иштебейсиңби” деди. Телефонумду алып калган, кийин чалып бир ресторанга жөнөттү. Барсам, ырдатып көрүп, диджей кылып жумушка алышты. Иштеп жүрдүм. Той алып барганга ар кандай тамадалар келет, кагаздан окуп алып баргандары да бар. Аларга “мындай кыл, тигиндей кыл” деп үйрөтөм. Кээде ушуларга үйрөтүп отурбай, тойду өзүм алпарсам эмнеге болбойт деп ойлонуп калчумун. Бир ирет досумдун иниси үйлөндү. Тойго даярданып жатканда жардам бергем. “Тамада сүйлөшүп берейинби?” десем, “кереги жок, сен алып барасың” дейт. “Мен алып бара албайм” десем болбой эле, “сага ишенем” деп койду. Ошентип биринчи жолу той алып баргам. Музыка жаңырганда микрофонду кармап алып эл алдына чыгып баратам, колдорум титирейт (күлүп). Биринчи антрактка чейин ошентип сүрдөдүм. Андан кийин бир аз көнүп калдым. Күндө тамадалардан уккан сөздөрдү жаттап алгам, адашып кетпейин деп тез-тез сүйлөгөм. Ошол эле жерден экинчи тойго буюртма түштү. Ошентип уланып кетти. Анан бир жылдан кийин кадимкидей эле чоң тамада болуп калдым. 

– Ошто башка кыйын тамадалар бар, атаандашуу болобу?

– Ошто жүздөн ашуун тамада болсо керек. Атаандаштык күч деле эмес. Себеби биз ордубузду таап алганбыз. Ошончо алып баруучулардын ичинен жактырып, жакшылыгына чакырган той ээлерине терең ыраазычылыгымды билдирем.

Бирок эл тараза, эл сынчы дейт го. Эл Иманкул Шарипов жана Аман Ибраев үчөөбүздү "жакшы алып барасыңар, мыктысыңар" деп көп айтышат. Бирок жакшы алып барган тамадалар көп мен билгенден.

– Сиздин оюңузча силер эмне менен өзгөчөлөнөсүздөр?

– Биринчи кезекте изденүү зарыл, анан бирөөнүн жасаганын кайталабай, өзгөчөлөнгөнгө аракет жасаш керек. Билимдүүлөр алдыда болот баары бир. Антейин десек, билимдүү тамадалар деле көп, бирок изденишпейт, жалкоо, программасын өзгөртүшпөйт. Кыскасы, эл өзү таразалайт баарын. Эл өзү иргеп, тандап алат.

– Тойлордо индия ырларын ырдагандыгыңыз менен да айырмаланат окшойсуз...

– Ооба, мени кыргыздын Жими тамадасы дешет. Тойлордо индиянын ырларын тамашалуу номерлер менен ырдап жакшы таанылдым. Кичинемден индия ырларын көп угуп, көп ырдачумун. Ошондон улам тойлорду да кызыктуу кылыш үчүн ушундай номерлерди кошком.

– Тойлордо эмнени өзгөртүш керек деп ойлойсуз?

– Кечээ жакында Бишкекте Аскар Салымбеков тамадаларды чогултуп, тойдун форматы тууралуу талкуулашыптыр. Бизди чакырышкан жок. Менде даяр программа бар. Көптөн бери ошону ойлоп жүрөм. Тойду 3 сааттык кылыш керек. Коноктор кечки саат жетиден кечикпей келиши зарыл. Бир гана антракт болуп, 2 эле тамак тартышлышы кажет. Адамдын курсагы деле 1-2 тамактык эле да, туурабы? Ошондо ысырапкерчилик да жок болот. Азыр 4 тамак берип жатпайбызбы. Коноктордун санын 300дөн ашырбаш шарт. 500-600 адам чакырып алышат, ошол 500 адамдын тоюна кайра барыш керек да. Эл тойдон тажаган жок, кошумчага акча таппай калып жатышат. Аз адам чакырса, алар барчу той да азаят. Анан тойго 50 жашка чейинкилерди гана чакырыш керек деп ойлойм. 70-80деги ата, апалар колонканын түбүндө отуруп калышат. Музыкадан башы ооруп чарчап кетишет. Аларды үйдө эле тосуп, баштыгын берип жиберсе болот.

– Сиздин ставкаңыз канча?

– Ошто 500 доллар. Башка жакка чакырса үстүнө кошулат. Бишкекке да бат-баттан чакырып турушат. Бир айда 5-6 жолу барып келебиз.

– Тойдон алыстагыңыз келген учур болдубу?

– Тажадык дебейбиз. Шүгүр деш керек. Кудай кандай берсе, ошондой алып коёт. Тажадым десең, эртең эле алып коёт. Эл тойдон тажадык деп калды эле, эмне болду, пандемия болуп баарыбыз үйдө отуруп калдык го. Той болуп турганы эле жакшы экен деп калдык.

– Кичинеңизде ырчы болгуңуз келчү экен. Азыр деле ырчы болсом дейсизби?

– Жылда “быйыл ырдап чыгам” дейм 10 жылдан бери. 2024-жылы баштайм, буюрса (күлүп).

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга 10 жыл болду. 3 кызыбыз бар. Жубайым мени колдойт, түшүнөт. Бул жашоодо өтө маанилүү экен. Кайсы убакта келсем да, түнкү саат үч же беш болобу жаркылдап тосуп алып чайымды берет. 2 күн алыска кетсем, сагынышып калабыз. Кыздарыма жумшак атамын. Бирок кээде катуу болуп коём. 6 жаштагы кичүү кызым бир нерсе десе эч жок дей албайм. Улуу кыздарым ошону билишет, сиңдисине айттырышат. Балдардын билиминен акча аябаш керек, жакшы жерлерде окутуш шарт. Кийин кыздарымдын кара жумушта иштеп кыйналышын каалабайм. Анан да аларга эмгекчил болууну үйрөткүм келет. 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан