ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-декабрдан – 31-декабрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Бардык маселелериңизди бир убакта чечүү мүмкүн эмес болсо да, аракет кыла бериңиз. Ийгилик сизге жылмайчу күн келет. Шаршембиде маанилүү маалымат угасыз. Эл алдына чыгып сүйлөп калышыңыз мүмкүн, бул сиздин келечегиңиз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Саякатка чыгууга ыңгайлуу апта. Ал эми романтикалык мамилелерди баштоо үчүн анча ылайыктуу мезгил эмес. Кандайдыр бир чоң окуя болуп, андан соң жашооңуздун жаңы этабы башталышы күтүлөт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жаңы долбоорлор, чогу иштешүү сунуштары түшөт. Алдыда болчу  өзгөрүүлөрдү алтынчы сезимиңиз менен туясыз. Материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шейшембиде маанилүү чечимди жалгыз кабыл албашыңыз керек. Эски таарынычтарды кечирип, жаңы нерселер жөнүндө ойлонсоңуз жакшы болот. Жеке мамиледе иллюзия менен жашаганды токтотуңуз, болбосо реалдуулукта экинчи түгөйүңүздү табуу кыйынга туруп калат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптаны жакындарыңыз менен жагымдуу маанайда өткөрөсүз. Пландарыңыз акырындап ишке аша баштайт. Жумушта оюңуздагыдай  айлык акы төлөнүп берилет. Күчтүү энергияңыз, активдүүлүгүңүз менен көп иш чараларда адамдардын көңүл борборунда болосуз. Жалгыз бой эгиздер сүйүктүүсүн табышат, социалдык желедеги таанышуулар да экинчи түгөйүңүздү табууга жардам берет. Үй-бүлөлүүлөр түгөйү менен сый мамиледе калууну кааласа, өзүн таңуулай бербеши керек.

 

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптада жакындарыңыз менен адаттагыдан да жумшак болушуңуз керек болот, алардын бирин таарынтып алуу коркунучу бар. Абдан келечектүү сунуш түшөт, эгер өзүңүздөгү болгон билим, тажрыйбаны колдонсоңуз сынактан өтөсүз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Жеке мамиледе түгөйүңүз менен таарыныч, түшүнбөстүк, келишпестик болбош үчүн ага боорукер болуп, дайыма сиздин камкордугуңузда экенин сездириңиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жоопкерчилик алгандан кийин ишиңизди убагында бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Башкалардын ишине аралашып, кийлигишүү туура эмес, андан көрө өзүңүздүн көйгөйлөрүңүздү чечкениңиз оң. Иш кагаздарына кол коюуда жана келишимдерди түзүүдө кылдат жана этият болуңуз. Сүйүүдөгү үч бурчтук мамилеге кабылып калуу ыктымалдыгы жогору, сүйүктүүңүз сиздин пайдаңызга тандоо жасашы үчүн күрөшкөнгө туура келет.

 

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жакында эле кабыл алган олуттуу чечимиңиз жашооңузга оң таасирин тийгизип баштайт. Аптада ийгиликтүү таанышуулар орун алат, ал тааныштык мамиле аркылуу көп иштериңизди бүтүрөсүз. Куру сүйлөшүү, ушакташуу, бирөөнүн артынан сүйлөө сыяктуу керексиз нерселерден баш тартыңыз. Түзгөн пландарыңыздын пайдасы тийбейт. Үй-бүлөлүк чыр-чатактын чыгышына себепкер болбоюн десеңиз, ашыкча көк беттигиңизди тыйышыңыз керек.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жумушта кандай гана аракет кылбаңыз, олуттуу өзгөрүүлөр азырынча болбойт. Ага карабастан материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Аптада турак жай маселесин ийгиликтүү чече аласыз. Жеке жашооңузга байланыштуу шашылыш чечимдерди кабыл албай туруңуз. Кайсы бир адамга болгон көз карашыңыз өзгөрөт, мурун ал жөнүндө такыр башка ойдо болсоңуз, бул жолу ал өзүн сизге башка өңүттө көрсөтөт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Толкуп ташкан энергияңыз тынч олтурууга жол бербейт. Уюштуруу иштериндеги аракетиңиз жакшы жыйынтык берет. Кандайдыр бир жагдайды өз пайдаңызга чечүүгө  мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сизди ийгилик жана бакубат жашоо күтөт. Айланаңыздагы адамдар сиздин жөндөмүңүздү көбүрөөк байкап, баалайт. Сүйүктүү адамыңыз менен тез-тез жолугушуулар убактыңыздын көбүн алат. Мамилеңиздердеги гармония күчөп, бекемделет.

ЖААЧЫ   
(23.11–21.12)

Анча-мынча ырымдарга көңүл буруп койгонуңуз жакшы,алдыда жашооңузда болчу өзгөрүүлөргө кандайдыр бир белги же эскертүү алышыңыз мүмкүн. Катуу сөздөрдү айткандан карманып туруңуз. Күнүмдүк иштер менен алек болуп, интрига, ушак-айыңдан алыс болуңуз. Сүйүүдө башаламан мамиле куруудан этияттаңыз, кимисине чыныгы сезимдериңиз бар, кимисин сүйөсүз, өзүңүз так аныктай албай башыңыз айланат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумушта жана жеке жашооңузда чоң өзгөрүүлөр күтөт. Жаңы сүйүү келет, ал кокусунан жана күтүлбөгөн жерден келиши мүмкүн. Өзүңүздүн эмгегиңизди ашыкча баалагандыгыңыз үчүн жетекчиңизден жеме угасыз. Балким, кесипкөй болуш үчүн дагы өзүңүздүн үстүңүздөн иштешиңиз керек болот. Той, юбилей, жолугушуу кечелеринен баш тартпаңыз, бул окуялар бир нукка түшүп калган окшош күндөрүңүздү кызыктуу кылганга жардам берет.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Апта эмгек жана түйшүк менен өтөт. Айрым окуяларды кайра карап чыгып, талдап, жыйынтык чыгарасыз. Башка бирөөнүн жоопкерчилигиндеги жумушту бүтүрүүгө шашпаңыз, жардам берем деген ниетиңиз бааланбай калат. Үйүңүздү иретке келтирип, керексиз буюмдардын баарынан арылганыңыз туура. Сүйүүдө чыр-чатактар стресстик абал жаратып, түгөйүңүз менен тил табышуу, бир пикирге келүү татаалдашат.

БАЛЫК 
(20.02–20.03

Айымдар сүйкүмдүүлүгү менен көп мырзалардын көңүлүнөн түнөк табышат. Кандай көйгөй болбосун, абалдан оңой чыга аласыз. Чыгармачылык жана профессионалдык ишмердүүлүгүңүздү өркүндөтүңүз, ошондо гана сизди чоң ийгиликтер ээрчийт. Романтикалык таанышуулар узак мөөнөттүү достукка же жакын сырдашчу адамыңызга айланат. Үйлөнгүсү келген балыктар бири-бирин жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк бергени жакшы.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1098, 22-28-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан