ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-январдан 7-январга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Майда нерселерге кубанганды үйрөнүңүз. Жаңы таанышуу, чөйрөнү кеңейтүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибербеңиз. Жаңы бизнес өнөктөш табасыз, бул мүмкүнчүлүк сизге чоң ишкердикке жол ачат. Апта аягында көпчүлүк тааныштарыңыз сизди өз иши менен алектендирүүгө мажбурлайт, жок деп айтканды үйрөнбөсөңүз өзүңүздүн көйгөйлөрүңүздү чечүүгө убакыт калбай калат. Сүйүүдө учурда пайда болгон маселени кайра карап чыгууга туура келет.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Эмоцияга алдырып бат кабыл алынчу чечимдерди чыгарбай туруңуз. Аптада жаңы иштерди баштабай турганыңыз оң. Ал эми бизнес чөйрөсүндө чыңалган мамилелер жаралышы мүмкүн. Алдамчылыктан, жетекчилер жана кесиптештер менен чыр-чатактардан сактануу керек. Сүйүктүү адамыңыз жалаага кабылат, аны коргоп калуу сиздин гана колуңуздан келчү иш. Жактырган адамынын жүрөгүн багынтуу үчүн жакшы маанайын жана сүйкүмдүүлүгүн колдонсо эле жетиштүү болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Сиздин туруктуулугуңуз жана чечкиндүүлүгүңүз бардык пландарыңызды ишке ашырууда жардам берет. Жана өзүңүз күткөндөн да жакшы жыйынтык чыгарасыз. Жашоонун эң бир сонун даамын сезген убакытка келип турасыз, ыраазы болуп, канааттанып гана жашаңыз. Эң жакын адамдарыңыз менен тажрыйба бөлүшөсүз. Дем алыш күндөрү сизди жаңы таасирлер жана романтикалык жолугушуулар күтөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Кандай гана абал жаралбасын терең ойлонуп, салкын кандуу чечим кабыл алыңыз. Жашооңузга жаңы сыноолор келет, аларды чечүү үчүн активдүүлүгүңүз талап кылынат. Ишкердикте мүмкүн эмес делген нерселерге жетише аласыз. Бирок ашыкча чынчылдыгыңыздын айынан башкалар менен талаш-тартыш орун алат. Сүйүктүүңүз менен урушуп кетесиз, бул абал ортоңорду муздатып салышы мүмкүн. Депрессияга түшпөй анын себебин таап жок кылганга аракет кылыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Достор менен жолугушуу, чер жазыша сүйлөшүү сизге кубаныч тартуулайт. Пайдалуу сунуштарга карата этияттык жана акыл-эстүүлүк көрсөтүү зарыл, сизге жөнөкөй көрүнгөн нерсенин артында тоодой түйшүк жатышы мүмкүн. Аптада жетекчиңизди келечектүү сунуштар менен кубандырыңыз. Сүйүү мамилесинде тең салмактуулукту сактоого аракет кылыңыз, туруктуу үстөмдүк позицияны ээлөөгө умтулбаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жаралган көйгөйлөр сизди стресс абалына түртөт. Жакшысы кыйынчылыктар бүткүчө күтө туруңуз. Каржылык жактан көз карандысыздыкка жетүү аракетиңиз ишке ашат. Чакан ишкердик баштап өзүңүздү-өзүңүз камсыздай баштайсыз. Сезимдериңизди билдирүү үчүн эң жакшы убакыт. Олуттуу мамиле кургуңуз келсе убактылуу азгырыктарга туруштук беришиңиз керек. Анткени сизди азгырык менен алаксыткан жагдайлар орун алат.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жеке жашооңуздагы көйгөйлөр менен алек болосуз. Талаш-тартыш учурунда чектен чыкпоого аракет кылыңыз. Көйгөйлөрүңүздүн баары оңой жана тез чечилет. Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен баарлашууга көбүрөөк убакыт жана күч жумшайсыз. Сүйүүдөгү убактылуу сыноолорго капа болбоңуз, өжөрлүк жана өз күчүңүзгө болгон ишенимдин арты менен сүйүү майданында көптөн күткөн жеңишке жетишесиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Көп адамдар менен баарлашып, пикир алмашасыз, анын артынан жаңы билим, жаңы маалыматтарга ээ болосуз. Дүйнөнү жаңыча карап, кээ бир эски идеяларды жанданта аласыз. Жеке жашоодо эски сүйүүңүз жашооңузга кайтып келиши мүмкүн. Алтынчы туюмуңузга ишениңиз, жүрөгүңүзгө кулак салыңыз, ошондо чаташкан кырдаал менен күрөшүп, туура чечим чыгара аласыз. Бирөөнү сүйүүдөн жана сүйүлүүдөн коркпоңуз.

ЖААЧЫ   
(23.11–21.12)

Каржылык абалыңыз туруктуу болсо ири сатып алууларды жасасаңыз болот. Алдамчылардын торуна илинип калбайын десеңиз электрондук капчык, банк карталарыңызды сыр сөздөрүн бир сыйра текшерип алыңыз. Жума күнү күтүүсүз жолугушууларга жана сапарларга даярдана берсеңиз болот. Өзүңүздү өнүктүрүүгө убакыт бөлүңүз. Үй-бүлөдө толук түшүнүшүү орун алат, чогуу отуруп кино көрүү же үй иштери менен алектенүүнү сунушташат жылдыздар.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Кыраакылык сиздин карьераңызга пайда гана алып келет. Чыгармачыл текечерлердин энергиясы ашып-ташып жаңы дымак менен чоң “шедевр” жаратууга киришиши ыктымал. Апта аягында кыска сапарларга чыгып, достор менен баарлашууга болот. Жеке жашоодо кандай гана нерсе болбосун алтын ортолукту карманууга аракет кылыңыз. Өзүңүздүн кадыр-баркыңызды сезиңиз, бирок ошол эле учурда компромисс жолуна барганды да үйрөнүңүз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Руханий жактан өсүү үчүн жагымдуу мезгил. Кайсы бир демилгеңиз болмоюнча жетекчилериңиз менен байланышпай туруңуз. Жумуштагы милдеттериңизди так аткарып, жоопкерчиликтүүлүгүңүздүн артынан чоң ийгиликке жетесиз. Бирок ийгилигиңизди көрө албагандар чагым уюштуруп, сизди жетекчиңиздин көзүнө жаман көрсөтүүгө аракет кылышат. Дем алыш күндөрү өзүңүзгө чакан эс алуу уюштуруңуз, каалагандай эс алыңыз.

БАЛЫК 
(20.02–20.03

Өзүңүздү керексиз байланыштардан сактаңыз, алар сизге ашыкча көйгөй жана көңүл калуудан башка эч нерсе алып келбейт. Идеяларыңыздын канчалык реалдуу экенине жана аларды турмушта ишке ашырууга болобу, сын көз менен караңыз. Балдарыңыздын тарбиясына көбүрөөк көңүл буруңуз. Бойдоктор келечегин ойлонууга убакыт келди. Сүйүүңүздү ашыкча таңуулай бербеңиз, бул жакын адамыңызды сизден тескерисинче алыстатып салышы ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан