ТУУРА КЫЯЛДАН!

Улуу иштердин баары кыялдан башталып, максатка айланып, аракет менен ишке ашат. Бул жолу туура кыялдануунун жолдорун айтып берүүнү туура көрдүк. Психологдор абстракттуу нерсени кыялданып отура берген убакытты текке кетирүүгө барабар, кыялдар реалдуу болгону жакшы дешет. Төмөндө кыялдар, алар кандай учурда аткарылат, кандай учурда аткарылбайт ошол тууралуу кеп кылабыз.

Лариса Асанбекова, парапсихолог: “Элестетип, так нерсени кыялданган туура”

– Кыялдардын реалдуу, адамдын мүмкүнчүлүгүнө, жасаган аракетине жараша болгону туура. Жөн эле асманга жетем, айга учам деп кыялдана берген болбойт. Мисалы, супер маркетке барсаң көзүңө жакшы көрүнгөндүн баарын эле ала бербейсиң да, чөнтөгүңдөгү тыйынга чактап аласың. Ошол сыяктуу эле адамдар дагы өзүнүн дареметине жараша кыялданышы керек. Кудайдан эмнени каалап жатканыңды сөзсүз сурашың кажет. Мисалы, ушундай жерден, мынча бөлмөлүү үйлүү болсом деп айтышың зарыл. Дүкөнгө барып сен сурамайынча сатуучу эмне аларыңды билбейт да. Ошол сыяктуу эле Кудайдан сураган нерсең так, анык болгону жакшы. Кыялдар кандай учурда бат аткарылат, ошол каалаган нерсеңди учур чак менен элестетишиң керек. Мисалы, үйдү суранып жатсаң, ошол үйдө жашап, тамак жасап, идиш жууп жатканыңды элестетүүң зарыл. Сөзгө караганда образдуу элестеткен кыялдар бат орундалат. Анан адамдын жан дүйнөсү, энергиясы таза болсо да улуу күчтөр анын тилектерин бат аткарууга шашышат. Ошол үчүн адам ар дайым өзүн негативдерден, жаман ойлордон сакташы керек.

 Кыялдар кайсы учурда аткарылбайт?

1. Эгерде кыялың реалдуу болбосо аткарылбайт. Мисалы, “мен азыр бир сааттын ичинде Марска барып конуп калышым керек” десең, бул реалдуу эмес. Балким, келечекте мүмкүн чыгар.

2. Кыялыбыз так болбосо аткарылбайт. Мисалы, бир адам кечке Кудайдан “мага акча бер” деп эле сурана бериптир. Бир күнү банкка кассир болуп жумушка кирет. Акча көп жерде иштейт, бирок аныкы эмес. Бир алачыкта жашаган адам кечке “мага үй бер” деп сурана берип көзү өтүп кетет. Тиги дүйнөгө барып Кудайга нааразы болот тура, “менин сураганымды берген жоксуң” деп. Ошондо Кудай “сен кайсы жерден, кандай үй экенин айткан жоксуң да, алачык деле үй” дейт экен. Анын сыңары кыялдарыбыз так, даана жана өзүбүз элестете ала тургандай болушу керек.

3. Кыялдарынан күмөн санап шекший бергендердики да орундалбайт. Кудайдан суранган нерсесин “эми ал ишке ашабы, ашпайбы”, “канча сурадым, дагы деле жок” деп наалый бергенде кыялдар орундалбайт. Кыялдандыңбы, анын аткарылышына эч күмөнү жок ишенишиң керек. Себеби биз бул дүйнөдө жалгыз жашабайбыз, бизди курчап турган терс энергетикадагы жандыктар бар. Аларды жин-шайтан деп коюшат. Ошолор биз ой-санаага батып, шекшип, күмөн санаган терс энергияларыбыз менен азыктанышат. Бизди курчаган терс энергетикалык жандыктар кыялдарыбыздын орундалбашына атайын тоскоолдуктарды жаратып, бизди ар кандай санаага салышат. Ошол үчүн Кудайдан суранган нерсеңе кынтыксыз ишен.

4. Эгерде биз кыялданган нерселер өзүбүзгө кийин зыян алып келе турган болсо аткарылбайт. Биздин суранганыбыз өзүбүздүн акыл ченемибиз менен тим эле укмуш нерсе көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал тилеген нерсебиз өзүбүзгө жана жакындарыбызга зыян алып келе турган болсо ал кыялдар аткарылбайт. Кээде адам кичинекей эле нерсени сурап, ал ишке ашпай кыйнала берет эмеспи, бул да Кудайдын белгиси. “Сен суранган нерсе майда-барат эле нерсе, сабыр кылып күтө тур, мен сага андан чоңун берем” деп ырыскысын камдап турган болушу мүмкүн.

Жогоруда биздин кыялдарыбыздын ишке ашуусуна тоскоолдук кылган терс энергетикалык жандыктар тууралуу айтпадымбы. Биз аларды терс энергия менен азыктандырбашыбыз керек. Бирөөгө жаман айтпа, ичиңде арам ой бакпа, жакшы нерселерди гана ойлон, адамдын толтура жаман сапаты болуп, бирок сен анын кенедей эле жакшы жагын көрө алсаң, демек, сен алдыда баратасың. Анан каалоо-тилектерди айтканда Кудайга тапшыруу кажет. “Мен ушул каалоомдун аткарылышын Кудайга тапшырдым, ал кандай чечим чыгарбасын баарына ыраазымын” деш керек. Ошондо терс энергетикалык жандыктар сенин кыялдарыңа тийише албайт.

Назира Кадыева, психолог, коуч:“Кыялдарга шартсыз ишенгенде гана орундалат”

– Кыял – бул жөн эле абстракттуу нерсени ойлонуп отура берүү. Аны реалдуулукка, максатка айлантуу адамдын өзүнөн. Бирок ошол максаттардын өзөгү кыялдарда жатат, демек, биз кыялданып жаткан нерселерди өзүбүз тууралап калыпка сала алабыз. Биздин мээбиз бардык сезимдерибизге команда бере алат. Конкреттүү нерсени максат кылып, аны ишке ашыруу үчүн аракет кылуу керек. Мисалы, “мен 2024-жылы ушундай жигитке турмушка чыгам” деп анын тулку-боюн, жашоо образын, кийингенин, иштеген жерин, айтор, баарын элестеткен жакшы. Биз ошону кыялданып жатканда түпкү ой-санаабызга тапшырма берип жатабыз, команда кетти. Кыялдардын орундалышы адамдын ниетине жараша да болот. Кудай айтат го, “сен амалыңды өзгөрт, мен абалыңды өзгөртөм” деп. Анын сыңары, өзүнүн кыялына шартсыз ишенген, кенедей күмөн ою жоктордун да кыялдары бат аткарылат. Болгону ошол кыялданган нерсеңе жүрөгүңдү жандырып ишенишиң керек.

Кантип туура кыялданыш керек?

 Сиз чындап эмнени каалап жатканыңызды түшүнүшүңүз керек. Жаш өткөн сайын каалоолорубуз жеке муктаждыктарыбызга эмес, башка факторлорго көбүрөөк баш ийип калат. Мисалы, ата-энебиздин каалоосу менен медицина тармагында иштегибиз келет же карьералык тепкичтен жогорку маяна үчүн эмес, жөн гана кадыр-барк үчүн көтөрүлгүбүз келет. Кыялдарыңызды, максаттарыңызды талдап чыгып, кайсынысы сизге коом тарабынан таңууланган, кайсынысы чындап өзүңүзгө керек, аныктап алышыңыз зарыл.

 Өзгөрүү үчүн орун бошотуңуз. Жашооңузга жаңы нерсе киргизүү үчүн адегенде ага орун бошотуш керек. Эң оңой жолу –глобалдык тазалоо жүргүзүү. Керексиз колдонулбаган буюмдарды, кийилбей калган кийимдердин баарын ыргытыңыз. Чаң басып жаткан эски жабдуулар, эски идиштер, бут кийим, үй буюмдары, баарын. Ошондо мээбиздеги торчолорго таасир этебиз, ал торчолор биздин өзгөрүүгө болгон аракетти байкап,  максатка фокус коюшат.

 Коркуу сезиминен арылыңыз. Көптөн бери кыялданып жүргөн нерсеңиз мына аткарылат дегенде пландарды таш капкан учур сизде деле болобу? Мунун себеби сиздин түпкү аң-сезимиңиздеги жашыруун коркунуч сезимдеринде. Коркуу сезимдери сиздеги максаттардын ишке ашуусуна тоскоол болобу же жокпу, талдашыңыз керек. Эгер бар болсо, анда фобияларды жок кылуу зарыл.

 Кенен кыялданып, акырындан аракетти баштаңыз.

 Кыялдануу, максат коюуда сизди эч ким чектебейт. Элестетүүңүз жеткен жерге чейин кыялдана бериңиз. Бирок кыялдарыңыз фантастика болуп кетпеши үчүн ага акырындан жыла беришиңиз керек. Майда кыялдардан баштаңыз. Кытай акылмандары “Миң чакырымдык жол, кичинекей кадамдан башталат” деп бекер айтышкан эмес.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан