Альянс алтын – Кыргызстандагы алдынкы салык төлөөчү компания

Экономиканын негизи – өндүрүш. Ал эми Кыргызстанда бул тармакта мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык салык төлөө аркылуу өлкөбүздүн экономикасына эбегейсиз салым кошуп, экологиялык талаптарды сактап, жүздөгөн жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылган компаниялар саналуу гана. Алардын бири бул жолу биз сөз кыла турган “Альянс Алтын” ("Жер-Үй") компаниясы. Баса белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өлкөбүздө “Кумтөрдөн” кийинки баалуу металл кенин иштетүүчү ири компания. Макалада аталган компаниянын жаралуу тарыхы, жараткан ийгиликтери, элди иш менен камсыз кылуудагы ролу жана төккөн салыгы аркылуу Кыргызстандын өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымы тууралуу кеп кылабыз.

Кыскача тарыхы...

“Жер-Үй” алтын кени геологдор тарабынан Совет мезгилинде эле ачылганына карабастан көп жылдар бою, ар кандай себептер менен иштебей турган. Орусиялык инвесторлордун келиши менен гана аталган баалуу кен казуучу ишкананы иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2015-жылы кен казуучу ишкананы иштетүү лицензиясын орусиялык “Альянс” компаниялар тобу утуп алып, “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомун түзүшкөн. Ишкана негизделген жылы эле июнь айында уруксат лицензиясы үчүн мамлекеттик бюджетке 100 миллион доллар төлөгөн. “Альянс Алтын” Евразия экономикалык кызматташтык форматында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошуп жаткан ишкана. Кала берсе, Таластагы алтын кен комбинаты курулуп жаткан учурда, кен казуу баштала электе эле Талас району менен Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп баштаган.

“Альянс Алтын” – ири салык төлөөчү

Мамлекеттик салык кызматынын рейтинги боюнча “Альянс Алтын” компаниясы 2022-жылы өлкөбүздөгү ири салык төлөөчү 500 компаниянын арасынан алдынкы 2-орунга чыккан. Компания ишмердүүлүгүн баштагандан тартып 2023-жылдын декабрь айына чейин 14,8 миллиард сом салык төлөдү. Бул сумманын 10,4 миллиард сому түздөн-түз алтынды сатуудан түшкөн кирешелерден. 2023-жылы бюджетти толтурууга 5,3 миллиард сомдон ашык салык төлөдү. Мындан тышкары “Альянс Алтын” ишканасы иштеп жаткан аймакты өнүктүрүүгө дагы 1,06 миллиард сомго жакын каражат бөлгөн. Атай кетсек, Талас облусун өнүктүрүү фондуна 526,7 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 317 миллион сом, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 211,8 миллион сом бөлүнгөн.

“Альянс Алтын” – өнүктүрүү фондун каржылайт 

 Компания мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөгөндөн сырткары, кирешесинин бир бөлүгүн өз демилгеси менен калкка колдоо көрсөтүү үчүн которот. Ал үчүн 2016-жылы компания өзүнүн өнүктүрүү фондун ачкан. Жыл сайын “Альянс Алтын” компаниясы аталган өнүктүрүү фонду аркылуу жаңы социалдык объектилерди курууга, эски объектилерди оңдоп-түзөө үчүн 150 миллион сом каражат бөлөт. Фонд социалдык өнүктүрүүгө 600дөн ашуун долбоорго 400 миллион сомдой каражат жумшаган.

 Айыл чарбасында 59 долбоор, 88,2 милллион сом

 Өндүрүш жана кайра иштетүүдө 9 долбоор, 50,5 миллион сом

 Дене тарбия жана спортто 86 долбоор, 32,7 миллион сом

 Билим берүүдө 112 долбоор, 58,8 миллион сом

 Социалдык камсыздоодо 69 долбоор, 39,3 миллион сом

Маданият тармагында 113 долбоор, 34,5 миллион сом

 Инфраструктурада 37 долбоор, 25,9 миллион сом

 Административдик жана укук коргоо органдарында 49 долбоор, 35,5 милллион сом

 Саламаттыкты сактоо тармагында 46 долбоор, 39,3 миллион сом

 Таза суу менен камсыздоодо 15 долбоор, 7,6 миллион сом

Мындан сырктары компания түрдүү маданий жана социалдык иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүп келет. Ошондой эле улуттук спорт оюндарын жана реабилитациялык борборлорго көңүл бурулуп жатат.

“Альянс Алтын” – ири иш берүүчү

Компаниянын башкы баалуулугу – бул жарандар. Талас облусунда жана жалпы эле республикада эң ири иш берүүчүлөрдүн бири. Бүгүнкү күндө компанияда 850дөн ашык кызматкер иштейт. Алардын 97 пайызы Кыргызстандын жарандары. Анын 520сы Талас облусунун тургундары. Компанияда иштегендердин баары туруктуу жана Кыргызстандагы эң жогорку айлык акы менен камсыздалган. Баса белгилей кетсек, компания жумушчуларды кен казып алуу боюнча өзү окутат. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 361 адам керектүү билим жана көндүмдөрдү алышты. Алардын 224ү кабыл алуу комиссиясынын жыйынтыгы менен “Жер-Үйгө” ишке орношкон. Мындан тышкары кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кызматкерлердин коопсуздугу башкы приоритеттердин бири, эч бир алтын адамдын ден соолугун жана өмүрүн курмандыкка чалууга арзыбайт. Эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук “Альянс Алтындын” негизги артыкчылыктарынын бири.

“Альянс Алтын” – экологияны коргойт

Компания бүгүнкү күнү башка ири өндүрүш ишканалары үчүн өзгөчө үлгү болуп калды десек болот. Анткени ал бардык экологиялык талаптарды так аткарат. Жергиликтүү гана эмес, эл аралык талаптар да эске алынган. Кенди иштетүүнүн жаратылышка, атмосферага, суу ресуртарына, флора жана фаунага тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Экологиялык мониторинг тынымсыз жүргүзүлөт. Ал эми калдык сактоочу жайы бир нече деңгээлдеги коргоону камсыз кылып, КМШдагы эң коопсуз калдык сактоочу жай катары таанымал. Компания айлана-чөйрөнү коргоо менен гана чектелбестен, Талас облусунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого да көмөктөшүүдө. 2020-жылдан бери мергенчилер жана балыкчылар уюму менен биргеликте жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын жана балыктардын санын көбөйтүүдө. Мисалы, 2022- жана 2023-жылдары шахтанын аймагына Семиреченск кыргоолдору эки жолу коё берилген. Мындан тышкары форель балыгы жакын жайгашкан дарыяларга коё берилди. Бир аз мурда Алтайдан 35 бугуну сатып алуу каржыланган.

Компания тууралуу кызыктуу фактылар

 “Жер-Үйдөгү” алтындын баланстык запасы 88,2 тоннаны түзөт. Аны болжол менен 20 жыл бою казса болот.

 Келечектеги пландарда алтын кенин жер астынан казуу иштери жүргүзүлөт.

 2021-жылы “Альянс Алтындын” алтын чыгаруучу фабрикасы ишке кирген.

 Алтын ылгоочу фабриканын долбоордук кубаттуулугу – жылына 1,3 миллион тонна кенди (руда) иштете алат.

 10 тонна алтынды эритүү үчүн компания 3 миллион тоннадан ашык тоо кенин кайра иштеткен.

 Компания 2021-жылдан тарта ишкердикти колдоо максатында ишкерлерге пайызсыз займдарды берип баштаган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан