БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ДЕПУТАТ ЭМИЛ ЖАМГЫРЧИЕВДИ ЖООПКО ТАРТУУГА УРУКСАТ СУРАДЫ

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизди. Сунушту парламенттин 27-декабрдагы жыйынында спикер Нурлан Шакиев окуп берди. Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түздү, бул комиссия жагдайды иликтеп, Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берип же сунушту четке кагууга тийиш. Комиссиянын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди. 

Маалыматка таянсак, Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси – мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча айыпталып жатканы айтылды.

Айта кетсек, Эмил Жамгырчиев 2020-жылы ишкерден пара алууга шектелип, кийин аны соттун бардык инстанциясы “кылмыштын курамы жок” деп актаган. 2022-жылы Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрылып, Жамгырчиевге карата чыккан актоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүнгөн. Бул арада УКМК депутатка издөө жарыялоого да үлгүргөн. 2023-жылы Жогорку Сот кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөткөнү белгилүү.

Эмил Жамгырчиев учурда парламентте “Альянс” фракциясынын депутаты. Мурда Каржы полициясында иштеген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан