МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ 6 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРДАН АШТЫ

Каржы министрлиги 22-декабрда жарыялаган маалыматка таянсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард доллардан ашты. Мунун 4 миллиард 482 миллион доллары тышкы карыз, 
1 миллиард 518 миллион доллары ички карыз болуп саналат. Мамлекеттик карыз 1 айда 13,5 миллион долларга көбөйгөн. Тышкы карыз 4,1 миллион долларга азайса, ички карыз 17,7 миллион долларга өскөн. Тышкы карыздын ири суммасы төмөнкү каржы уюмдарына төлөнүүгө тийиш: 

Кытайдын Экспорт-импорттук банкы 1,7 миллиард доллар, Азия өнүктүрүү банкы 713,2 миллион доллар, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 676,4 миллион доллар, Эл аралык валюта фонду 464,7 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкы 175,3 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 165,3 миллион доллар, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги 151,8 миллион доллар, Европа инвестициялык банкы 75,4 миллион доллар, Түркия өкмөтү 66,8 миллион доллар, Германиянын КфВ банкы 64,6 миллион доллар, Сауд өнүктүрүү фонду 58,4 миллион доллар, Кореянын Экспорт-импорттук банкы 10,6 миллион доллар жана башка. Жалпы 23 каржы мекемесинин алдында өлкөбүздүн дээрлик 4,5 миллиард доллар карызы бар.

Жогорудагы көрсөткүч 2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Мамлекеттик карыз өлкө ИДПсынын 57,82 пайызын түзүүдө деп билдирет Каржы министрлиги.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан