БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ЭКИ КЫЗМАТТЫ ЧОГУУ АРКАЛАЙТ 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мындан ары айыл чарба министри кызматын да аркалайт. Тийиштүү жарлыкка 25-декабрда президент Садыр Жапаров кол коюп, чечимди 27-декабрда Жогорку Кеңеш колдоду.  

Президенттин башка жарлыгы менен Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги болуп кайра түзүлдү. Жогоруда айтылгандай, министрликти жетектөө милдети Бакыт Төрөбаевге жүктөлдү. Ал эми мурдагы министр Аскарбек Жаныбеков “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деп кызматтан бошотулду. Анын кайсы кызматка дайындалары айтыла элек.

Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 4 жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген. 2022-жылдын март айынан бери министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштейт.

Президент Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүү киргизилет. Тагыраагы, Айыл чарба министрлигинин Жер ресурстары кызматынын базасында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги түзүлөрү жарыяланды. Ал эми Токой кызматы өзүнүн штаты, техникалык базасы менен кошо Айыл чарба министрлигинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан