БИШКЕКТЕ КООМДУК УНААНЫН ЖОЛ КИРЕСИ 20 СОМГО ЧЫКТЫ 

Бишкек шаардык кеңеши кезектеги сессиясында коомдук унаадагы жол киренин жаңы тарифин бекитти. Ага ылайык, 2024-жылдын 15-январынан тарта автобустарда жол кире накталай эмес төлөнсө 17 сом, накталай төлөнсө 20 сом болот. Кичи автобустарда жол акысы 20 сомду түзөт. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов автобустарда жүргүнчү ташуунун өздүк наркы 19 сом 70 тыйын, троллейбустарда 19 сом 30 тыйындан айланат, жол кире жок дегенде өздүк наркты жабышы керек дейт. Ал эми накталай төлөөдө жол киренин 3 сомго кымбат болушун “жүргүнчүлөрдүн накталай эмес төлөөгө өтүшүнө кызыкдарбыз” деп түшүндүрдү.

Акыркы жолу борбор шаардагы коомдук унааларда жүрүү акысы 2021-жылы кымбаттаган. Кичи автобустарда жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарда 11 сом болуп көтөрүлгөн эле. Ага чейин жол кире 10 сом (кичи автобустарда) жана 8 сом (автобус, троллейбустарда) болчу.

Андан бери да Бишкек мэриясы жол кирени кымбаттатуу демилгесин бир нече жолу көтөрүп, бирок коомчулуктагы нааразычылыктан улам артка жылдырып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан