Бишкек шаарынын аймагы 3 эсе кеңейтилет. Бул тууралуу борбор шаардын башчысы Айбек Жунушалиев 27-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди. Айтымында, учурда Бишкектин аянты 12 900 гектарды түзсө, кеңейтилгенден кийин 37,8 миң гектарды түзөт. Бишкекке шаардын тегерегиндеги 8 айыл өкмөтү, ошондой эле Чүйдүн 4 айыл өкмөтүнө караштуу айрым айылдар кошула турганы айтылды.
Бишкектин четинде Восток, Лебединовка, Новопокровка, Көк-Жар, Орто-Сай, Новопавловка, Военно-Антоновка жана башка айылдар бар.
Бишкектин аймагын кеңейтүүгө тийиштүү жарлыкка жакында президент Садыр Жапаров кол коёру маалымдалды.