Асема & Акжол: «Биз урушпайбыз, урушсак да маданияттуу урушабыз»

Жаңы жылдын алдында белгилүү актриса, ырчы Асема Токтобекова жана анын жолдошу Акжол Нишанов менен “Жан шерик” рубрикасынын алкагында маектештик. Бири-бирин колдоп, кубаттап, сыйлап турган түгөйлөр экен. Үй-бүлө, сүйүү, чыгармачылык тууралуу пикир алыштык.  

– Куш келипсиздер! Узап бараткан жылга саресеп салсак, 2023-жыл сиздердин үй-бүлө үчүн кандай жыл болду?

Акжол Нишанов: – Куш келдик. 2023-жыл биз үчүн да, балдарыбыз үчүн да жемиштүү болду. Улуу балабыз Татарстанга лагерге барып келди. Мен дагы Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө көп иштерди бүтүрдүм.

Асема Токтобекова: – 2023-жыл жаңылануунун жылы болду. Жаңы, жакшы нерселер, балдарыбыздын ийгиликтери... Ар бирибизде өсүш болууда. Айрыкча мен руханий жактан өстүм окшойт. Заматта эле социалдык тармактан чыгып кеттим.

– Эмне үчүн чыгып кеттиңиз? Жеке баракчаңызды сатып жиберген турбайсызбы?

А.Т.: – Интернетте алаксыткан нерселер, негатив абдан көп. Реалдуу жашоодо бири-бирибизге убакыт артпай калат экен. Кадимки жашоодо жашагым келди. Жан дүйнөмдө боштуктар бар экенин сездим. Баарына шүгүр, болгону өзүмө көбүрөөк көңүл буруп, өсүп-өнүккүм келди.

– Акжол мырза, Асема айымдагы өзгөрүүнү кандай кабыл алдыңыз?

А.Т.:  – Таарынды бир сыйра (күлүп), буркулдап-туркулдап, “баракчаңды эмнеге сатасың?” деп (күлүп).

А.Н.: – Ар бир нерсенин сааты чыкмайынча, же эртелете албайсың, же бүтүрө албайсың. Убагы келгенде адамдын жашоого көз карашы өзгөрүп, оор басырыктуу болуп, дүйнөнү башкача карап калат тура.

А.Т.: – (Күлүп) Картайдык де?..

А.Н.:  – Жок, биздики жалын жаштык да азыр.

– Жалын жаштык демекчи, сүйүү сезимдерин, жаңы таанышкан учурду кайра бир эстеп көрбөйлүбү?

А.Н.: – Адамдын башына сүйүү түшсө көзү көр болуп калат дейт го. Ооба, акылдан танган учурлар болду жаш кезде.

– Так ошол сезимдер тууралуу уксам деп турам...

А.Н.: – Экөөбүздүн таанышканыбызга досубуз Съездбек Искеналиев себепкер. Бир күнү Съездбекти күтүп турсам, жаныма көк жынсы костюм, туфли кийген, көз айнекчен бир башкача кыз келип туруп калды. Оозум ачыла карадым. Ошол учурда “Боз салкын” тартылып жаткан экен. Анда Асема 19 жашта эле, мен 24 жашта. Көрсө, экөөбүз тең Съездбекти күтүп жатыптырбыз. Ошентип тааныштык, бир башкача сезимдер болду. Ошентип жакын тааныш болуп жүрүп, кайра Түркияга кеттим. Түркиядан келгенден бир жылдан кийин баш коштук.

– Асема, азыр эстесеңиз, Акжол мырза сизди кайсы сапаты менен арбап алыптыр?

А.Т.: – Акжол мага 4 жыл кам көрдү. Камкордугунан улам жактырдым. Ал учур мен үчүн оор мезгил эле, Акжолдун камкордугу, мага жасаган мамилеси жан дүйнөмдү арбап алды. Ага жолукканда менде ушунчалык бейпилдик жашачу. Клиптерди тарттырып, ырларды жаздырып берди, мага жакшы эле акчасын кетирди. Андан интеллигент, алысты көрө алган, олуттуу, келечектүү мырзаны көрдүм, анын жанында жалгыз, ачка калбай турганымды сездим. Акжол Түркияга кеткенде анын баркын билдим. Азыркыга чейин ыраазымын, эч нерседен кем кылбай карайт (ыйлап)... Азыр... Жөн эле эстеп кеттим, катуу тартипте өсүптүрмүн да. Толук кандуу мээримди Акжолдон алдым. Ошондо мага мындан башка мырза керек эмес экенин түшүндүм. Ал келгенде “аласыңбы, албайсыңбы?” деп ачык эле айттым (күлүп).

– Турмуш жипке тизген шурудай эле кете бербейт эмеспи, жашоодо сиздерге сабак болгон окуя кайсы болду?

А.Т.: – Биз баш кошорго жакын Акжолдун бетине ак тактар чыгып кетти. Бул Акжолдун гана эмес, менин да сыноом болуп калды. Витилиго дарты менен 5 жыл күрөштүм. Муну да тажаттым, өзүм да чарчадым. Эмнени гана кылбадык, каяктарга гана барган жокпуз. Акырында улуу ага-эжелер “көңүл бурбай койгула” деп кеңеш беришти. Ошондон кийин бул теманы жаптык. Кийин Акжол таптакыр башка адам болуп чыга келди. Баягы кара тору жигит жок, апаппак. Анда да айрымдар “күйөөсү башка” деп чыгышты. Ошол эле, бир эле күйөө менен жашайм (күлүп).

А.Н.: – Бул дарт менде Түркиядан башталды. Келип чыгышын аябай изилдедим. Тери, тырмактын астына чейин агарып кеткенде катуу стресс болдум. Кайненем менен Асема ар кандай дарыларды таап келип сыйпайт. Ушунчалык безип, ыйлагым келип жүрдү. Бул болсо болбой эле сүртөт, ушунчалык тажагам.

А.Т.: – Тактары калыбына келе баштаса үмүттөнөт экенсиң да.

А.Н.: – Азыр ошол учурду анализ кылам. Ошол кезде “Боз салкын” популярдуу болуп, Асема туу чокуда эле да. Мен катардагы мугалимдин баласы, үйдүн кичүүсү, укмуш байлыгыбыз деле жок. Болгон байлыгым – ата-энемдин мага берген туура тарбиясы, билими болду. Асеманы эл таланттуу актриса катары баалап, баары суктанып турган учурда оорукчан мендей бирөө менен жашап, таштап кетип калбаганына ыраазы болом. Көпчүлүк Асеманы сыртынан баалап башкача ойлой беришет, турмушта бул такыр башкача.

– Талашып-тартышып, урушуп калган учурда кандай болуп каласыздар?

А.Т.: – Мен адамды кемчилиги менен кабыл алганды үйрөндүм. Албетте, биз деле пендебиз, урушабыз кээде. Бирок биздин урушубуз өзгөчө, көргөндөрдүн айтымында, маданияттуу урушат экенбиз. Бизди балдарыбыз эле жараштырып коюшат, айрыкча кичинекейим “давайте, обнимайтесь, целуйтесь” деп уят кылат (күлүп). Азыр эми урушканга убакыт деле жок. Мен периште эмесмин, кемчиликтерим бар. Ыраазы болгонум – Акжол мени дайыма колдоп турат, алдыга түртөт. Көп жерде Акжол болгон үчүн мага жеңилирээк.

– А сизчи, жолдошуңузга кандай жеңилдик берүүгө аракет кыласыз?

А.Т.: – Тажатып чала бербейм, жазбайм. Боштондукта, каалашынча жүрөт, жеңилдигим ошол болсо керек. Өзүң айтчы.

А.Н.: – Баланын алдында ата-эненин милдети бирдей да. Асема ушул жактан жеңилин жерден, оорун колдон алып үйдөгү жоопкерчиликти толугу менен моюнуна алган. Эркек дагы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырышы керек да. Мага ушуга шарт түзүп берет. Тыпылдап өзү бүтүрөт баарын.

– Демек, бала тарбиялоо миссиясы апасында экен да?

А.Н.: – Кыргызда “атанын назары түшкөн бала оңбойт” деп коёт. Ошондуктан балдардын тарбиялоо ишинде катуу айтып же аша чаап кетпейин деп абайлап турам. Тарбия Асеманын колунда, үйдө “плохой полицейский” бул. Мен “хороший полицейский” (күлүп).

– Бактылуу болуңуздар!

 

АСЕМА АЙЫМГА ТЕСТ-СУРОО:

– Жолдошуңуздун бут кийиминин өлчөмү?

– 43 (41).

Жаңы жылдын алдында белгилүү актриса

– Айтпайт, билбейм (5-6 миң сом).

– Жакшы көргөн унаа үлгүсү?

– Бардык жаңы унаалар (Мерседес).

– Кейигенде эмне кылат?

– Кайгырганын билгизбейт, меланхолик (эски фольклордук, улуттук музыкаларды угат).

– Жакшы көргөн киносу?

– Түрк тасмаларын көрөт (боевик түрк сериалдары).

– Сиздин кайсы тамакты сүйүп жейт?

– Бардык тамагымды жакшы көрөт (оромо жана мантысын).

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан