Кубанычбек Самаков, Жогорку Кеңештин депутаты: “Атамдын кадыр-баркы менен депутат болгонумду танбайм”

Кубанычбек Самаков кайра-кайра шайлоо өткөрүлгөнү менен эсте калган Бишкектеги Ленин округунан шайланган эл өкүлү. 7-чакырылыштын мөөнөтү ортолоп калганда парламентке барды. “Депутат болушума атам Карганбек Самаковдун эл арасындагы кадыр-баркынын чоң таасири тийди, мен аны менен сыймыктанам”,- дейт ал.

– Кубанычбек мырза, ЖМКга биринчи жолу кенен маек берип жатам деп калдыңыз, адегенде өзүңүз тууралуу маалымат алсак?

– Ооба, буга чейин актуалдуу маселелер боюнча өз пикиримди маалымат каражаттарында билдирип келгем, бирок бул чоң форматтагы биринчи маегим. Мен 1984-жылы 7-декабрда Нарын облусунда жарык дүйнөгө келгем. Учурда Бишкек шаарынын тургунумун. Үй-бүлөдө балдардын улуусумун, эки иним жана эки карындашым бар. Өзүмдүн 2 кызым, 1 уулум бар. Атамды баарыңыздар эле таанысаңыздар керек, Жогорку Кеңештин  4 чакырылышында депутат болгон саясатчы Карганбек Самаков. Орто мектепти Нарындан окугам. Эки жогорку билимим бар. Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция, ошондой эле ишкердик жана укук деген бөлүмдөрүн бүтүргөм.

– Кандай максатты көздөп депутат болдуңуз?

– Укуктук билим алып, анан прокуратурада иштесем деген кыялым бар эле. Окууну аяктап, райондук прокуратурага жумушка кирейин деп жатканда, тагдырымда бурулуш болуп кетти. Атамдын бир досу чоң бизнес ачып ошол жакка чакырып калды. Бизнес түптөгөндү үйрөтөм дегенинен ошол жакка кеттим. Депутат болуп шайлангыча бизнесте жүрдүм. Кыргыздын өзөгүндө патриоттук сезим жашайт, мени депутат болууга ошол патриоттук сезимим жетеледи. Эл-жериме кызмат кылайын, пайдалуу мыйзамдарды жазайын деген максат менен парламентке келдим.

– Дээрлик бардык депутаттар айткан жоопту айттыңыз. Парламентке барбай деле өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошсо болбойбу?

– Бизнесте жүргөнүмдө кол алдымда 200дөй адам иштечү. Жарым жылда мамлекетке 50-100 миллион сом салык төлөчүбүз. Депутат болбой деле 15-20 миң иш орундарын түзүп, салыгын төлөп жаткан ишкерлер бар. Бирок ошол ишкерлердин ишмердүүлүгүн жолго салган мыйзамдар парламентте жазылат. Мени ушул тармак кызыктырды десем болот. Анткени көйгөйдү ичинен билем, пайдалуу мыйзамдарды жазып ишкерлерге жардам берсек болот. Ал эми бизнесте жетчү ийгиликтерге жеттим. Өзүмдүн алган билим, тажрыйбамды өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеткенге убакыт жетти го деп ойлойм.

– Сиздин депутат болушуңузга карата “атасынын акчасы, аброюнун жардамы менен шайланды” деген сындар айтылды. Кандай ойлойсуз, эгер Карганбек Самаковдун уулу болбосоңуз депутат боло алат белеңиз?

– Атамдын даражасы, кадыр-баркы менен депутат болуп келгенимди танбайм. Баарыбыз эле ата-эненин тарбиясын алабыз. Атам 4 жолу катары менен депутат болгон адам, анын жолун улап парламентте отуруу мен үчүн сыймык. “Атасы Самаков болсо, албетте, депутат болот да” дегендерге айтарым, атамдын арты менен болбогондо кимдин арты менен болом? Атам бирөөнүн байлыгын уурдап же тартып алган эмес. Азыркы эл арасындагы кадыр-баркына ак эмгеги менен жеткен. Мен атамдын аброюнун артынан депутат болгонума уялбайм, тескерисинче, башымды бийик көтөрүп жүрөм. Анан да “көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” деп коюшат. Менин деле башымдан көп окуялар, турмуштук сабактар өттү. Бир жолу ыраматылык Чубак ажы менен сүйлөшкөнүмдө “ар бир баланын атасыныкынан тышкары өзүнүн ырыскысы болот” деген эле. Маңдайга жазылган нерсе ошол өзүбүзгө тиешелүү ырыскынын негизинде болуп жатат деп ойлойм. Калгандары ошол ырыскыга жардамчы, көмөкчү, колдоочу. Мага Кудай ошол ырыскысын кенен бергенине, мага ишенген колдоочу, тирөөчүлөрүмдүн көп экенине ыраазымын.

– 7-чакырылышка карата “парламент нотаруис эле болуп калды, депутаттардын өз пикири жок, жетеленме” деген сындарга негиз бар деп ойлойсузбу?

– Негизи парламент мыйзам чыгаруучу жана алардын иштешин көзөмөлдөгөн орган да. Көп эл аралык келишимдерди бекитебиз, эл пайдасына иштеген мыйзамдарды жазып, талкуулап, элдин көйгөйүн чече турган, анын кызыкчылыгына иштей турган нотариус болсок эмнеси жаман? Бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жазылган мыйзамдарды иргей билсек болду. Ар бир мыйзамды дыкат окуп чыгып, үтүр чекитине чейин талдап турсак нотариус болгонго деле макулмун. Анткени бул иштерди да бирөө аткарышы керек.

– Туунун өзгөрүшүнө башында каршы экениңизди билдирген элеңиз. 2-3-окууда колдоп бердиңиз, себеби эмнеде болду?

– Биринчи окууда тууну өзгөртөбүз дегендер “эмнеге өзгөртүп жатасыңар?” деген суроолорго далилдүү жооп бере алышкан эмес. “Күн карамага окшоп калыптыр” деген аргумент мени ынандырган эмес, ошого каршы добуш бергем. Ал эми 2-3-окууда колдоп бергенимдин себеби – демилгечилер 2 айдан бери элге түшүндүрө албай жаткан нерсени президентибиз элдик курултайда эки сөз менен эле түшүндүрүп койду. “Туубузда каталар бар экен, ошону эле оңдоп-түзөйбүз” деди. Курултайдан кийин өзүм да адабияттарды, тарыхты карап чыктым. Чынында чоң боз үйлөрдүн түндүгүнө 4-5тен чамгарак коюлган экен. Илгери Алымбек датканын же Ормон хандын мезгилинде боз үй алардын азыркы тил менен айтканда кеңсеси, администрациясы болгон да. Чоң боз үйлөрдүн чамгарактары көп болгон экен. Бул деген үй ошончолук бекем, туруктуу болушуна шарт түзгөн. Ал эми биздин эски желектеги 3 чамгарак кичинекей боз үйлөргө гана коюлуп жүрүптүр. Президенттин сөзүн эске алып, өзүмдүн иликтөөмдөн жыйынтык чыгарып колдоп бердим. Желектин азыркы көрүнүшү көзүмө кооз көрүнүп жатат.

– Туу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынган жок дегенге кошуласызбы?

– Элдин оюн эске алдым деп эсептейм. Мен бир райондон шайланган депутат болсом, президент элдин 80 пайызынын добушун алган. Президентти сыйлап колдоп бердим. Президент өзү жоопкерчилик алып жаткандан кийин ага ишендим. Негизи ар бир чечимдин эки тарабы болот, мисалы, бармагыңа тикенек кирип кетсе врачтар “кой, мунун колу ооруйт, чыгарбай эле коёлу” дебейт да. Колу кесилип кетпеши үчүн, оорутса да, операция кылып болсо да тикенекти чыгарышат. Бул окуяда да, балким, айрымдарга эски көйнөгү жакшы көрүнүп жаткандыр.

– Жаңы келген депутат катары парламенттин табиятын кандай өздөштүрүп жатасыз?

– Бул чөйрөдө жаңымын деп айта албайм. Атам 4 жолу депутат болгондо капталдан болсо да майда-чүйдөсүнө аралашып жүргөм. Мага ушул иш бөлмөнү беришти, сырдап кирип алдык. Мурун бул бөлмөдө аппараттын кызматкерлери отурушчу экен. Депутат болуу бул өзүңдүн бош убактыңды таптакыр эле жоготуп коюу тура, бизнесте жүргөндө өзүбүзгө өзүбүз кожоюн элек. Парламентте жоопкерчилик жогору, эртең эл “эй, бул мыйзамды эмнеге өткөрүп жибердиң эле?” деп сурашса оозумда сөзүм даяр турсун деп таза иштегенге аракет кыласың.

 

 

 

 

Лунара Бекиева        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан