МАЙРАМДЫК ЭТҮҮ ДАСТОРКОН 

Алма кошулган тоок эти 

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сан эти – 2 даана

Алма – 2 даана

Соя соусу – 5 аш кашык

Алма уксусу – 1 аш кашык

Бал – 1 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Туз, мурч, тоок үчүн татымал – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы: 

1. Тоок же башка канаттуунун этин алсаңыз болот. Бир табакка соя соусу, уксус, бал, татымалдарды жана сарымсакты эзип кошобуз. Буга тоок этин салып 20 мүнөт маринаддайбыз.

2. Кичирээк табага маринаддалган тоок этин салып 180 градуста 35 мүнөт бышырабыз. Алманы кесимдерге бөлүп, электр мешиндеги эттин үстүнө тизип, дагы 30 мүнөт бышырабыз. Кычкыл-таттуу тоок этин жашылчалар менен дасторконго сунсаңыз жакшы айкалышат.

Стейк помидор менен

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Уй эти – 300 грамм

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Черри помидору – 100 грамм

Пияз – 1 баш

Каймак май – 10 грамм

Розмарин – 2-3 тал

Зайтун же өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Уй этин жука экиге бөлүп, ашкана балкасы менен ургулап жумшартып алабыз. Ага лимон ширесинин жарымын, туз, мурч себелеп, алар татыгыча жарым саатка чейин күтө туруңуз.

2. Көмөч казанга май сүйкөп, ысып чыкканда уй этин салабыз. Гриль көмөч казанын пайдалансаңыз андан жакшы. Эттин жанына розмарин талдарын салып коюу керек. Ал жыт, даам берет. Экинчи тарабына которгондо үстүнө каймак май кесимдерин коёбуз. Стейктин өңүн саргыч кылып, ширелүү көрсөтөт.

3. Эттер бышкан соң ошол көмөч казанга майдын калганын куюп, майда тууралган пиязды салып кууруйбуз. Ага черри помидорун кошуп, туз, мурч себелеп, отту жайлатып капкагын жаба туруу керек. Кабыгы жарылып, ширеси чыгып бир кайнаганда оттон чыгарабыз.

4. Тарелкага эт кесимдерин жайгаштырып, помидорду салып, ашкөктөр менен кооздоп, дасторконго суна бериңиз.

Ашкөк кошулган балык эти

Керектелүүчү азыктар

(3 порция үчүн):

Балык эти – 300 грамм

Петрушка, укроп – жарым боо

Сарымсак – 2 тишче

Зайтун же өсүмдүк майы –5 аш кашык

Лимон – 1 даана

Кызыл, кара мурч –0,5 чай кашык

Каймак – 2 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Эгер бүтүн балык болсо 2-3 сантиметр калыңдыктагы кесимдерге, же узатасынан экиге бөлүп, кайра бир поциялык кесимдерге бөлөбүз.

2. Каймакка туз, мурч себелеп, лимонду экиге бөлүп, жарымынын ширесин сыгып, сыртын сүргүчтөн өткөрүп кошобуз. Ашкөктөрдү майда туурап, үстүнө салып, баарын аралаштырабыз. Бул соусту балык этинин үстүнө куюп аралаштырып, 10 мүнөт тыныктыруу керек.

3. Табага фольга салып ага балык кесимдерин жайгаштырабыз. Үстүн да буу чыкпагандай жаап, 180 градуста ысып турган электр мешине 10 мүнөткө салып, андан соң үстүндөгү фольганы алып дагы 10-15 мүнөт коюп бышырабыз. Назик, жумшак, даамдуу, жеңил балык эти даяр!

Эттен рулет

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 800 грамм

Көк алма – 2 даана

Жалбыз – 3 талча

Петрушка же укроп – жарым боо

Сарымсак – 2 тишче

Туз, татымалдар – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Койдун төш этин алсаңыз болот. Аны сөөгүнөн бөлүп алабыз. Эгер башка жилик эти болсо 1-2 сантиметр калыңдыкта тилип чыгабыз. Этти ашкана балкасы менен ургулап коюу керек. Ошондо эт жумшак болот. Этти жайып туз, мурч, татымалдарды себелейбиз.

2. Алманы орточо чоңдукта чарчы туурап, ага майдаланган петрушка жалбыз, сарымсакты кошуп аралаштырабыз. Туз, мурч себеленет.

3. Этке толтурмадан салып тегиз жайып, бекем узатасынан оройбуз. Оромду жип менен байлап коюу кажет. Сыртынан фольга менен жылчыгы жок эки каттап оройбуз.

4. 180 градус ысыкта 40 мүнөт бышырабыз. Андан соң бетин кесип, дагы 25 мүнөт кызарта бышыруу керек.

5. Электр мешинен чыгарган соң агып чыккан ширесин бир идишке куюп алабыз да, эт кесимдеринин үстүнө куюп жиберебиз.

 

Майрамдык дасторконду даярдоого көмөктөшкөнү үчүн ашпоз Ырыс Зарылбековго ыраазычылык билдиребиз.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан