ВИНИСИУС ЖУНИОР – “РЕАЛДЫН” ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗЫ

Атактуу “Реал Мадрид” бул футболчуну өзүнө алуу үчүн “Фламенго” клубуна 45 миллион евро төлөп берген. Бул 19 жашка чейинки оюнчулардын арасында эң кымбат келишим деп эсептелет. Бир катар мыкты футболчулардан кымбат турган "Реалдын" азыркы жылдызы Винисиус Жуниорду тааныштырабыз. 

Толук аты-жөнү – Винисиус Жозе Пайшан де Оливейра Жуниор

Туулган жылы, күнү - 2000-жыл, 12 июль

Туулган жери – Бразилия, Рио-де-Жанейро штаты 

Бою - 176 сантиметр

Салмагы - 73 килограмм

Позициясы - чабуулчу

Клубу – “Реал Мадрид”

Номери – 7

Кылмыштуулук күч шаарда кедейдин үй-бүлөсүндө туулган

Испаниялык “Реал Мадрид” клубунун жана Бразилия улуттук курамасынын чабуулчусу Винисиус Жуниор Рио-де-Жанейронун четиндеги Сан-Гонсалу аймагында жарыкка келген. Гонсалу коркунучтуу шаар, кылмыштуулук жана зордук-зомбулук күч. Атүгүл ал жерде шаардын кайсы жагында атыш болуп жатканын билип туруу үчүн атайын тиркеме иштейт. Винисиус жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Футболчу Рабиньонун фанаты болуп, анын ыкмаларын туурап ойногон 6 жашар Винисиусту жакыр райондордон таланттуу балдарды издеп жүргөн скауттар байкап калышкан. Ошентип ал “Фламенго” академиясынын филиалына түшкөн. Винисиус жаштар футболунда, анын ичинде футзалда 20дан ашык ар кандай титулду жеңип алган. 10 жашында аны “Фламенго” академиясына алышкан. Атактуу “Реал” менен келишим түзгөндөн кийин Винисиус бардык туугандарын Сан-Гонсалудан Рио-де-Жанейронун батыш жагына көчүрүп кеткен.

16 жашында Сан-Паулу жаштар турниринде мыкты чабуулчу аталган. 2017-жылы 13-майда клубдун негизги курамы менен “Атлетико Минейрого” каршы дебюттук оюнун өткөргөн. Бул оюндан кийин Винисиус “Фламенго” менен келишимин 2022-жылга чейин узартып, жаңы келишимде 16 жашар чабуулчунун айлык акысы көбөйгөн.

Бразилия курамасы 17 жашка чейинкилердин арасында Түштүк Америка кубогун утуп алгандан кийин Винисиус 7 голу менен мыкты бомбардир болгон.  Ушундан кийин жаш вингерге "аңчылык" башталган. Биринчи болуп оюнчуга “Манчестер Юнайтед” кызыккан. Бирок англиялык клуб тажрыйбасы жок жаш футболчу үчүн 45 миллион евро кымбат деп эсептеп, тобокелге барган эмес. Ал эми “Барселона” менен “Реал Мадрид” тобокелге барууга даяр болчу. Жыйынтыгында оюнчуну “Реал” илип кеткен. 2017-жылы 23-майда “Реал Мадрид” футболчунун трансфери боюнча “Фламенго” менен келишимге келгенин расмий түрдө жарыялаган. Оюнчу 18 жашка чыкканда 2018-жылы “Реалга” өтмөй болот. Трансфердин суммасы 45 миллион еврону түзгөн. Бул Бразилия футболунун тарыхындагы Неймардан кийинки экинчи чоң суммадагы трансфер жана бул 19 жашка чейинки жаш футболчу үчүн берилген эң чоң сумма деп саналат. Бекхэм, Модрич, Бензема, Иско, Кроос, Озил, Игуаин, Оуэн жана бир канча татыктуу оюнчулар «Реалга» 16-жашар  бразилиялык өспүрүмдөн арзан түшкөн.

2021-22-жылкы Чемпиондор лигасында Винисиус “Мыкты жаш оюнчу” аталган. 2023-жылы июнда Эден Азар командадан кеткенден кийин, 20 номердеги Винисиус 7-номерди ээлеген.

“25-26 жаштарымда өзүмдү “Алтын топтун” ээси катары көрөм”

“Учурда планетанын мыкты футболчулары менен ойноп жатам. 25-26 жашымда өзүмдү “Алтын топтун” ээси катары көрөм” деп айтканы бар 18 жашында. “Алтын топтун” азыркы күндөгү талапкери Винисиустун жалкоолонуп кеткен учурлары да болду. Ал үчүн бурулуш алып келген окуя - 2020-жылы мартта машыктыруучу Зинедин Зидан менен болгон келишпестик болду. Экөөнүн мамилеси башынан жакшы эмес болчу. Машыктыруучу Вининин өсүшү керектигин дайыма айтып, аны такыр мактачу эмес. Машыктыруучу “Сити” менен болуучу беттештин алдында Жуниорду негизги курамдан алып койгон. Оюнчу жинденип, запастагы оюнчу болуудан баш тарткан. Ошентип ал биринчи таймда кийим чечүүчү бөлмөдөн чыкпай отуруп алган. Экинчи таймга келген, бирок оюнга чыккан эмес. Анын бул кылыгын күйөрмандар жинденүү менен кабыл алышкан. Кийинки күнү Жуниор кечирим сураганда Зидан дароо эле жумшарып, оюнчуга колдоо көрсөткөнгө аракет кылган, ага атайын машыгууларды сунуштаган. Ошентип Жуниор катуу аракет кыла баштаган, жеке машыктыруучу жалдап, психолог менен иштешип, командага жакшы жыйынтыктарды алып келе баштайт. Вининин ийгиликтеринде машыктыруучу Анчелоттинин аракети чоң. Ал оюнчунун экинчи атасы болуп калды. Муну менен катар ага Карим Бензема да кеңештерин айтып жардам берет. Буга чейин экөөнүн ортосунда келишпестиктер болгону менен азыр экөө жакын, талаада алардын ынтымагынан жаралган оюндар командага көп пайдасын алып келүүдө. Жуниор Бенземаны мугалим катары көрөрүн айтат.

Бразилияда жакырчылыкты азайтууга жардамдашат

2021-жылы апрелде Винисиус Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Ливерпулга” 2 гол киргизгенден кийин испаниянын күнүмдүк спорттук басылмасы “Marca” Винисиусту “Реал” эмне болсо да сатпай турган оючулардын тизмесине кошкон. Чыныгы ийгилик спортчуга 2021-22-жылкы сезондо жылмайды. Карло Анчелоттинин келиши менен Вини 52 оюнда 42 упай алып, “Ливерпулга” гол киргизип, Чемпиондор лигасында командага жеңиш алып келген. Талаанын эки жарымында тең эффективдүү оюну менен мактана алган чабуулчулар көп эмес. Анын үстүнө ал дриблингде мыкты. Жуниор амбициясы күчтүү жаш баладан укмуштуудай потенциалы бар, өзүнө ишенген ар тараптуу футболчуга, “Реалдын” жылдызына айланды.

Футбол тарыхы жана статистикасы эл аралык федерациясы (IFFHS) 2023-жылдын мыкты футболчуларынын рейтингин жарыялады. Эң мыкты 10 оюнчунун катарын Винисиус да толуктады. Ушул жылы Винисиус “Реал” менен келишимин узартты, ал 2027-жылга чейин түзүлгөн. Футбол жылдызы команданын курамында Испаниянын 2 жолку чемпиону, Испания кубогунун жеңүүчүсү жана эки жолу өлкөнүн суперкубогунун ээси, 2021-22-жылкы сезондо УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жеңчүүчүсү болду. 2022-жылы футболчу Чемпиондор лигасынын “Мыкты жаш оюнчусу” аталган. Ушул жылдын 30-октябрында Сократеса сыйлыгын алды. Бул сыйлык ага социалдык багыттагы иштери үчүн ыйгарылды. Муну менен катар Вини “Алтын топ” үчүн добуш берүүдө 6-орунду ээледи.

“Сан-Гонсалуда 13 жыл жашадым. Ал жактагы жашоо канчалык коор экенин билем. Көп атышуларды көрдүм. Бул жакыр райондун ар жашоочусунун кыялы - жашоо тынч, жакшы болгон жерге көчүү” деген футболчу азыр жаш бразилиялыктарды жакырчылыктын сазынан сууруп чыгууга аракетин кылып, билим берүүдө болгон күчүн жумшап жатат.

 Перизат Музуратбекова       

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан