ЭРГЕЖЭЭЛДЕР ЖАШАГАН 2 АЙМАК  

Атактуу жазуучу Жонатан Свифттин “Гулливердин саякаты” аттуу фантастикалык романы көпчүлүккө белгилүү. Романдын “Лилипутияга саякат” бөлүмүндө сөз болуучу эргежээлдердин чыныгы турмушта прототиптери бар. Кызык бекен? Анда ошолор тууралуу сөз кылабыз. 

Дүйнөдөгү эргежээлдердин жалгыз шаары

Кытайдын Юньнань провинциясындагы Куньминь шаарынан 35 чакырым алыстыкта  “Эргежээлдердин падышалыгы” аттуу шаарча бар. Шаарча Кытай бийлигинин чечиминин негизинде Чен Минцзин аттуу бизнесмендин аракети менен түптөлгөн. Бою 130 сантиметрден ашпаган адамдар аталган шаарчанын тургуну боло алышат. Маалыматтарга таянсак, учурда анда Кытайдын туш тарабынан келген 120 эргежээл жашайт. Эң кичүүсү 18, эң улуусу 48 жашта.

Шаарчанын жаралуусуна эргежээлдердин боюнун кыскалыгынан улам башка адамдардын кысымына туш боло бергендиги түрткү болгон. Өздөрүнө окшош адамдар менен жашап жаткандыктан жашоочулар бул шаарда өздөрүн эркин сезишет. Ар кандай шылдың, мазактоолордон алыс.

Шаарчада оорукана, мектеп, дүкөндөр, полиция, өрт өчүрүү кызматы, кафе, сувенир жана гүл сатуучу жайлар жана башкалар бар. Баарын өздөрү иштетишет. Тургундардын  негизги кирешеси туризмден түшөт. Ушул максатта алардын үйлөрү атайын козу карын формасында курулган. Өздөрү жомоктордогу кейипкерлердей кийинип жүрүшөт. Ар күнү келген туристтерге 2 маал шоу-программа тартуулашат. Муну менен алар жашоосуна керектүү каражат таап алышат. Андай программаларды Чен Минцзин көзөмөлдөйт дешет.

Эргежээлдер бош убактарында покер, бадминтон жана башка оюндарды ойношот, англис тилин бекер курстар боюнча үйрөнүшөт, достору менен баарлашат. Жакынкы аймактарды көрүп келгенге саякатка да чыгып калышат.

Шаарча эл кызыгып көрүүчү жайга айланган, жакынкы аймактардын жашоочулары жана туристтердин көп келиши ушундан.

Ирандагы эргежээлдер айылы

Ирандын Ооганстан менен чектешкен аймагында, тоолордун арасында Махуник айылы бар. Жакын жердеги тоого чыгып караганда айыл балдар эптеп-септеп курган оюнчук үйлөрдү чачып жиберген талаа сымал көрүнөт.  Оюнчук сымал дегенибиз, кичинекей эшик, терезелери бар кичинекей үйлөр. Саны 70-90дой. Үйлөр таш, чопо топурак менен салынып, шыбына чырпык-шактар ташталып, үстү ылай менен шыбалган. Баары бир өңдөгү, бирдей көрүнүштөгү боз төбөл жалпак тамдар. Аталган айылга барган чет элдиктер, ал тургай ирандыктар өздөрүн алп адамдардай сезишет. Айылга коомдук унаа каттабайт, бирок кайсы таксист болсо да туристтерди көп акчага жеткирүүгө макул. Ал жакка жакынкы шаардан ары 2 сааттай тоону аралап жетүү керек.

Тарыхка кайрылсак, айыл мындан 1,5 миң илгери түптөлгөн. Ошондой эле мындан 100 жыл илгери эле кичинекей адамдар жашаган деп айтылат. Алардын бойлору 1 метрден ашкан эмес. Ошондуктан үйлөрүн кичинекей салышкан. Барган туристтер үйгө кирсе боюн тик кармап тура албайт, ийилиши керек. Дубалдын бийиктиги 1,5 метрден ашпайт. Үй ичинде очок, анан буюмдар койгонго дубалдын боорун оюп жасашкан текчелер бар. Жерге колго токулган таарларды салышкан.

Алардын эргежээл болуп калышканынын  2 себеби бар деп айтылат: биринчиси тамак-ашы абдан чектелүү болгондугу, экинчиси жакын туугандарынын кыздарына баш кошо бергендиктери.

Махуниктин жашоочулары башка дүйнөдөн бөлүнүп, цивилизациядан алыс жашашкан. Башка жактагылар менен байланышууга татаал, ашуу аркылуу өтүүчү жолдон башка жолдор болгон эмес. Андыктан сырттан курулуш материалдарын алып келип үй салууга мүмкүн болгон эмес.

Аймак тоолуу, кургакчыл, кумдуу, таштактуу келет. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнө абдан жарды. Андыктан мал багуу кыйынга турган. Суукта жагып жылынуу үчүн терген, чогулткан отундарын, үй салчу ылай-топурактарды да өз күчтөрү менен ташып келип турушкан.

Болгону түрп, шалгам, арпа, таруу айдап түшүмүн алып, тамак-ашка колдонушкан. Жапайы өскөн жужуб (кытай курмасы), мисте дарагынын мөмөлөрү менен да азыктанышкан. Арпа нанды лаваш сымал кылып очокко бышырышкан.

Суу алчу булак айылдан 3-4 чакырым алыста жайгашкандыктан ташып келүүгө туура келген. Айылдан алыс эмес жерде жайгашкан чакан көл жайында мончонун милдетин аткарып турган.

Кийин, мындан 1 кылымдай мурун Ооганстан өкмөтү айыл жакка жол салгандан тартып, эл башка жакка чыгып, жашоолору жеңилдей баштаган. Буудай ун алып келишип, нан жасап, күрүч, тоок эти менен таанышып, даамдарын татып көрүшкөн. Башка жактан чөп-жем алып келүүгө мүмкүн боло баштап, айрымдар эчки багууга өтүшкөн. Бирок баары бир суу, электр жарыгы, дегеле инфраструктура жок болгондуктан башка жактарга көчүп кете башташкан. Айрымдары жакынкы айылдарга көчүшкөн.

Учурда айылда бир нече адамдар жашайт. Бирок алардын бойлору кадимки адамдардыкындай эргежээл эмес.

 

Канымжан Усупбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан