Каракыз, Карагер, Каратал... Атактуу аргымактардын таржымалы

Жылкы жандуу кыргыз илгертен аргымакты башкача барктайт, аздектейт... Аргымактар да ээсинин жарпын жазып, той-салтанаттарда өз кереметин көрсөтүшөт. Айтор, күлүк ат көпчүлүктү кайдыгер кылбай турганы талашсыз. Бул санда ээсинин, кыргыздын намысын талашкан жылдын мыкты аргымактары тууралуу кеп кылалы.   

Бакай Шүкүров, Аргымак федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу: “Казактар чоң сумманы сунуштаганда да беришкен жок”

– Улуттук оюндарынын түрлөрү боюнча өлкөдө 12 федерация бар. Анын бири Аргымак федерациясы. Бул федерация жыл сайын жылды жыйынтыктап, бир жылдык көрсөткүчтөрүнө карап аргымактардын мыктыларын аныктайт. Быйыл да республикалык жана башка ири ат чабыштардагы жетишкендиктерине карап алдыга суурулуп чыккан аттарды аныктап жатабыз. Күлүктөрдүн арасынан эң мыктысы Нурбек Керимбековго таандык Каракыз болду. Саяпкери Изат Сыргак уулу. Быйыл республикалык негизде өткөрүлгөн 2 ат чабышта биринчиге коюлган 2 батирди тең утуп алды. Биринчи жолу кунан чабышка чыкканында Каракыз 54 кунандын ичинен биринчи келген эле. 4 жылда 9 жолу чабылып, 5 автоунаа, 2 батир, 2 акчалай сыйлык утту. Кыргызга эле эмес, бүтүндөй казакка белгилүү аргымак. Анткени Казакстандагы аламан байгелерге катышып, алардын Мамайкара сыяктуу эң күчтүү күлүктөрүн артка калтырды. Казактар сатып алабыз деп чоң сумма сунуштаганда да беришкен жок. Андан кийинки орунда Шабидин Токтосартовго таандык Карагер, Абдукайым Амановдун Каратал деген аргымактары турат. 

Ал эми жорго салыштан Чиксон Лок, бышты жоргодон Мулан, кунан чабыштан Айкыз деген аргымактар жакшы көрсөткүчтөрү менен жыл мыктыларына илинип жатышат.

Изат Сыргак уулу, Каракыздын саяпкери: “9 жолу чабылып, 8 жолу биринчиге чыкты”

– Каракызды 2019-жылдан бери таптап келе жатам. 1 жарым жаш кезинде сатып алганбыз, баасы эсимде жок. Андан бери 9 байгеге чабылып, 1 эле жолу 2-орунду алып калды. 2020-жылы кунан чабышка салып, анда Кыргызстандан биринчини, Казакстандан 2-орунду ээлеген. Казакстанга даярдап бара жаткан чабандесибиз чек арадан өтпөй калып, чабышта башка бала минген эле. 2021-жылы 9-майда Казакстанда болгон топ байгеде утса, ошол эле жылы Кыргызстанда эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган чабышта да баш байгени алган. Ал эми 2022-жылы июль айында Каркыра жайлоосунда, сентябрь айында Алматынын ипподромунда, октябрда Кордайда өткөн чоң чабыштарда биринчиликти берген жок. Быйыл Ошто белгиленген эгемендүүлүк майрамына арналган мелдеште, Ормон хандын 230 жылдыгына арналган аламан байгеде алдыга озуп келип, 2 батирди жеңди.

Каракыз жылына 2 же 3 байгеге чыгат, бирок чоң байгелерге гана чабылат. Мүнөзүнө келсек, чабышта күчтүү болгону менен, кароодо назик. Бардык эле адамды жанына жолотуп, мингизе бербейт. Учурда 5 жашта. Атасы таза кандуу Эргиас деген англис айгыры, энеси да таза кандуу бээ. Энеси 2022-жылы Кыргызстанга алынып келинип, учурда Кара-Балтада кулун алыш үчүн багылууда.

Улакка салынган атты таптоо менен күлүктү таптоонун айырмасы асман менен жердей эле. Улакка чабылуучу атка башкысы күч керек, алдын ала бир жума даярдаса жетиштүү. Ал эми күлүк чабышка эки-эки жарым айда гана даяр болот. Анда ашыкча май да, эт да болбошу зарыл. Узак аралыкка чуркоого даярдалат. Таптоо кыйыныраак. 

Каракыз алынып келген “Барсук” деген жылкы заводдон 2022-жылы Айкыз деген да атты сатып алганбыз. Быйыл кунан чабыштарга чыгып, алдыда келип жатты. Бирок жаракат алып калып, жакында сатууга туура келди.

Манас Экенбаев, Карагердин саяпкери: “Карагер жеке чарбабыздан чыккан таза кандуу жылкы”

– Жеке жылкы чарбабыз бар. Карагер ушул чарбадан чыккан жылкы. Атасы Бутсофал деген таза кандуу англис айгыры, энеси да таза кандуу Датка деген бээ. Жазында 5 жашка чыгат. Кунан кезинде үйрөтүп, 3 жашында аламан байгеге чапканбыз. Алгач 2022-жылы Сокулукта ат чабыш болуп, анда марага 2-болуп келген. Андан соң Ноорузга арналган чабышта 1-орунду алды. Ушул эле жылы 31-августта Нарындан президенттин кубогун уткан. Элдик чабышка ипподромго чабылганда 2-орунду алганбыз. Быйыл болсо Казакстанда өткөн мелдеште биринчи болуп келип, автоунаанын ээси болдук. Ал эми Ормон хандын 230 жылдыгында экинчини, ноябрда Элдик чабыш-5 өтүп, биринчиликти алдык.

Аттар кышы бою эс алууда болот. Катуу суукта чучугун толтуруп, эттендиребиз. Январь, февраль айларында бастырып баштайбыз. Карагердин 2, 3 жаштагы бир туугандары бар. Аларды да чабышка даярдап жатабыз.

Саяпкерлер жылкыны бардык тараптан даярдап келип чабандеске тапшырабыз. Калганы анын колунда. Ошондуктан чабандес да жакшы даярдыктан өтүшү кажет.

Айбек Сатыбалдиев, Караталдын саяпкери: “Каратал Лимит деген айгырдын акыркы тукуму”

– Каратал былтыртан бери чабышка түшө баштады. Былтыр кунан болчу. 2 жолу беттешке чыгып, экинчи жана бешинчи орундарды ээлеген. Быйыл аламан байгелерге түштү. Ноорузда үчүнчү, 9-Майда Жалал-Абаддагы мелдеште биринчи, Ормон хандын 230 жылдыгында үчүнчүнү алды. Быйылкы жылдын эсеби менен жалпы 600 миң сомдук акчалай байге уттук.

Бул атты тай кезинде 4 миң долларга сатып алганбыз. Таза кандуу англис аты. Атасы Лимит деген айгыр болчу, Каратал анын акыркы тукуму, Лимит өлүп калган. Лимиттин Карабайыр, Дария деген балдары да күлүк чыккан. Карабайыр Биринчи көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү болсо, Дария 1,5 миллион сомдук байге уткан.

Күлүк адам даярдангандай эле, жылкы да алдын ала жарышка кылдаттык менен даярдалат. Кыштан баштап эле даярдыктарды баштайбыз. Алгач желип бастырылат, этин толтуруп, жарышка чейин кайрадан терин алып арыктатабыз. Витамин, биокошулма, алма, сабиз беребиз. Жалпысынан бир аргымакты кароого бир айда 15 миң сомго чейин жумшалат. 23-февралда аламан байге болот, ошого даярдык көрүүнү баштадык.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан