Айтурган Абдразакова, ырчы: “Стюардесса болууну кыялданчумун”

Кавер ырдап элге тааныла баштаган Айтурган Абдразакованы кепке тарттык. Стюардесса болуу кыялын журналистикага жана ырчылыкка алмаштырган каарманым өзү, ырчылык, оор күндөрү, бактылуу учурлары тууралуу кызыктарды айтып берди.

Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 26-август

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары

Билими – жогорку, КМУнун журналистика факультетин бүтүргөн

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү

Учурда – журналист, ырчы

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, кандайсың? Ырчы болуу Айтургандын бала кезден берки кыялыбы?

– Айтургандын кыялы ырчы эмес, стюардесса болуу эле. Аябай кызыкчумун. 11-классты бүткөндөн кийин авиациялык институтка тапшырайын десем атам каршы болду. Ошондо “анда башка кесипти тандабайм, такыр окубайм” деп чыктым. Анткени ага чейин башка кесип тууралуу ойлонгон да эмесмин. Бирок кийин ата-энемдин, бир туугандарымдын сөзүн угуп, университеттин журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Башында окууга анча кызыгуум болгон жок. Бирок тажрыйба топтоого чыкканда кесибиме сүйүү, кызыгуу пайда боло баштады. Ошентип окуп, иштеп жүрдүм. Эмгек жамаатыбызда чыгармачылыкта жүргөн эжелер бар эле. Корпоратив үчүн алар менен кошо студияга барып ыр жаздырганбыз. Ошондо ырдап чыгууну ойлонуп, кызыгып калган элем. Кийин студияга атайын барып үн түшүрдүм. Алгачкы ырым “Сага карай жол издейм” деген, түбү корей элине таандык ыр. Аны кыргызчага которуп элге жайылткан Борончу Кудайбергенов агабыз болгон. Борончу агадан кесиптешим, агайым Байыш Момунов уруксат сурап берди. Борончу байке “үнү жетип, жакшы аткарса уруксат берем” деген. Бул чыгарма мени аябай таң калтырып, азыркы күнгө чейин 6 миллион 900 миң көрүү топтоду. Буга чейин ырдап, эл алдына чыгып көрбөсөм, анан эле алгачкы ырым минтип жакшы тарап жатса аябай кубандым. Тиктоктогулар бул ырды колдонуп видео тарткан сайын сүйүнүп жаттым, ал сезимдерди айтып бериш кыйын. Мени менен кошо үйдөгүлөр да кубанып жатышты.

– Автордук ырларды ырдап чыгам деген ойлор барбы?

– Буюрса, 2024-жылдан тарта акындар менен иштешип автордук ырларды да жаздырганга аракет кылам. Клиптерди тарттырам деп да ниет кылып жатам.

– Үнүңүзгө суктангандар көп экен, үнүңүзгө өзүңүз кандай баа бересиз?

– Өзүмө үнүм өтө жага бербейт. Анткени музыкалык билимим жок, вокалдан сабак алган эмесмин. Моюнга алыш керек, ыр жаздырганда үндү аранжировкачылар оңдоп-түздөйт. Муну эл деле билет. Вокалга барып сабак алайын деп турам, буюрса.

– Кайсы музыкалык аспаптарды ойной аласыз?

– 7-класста гитарага кызыгып чертчүмүн. Таякемдин баласы биздин үйдө иштеп жүрүп калды. Ал гитара чертчү. Ошондон бир аз гитара үйрөнгөм. Бирок ал ошону менен эле калган. Азыр эч бир аспапта ойной албайм.

– Ыр жаздыруу, клип тарттыруу каражатты талап кылат. Сизге каржылык жактан көмөктөшкөн адамдар барбы?

– Ооба, жакшы идеялар көп акчаны талап кылат экен. Башында муну түшүнчү эмес экенмин. Өзүм иштейм, ата-энем, бир туугандарым жардам беришет, азырынча ушундай.

– Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз чыгармачылыкка жакын адамдарбы?

– Жок, баары чыгармачылыктан алыс адамдар. Атам мугалим, апам медайым. Бир туугандарым деле башка кесиптин ээлери. Бирок атам тарапта деле, тайларым жакта деле эл көзүндө жүргөндөр жок эмес.

– Бала чагыңызда кандай кыз элеңиз, тентек, эрке кыз болгондой көрүнөт экенсиз...

– Ооба, бала чагымда аябай тентек элем. Кыздар менен эмес, балдар менен көп ойночумун. Мен теңдүү кыздар куурчак ойноп, куурчакка кийим тигип ойношсо, мен машина, мылтыктар менен ойногонду жакшы көрчүмүн негедир. Өзүм да эркек мүнөз кызмын. 

– 2023-жыл сиз үчүн кандай жыл болду?

– Бул жыл жалпы биздин үй-бүлө үчүн өтө оор жыл болду. Анткени 2022-жылдын күзүндө бир боорум – бир тууган эжемди жоготуп алдык. 4-5 айдан кийин алаксыйын деп жумушка чыктым. Чыгармачылыкка барбайм деген ой болгон. Ал кезде бир эле ырды аткарып чыккам. Бирок кайра ойлонуп, ата-энемдин уруксатын алып ырдай баштадым. Анткени  биринчи чыгармам миллион көрүү топтогондо эжем аябай кубанган эле. Ошону эстеп чыйралып, ырдай берсем эмнеге болбосун дедим. Хобби катары ырдап жүрөм.

– Шоу-бизнеске аралаша баштадыңыз, бул кандай чөйрө экен? Сизге жаккан жана жакпаган жагы кайсылар?

– Шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштап жатам. Толук кандуу аралашып, ичине кире элекмин. Жакканы – элге көрүнүп, таанылуу. Жакпаган жагы дагы бар, мага бул чөйрөдө жасалмалуулук көп экени байкалды. 5 кол тең эмес, албетте, баары эле жасалма дебейм, кээ бирлер элдин астында башка, чыныгы жашоодо такыр башкача адам экен. Ошол нерселер  жаккан жок.

– Элдин ою менен эсептешесизби?

– Туура эмес жасасам, аны катталуучу, көрөрмандарым, досторум айтып жатса, анда күнөөмдү моюнума алам, катамды сезем. Бирок жасабаган нерселерди жасады деп, туура эмес сөздөрдү айтышса, анда кабыл албайм.

– Тойлорго чакыруулар көппү? Ставкаңыз канча, сыр болбосо?

– Күзүндө чакыруулар көп болду. Жумушума байланыштуу алыс жактарга бара алган жокмун. Бишкекте, Бишкекке жакыныраак жерлерде болсо барып жаттым. Ставка боюнча, эл тараза, эл сынчы дейт го илгертен. Эл канчалык бааласа ошол сумманы берет. Той ээси айткан сумманы жогорулатууну дагы анча жактыра бербейм. Өз ордумду билем. Аз эмес, көп эмес, өзүм теңдүү, бирдей бараткан ырчылардын катарында той ээсинин ыраазы болуп берген суммасына мен да ыраазы болуп жатам.

– Таанышып алалы деген жигиттер көппү?

– Жок эмес, социалдык тармактардан жазгандар көп. Бирок телефондон таанышып сүйлөшкөндү жактыра бербейм. Антип жазышса жоопсуз калат.

– Түгөйүңүз кандай сапаттарга ээ болушун каалайсыз?

– Мыкты жигиттик сапатка ээ, кыз кишини сыйлай, барктай билген, аракетчил, изденген, билимдүү адам болушун каалайм. Азырынча жүрөгүмдүн ээсин жолуктура элекмин.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан