Гүлсүн Бостонкулова, ырчы:“Мексика аркылуу АКШга бир айда жеттим”

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков менен “вай-файың жокпу эмне?” деп дуэт ырдаган Гүлсүн Бостонкулова эмнеге көрүнбөй кетти? Көрсө, ырчы азыркы тапта океандын ары жагында, АКШда жашап-иштеп жатыптыр. “Күтүлбөгөн жерден АКШга келип калдым” деген Гүлсүн айымдын маегин сунуштайбыз. 

– Кандайсыз, Гүлсүн айым? АКШга барганыңызга канча убакыт болуп калды? Чет өлкөгө кетүүнү мурдатан пландап жүрдүңүз беле?

– Кудайга шүгүр, жакшы. Америкага келгениме 9 ай болуп калды. Негизи АКШга келүүнү деле пландаган эмесмин, күтүүсүз жерден болуп кетти. Көптөр бул жакка айлап, жылдап даярданып, улам-улам визага документ тапшырып, башка мамлекеттерге да барып, айтор, көп аракеттердин арты менен келишет эмеспи. Меники кокустан болду. Апам экөөбүз Ысык-Көлдө эс алып жатканбыз. Анан жездем телефон чалып “Америкага кетесиңби, балам менен келиним жөнөп жатат” деди. Ойлонуп отурбай эле “ооба, барам” дедим. Анан алар балдарына кошо мага дагы билет алып коюшту. Арыдан-бери эле даярданып, жолго чыгып кеттик.

Негизи Американы көрүүнү, бийик имараттарды аралап басууну кыялданчумун. “Америкага качан, эмне болуп барам, билбейм. Бирок сөзсүз барам” деп айта берчүмүн. Кудай буюруп келип калдым. Кудайдан эмнени тиленсең, ошону берет экен.

– Байкашыбызга караганда, Мексика аркылуу кеттиңиз, ээ?

– Ооба, АКШга Мексика аркылуу кирдим. Жолдо толук бир ай жүрдүм. Мексика аркылуу киргенде ар кимдин жолу ар кандай болот. Кээ бирөө узак убакыт АКШнын аймагына кире албайт. Менин жолум жеңил болду. Эми жолдо кыйынчылыктар болбой койгон жок, бирок өзүмдү саякатта жүргөндөй эле сездим. Мексиканын шаарларын, зоопарктарды көрүп ырахаттанып, эл-жер көрүп отуруп жеңил эле келип калдым.

– Кайсы штатта жашап, эмне иш менен алектенип жатасыз?

– Башында Илинойс штатынын Чикаго шаарында болдум. Башкалар сыяктуу эле документтерим даяр болгончо жеткирүү кызматында иштедим. Ал жакта аба ырайы бир аз суугураак болгондуктан, суукка чыдамым жок жаным учурда Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында жашап, иштеп жатам. Бир фирмага ишке орношком. Дагы деле бош убактымда жеткирүү кызматына чыгып коём. Бул жакта күн жайындагыдай ысык. Өзүм кыялданган аба ырайы бар жакка келдим. Абдан көнүп калдым, ошондуктан “мынча убакыт жүрөм” деп айта албайм. Азырынча окуп-иштеп жүрө берейинчи, анан көрөбүз. Колледжге тапшыргам.

– Ал жакта дагы чыгармачылык менен алектенип, клип тартып жатыптырсыз?

– Жакында Нью-Йорк шаарына барып “Бейтааныш жигит” деген жаңы ырыма клип тартып келдим. Клипмейкер Нурадил Акышов деген жигит. Сөзү Самаган Абдыкадыровго, обону Жоодарбек Эгембердиевге таандык ыр. “Болду, чыгармачылыкты токтоттум” дебейм, бирок иш менен алек болуп жаткандыктан убактылуу тыныгууда турат. Колумдан келишинче ырларды чыгара берем. Бул жакта тойлорго дагы барып ырдап жатам. Нью-Йорк, Чикагодо башка шаарларга караганда кыргыздар көп. Андыктан тойлор көбүрөөк болот. Жакында эле Нью-Йоркто бир тойго барып келдим. Эми, албетте, бул жакта Кыргызстандагыдай күндө той болбойт.

– Ал жакта баары кымбат эмеспи, тойдогу кызмат акыңыз кандай болуп жатат?

– Бул жакта миң доллар мындай эле акча болуп калат. Ары-бери учкан жолуңа эле кетет. 2 миң, 3 миң долларга чыгып ырдап калам.

– АКШ эмнеси менен жакты сизге? Өзүңүздө кандай өзгөрүүлөр болду?

– Кооздугу, тазалыгы, айта берсең өтө көп. Эң негизгиси – эли адамгерчиликтүү, өтө сабырдуу. Машинаң жолдо бир азга токтоп калса сигнал басып ызы-чуу түшпөйт. Бизде керек болсо сөгүп, каргап кетишет го. Аба ырайы, акчасы... Биринчи кезекте акчасы менен жагып жатат десем болот го (күлүп).

Америка кандай адамды болбосун тарбиялайт. Өзүмдөн байкаган өзгөрүү, өтө сабырдуу болуп калдым. Адамдардын баарынын укугу бирдей, жөнөкөйлүккө үйрөнөт экенсиң. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндө жакындарыңдын, өзүңдүн амандыгыңды, жакшылык, ийгилик тиленип, Кудайга ого бетер жакын болуп каларыңды байкадым. Кыргызстанда ата-энең, бала-чакаң жаныңда, эч нерсени ойлонбой жүрө бересиң да. Кыскасы, жакшы жакка өзгөрүлдүм. Бирок мурун деле жакшы адам болчумун (күлүп).

– Көпчүлүк чет өлкөгө акча таап, бутка турайын деп кетет. Сизде да акчага муктаждык болдубу, кетүүңүзгө эмне түрткү болду?

– “Сенде баары бар эле го, эмне келип алдың, эмнеге кетип калдың?” деп таң калгандар көп. Биринчиден, Американы көрсөм деген бала кезден берки кыялымды ишке ашырдым. Балдарымдын келечеги үчүн келдим, балдарымды жакшы билимдин ээси кылсам дейм. Адам баласына канчалык болсо дагы жетпейт го. Болгон сайын улам андан жакшы жашоого умтуласың. Алдыга койгон жакшы максаттарым бар. Ишке ашырмайынча алар тууралуу айтууга эрте.

– АКШга кетүү чечимиңизди апаңыз, балдарыңыз кандай кабыл алышты?

– Апам каршы деле болгон жок. Эл-жер көрүп кел деп ак батасын берип узаткан, азыр “аман-эсен, эртерээк кел” деп сагынып жатат. Балдарым Бишкекте, окуп жатышат. 

– 9 ай Кыргызстанды сагынганга жетиштүү убакыт бекен?

– Туулган жердин топурагы алтын демекчи, Кыргызстанды абдан сагындым. Кайда жүрсөң да, албетте, Кыргызстаныма эч бир жер жетпейт. Бул жакка атайын ниет, тилек менен келгенден кийин ойлогон максаттарды ишке ашырып анан барайын дейм. Ата-энемди, балдарымды, жакындарымды, анан дагы силерди сагындым.

– Маек үчүн рахмат. Ийгилик каалайбыз!

Динара Акимова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1099, 29-декабрь-4-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан