ИНТЕРНЕТ ЖЕЛЕСИНДЕГИ НЕГАТИВДЕН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК? 

Интернеттеги социалдык желелер бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Анын оң-терс жактарын билебиз. Билерин билебиз, бирок терс жагынан сактанууга аракет кылып жатабызбы? Ооба, заманбап адам күнүнө бир нече саатын социалдык желелерге коротот, ал жакта биротоло “жашап алгандар” дагы бар.  Соцжелени пайдалануу адеби, мээни ал жактагы негативден сактоо жолдору тууралуу кеп кылалы.

 

1. Инстаграмда же башка бир социалдык желеде отургандан кийин көп учурда адамдарда көңүл чөгүү пайда болот. Себеби ал жактагы “достор” адатта кымбат, модалуу кийимдери менен мактанышып, үй-бүлөсүнүн бактылуу учурун же кымбат ресторанда тамактанып отурганын көрсөтүш үчүн сүрөт же видео жүктөйт эмеспи. Карап отуруп элдин баары жыргап жаткандай, сиз гана ийгиликсиз бир байкуштай сезилесиз. Эч капаланбаңыз! Реалдуулукта баары сүрөттөгүдөй эмес. Суктанарлык сүрөт-видеолордун артында эмне жатканын Кудай билет. Бирөөгө ашкере суктануу, ага өзүн салыштыруу, учурдагы абалы аныкына окшоп “жыргал” эмес болсо өзүн жемелөө – психиканы өлтүрө турган сапат болуп саналат. Демек, тигилердин жашоосу “бейиш”, сиздики “тозок” болуп жатса эмне кылуу керек?

• Стоп! Сынчыл ой жүгүртүү керек.  Сиздин да өзүңүзгө жараша ийгилигиңиз бар. Балким, сиз алардан терең ой жүгүртөсүз. Ким билет, мүмкүн, сиздин аялыңыз тиги Инстаграм чүрөгүнө караганда тамакты жүз эсе мыкты жасайт. Балким, сиздин күйөөңүз интернеттеги популярдуу мырзадан миң эсе берешендир. Балдарыңыз жүз эсе акылдуу же адептүүдүр. Кыскасы, андай “мен эле байкушмун” деген ойлорду мээден өчүрүш керек.

2. Жагдай тескерисинче болушу да мүмкүн. Сиз соцжелеге сүрөт жүктөп, жакшы бир пост жаздыңыз дейли. Анан ага басылган “лайктарды” санайсыз. Бара-бара ушул “жакты” белгиси сиздин жашооңуздун негизги стимулуна айланып калышы мүмкүн. “Жакты” белгилерин карап, сиздин постту канча адам окуду, канчасы бөлүштү деп отуруп адамдын акылы тумандашы мүмкүн деген сөз. Бул абдан коркунучтуу, өзүн тааный элек, көз карашы калыптанбаган, жашоосу башкалардын пикиринен көз каранды адамдын аң сезимине чоң доо кетет. Окумуштуулардын айтымында, учурда ошол “лайктарга” көз карандылык алкоголь же чылым чегүүдөгү көз карандылыктан да ашып бара жатат. Абалдан кантип чыгуу керек? 

• Өзүңүзгө берген баа элдин баасынан дайыма жогору болушу керек! Социалдык желе кайсы бир күнү жок болуп кетиши мүмкүн, бирок адамдын өзүнө карата ишеними, баасы түбөлүккө калат. Соцжелелер, мисалы, жөн гана хобби, товар сатууда же бренд түптөөдө колдоно турган аянтча. Бүттү! Аны жашоонун эң маанилүү бөлүгү кылып алуунун кереги жок. Андан көрө жан дүйнөнү байытыңыз, жан дүйнө байлыгы түбөлүккө сиз менен калат.

3. Бир пост жаздыңыз, астындагы комментарийлерде сизди сөгүп-сагып кетишти. Азыр калктын агрессивдүү катмары жука эмес. Текстте үтүрдү туура эмес жерге коюп алсаңыз деле “жиндей” бергендер бар. Сиздин пикириңиз жакпай калса, кебетеңизге асылып тепкилеп кетчүлөр да кокодон. Хейтерлердин сөздөрү айрымдарга абдан оор тийиши мүмкүн.  Ушундай негатив комментарийлер деле адамды депрессияга түшүрүшү мүмкүн. Эмне кылыш керек мындайда? 

• Ыплас комментарий жазган адамдын өзүнүн жашоосу жыргатарлык эмес, негатив көп деп түшүнүңүз. Агрессиясын ооздуктай албай, сиздин “талуу” жериңизди издеп жатат. Ага моюн бербеңиз. Эсиңизде болсун, ал бактысыз бир шордуу болгону үчүн айланасына негатив чачып жатат. Көңүлгө албай жылмайып гана коюңуз. Сизди сизден башка эч ким билбейт. Албетте, бул айтылган сындардын баарын кулак сыртынан кетириш керек дегендик эмес. Медалдын экинчи тарабы да бар, айтылган сындарды жүрөккө жакын кабыл албай, башка бирөөнүн кемчилигин сырттан карагандай абалда карап көрүңүз. Жөндүү сындан туура жыйынтык чыгарып, бир катаны экинчи кайталабаган жакшы.

4. Бардык нерсенин эрежеси жана адеби бар. Социалдык желенин адебин жана эрежесин убактысы менен колдонууну билип алганыбыз абзел. Сиз, мисалы, реалдуу жашооңузда бирөөнү түртүп кетпейсиз, маданияттуу сүйлөйсүз, себепсиз сөгүнбөйсүз. Социалдык желеде да ошондой эреже иштеши керек. Кантип иштейт?  

• Сылык болуңуз. Сизге бирөөнүн кийими же пикири жакпай жатса, аны жети атасына чейин сөгүштүн кереги жок.

Жакпаса “достугунан” чыгып кетсеңиз  жетиштүү. Талкуу болуп жаткан жерде  жекеликке өтпөй, керексиз кеңешти бербей, жөн гана өз оюңузду айтуу менен чектелиңиз. Катасыз жазганга аракет кылыңыз, бул дагы башкаларды сыйлоонун бир формасы. Кимдир-бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишпейбиз, адамдын келбетин, жүзүндөгү кемчиликтерин сындабайбыз. Президентпи, аксакалбы, аял кишиби же сизден кичүү бирөөбү “сен” деп кайрылбайбыз. Бирөөнүн сүрөтүн уруксаты жок баракчаңызга  жүктөгөнүңүз да туура эмес. Бир адамдын посту жагып калган учурда анын уруксатын сурап туруп гана өзүбүздүн баракчабызга жайгаштырсак болот.

Эң маанилүүсү – социалдык желеде отуруунун убактысын белгилеп алыңыз.  Ишиңиз ага байланыштуу болсо айла жок, бирок максатсыз ар кайсы нерсени чукулап, телефондун экранын ары-бери сыйпалап отура бермей адатыңызды жок кылыңыз. Бул абдан чоң депрессияга алып барат. 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан