Медер & Нуриза: “Ал окуя бизди сындырып койду, көтөрө албадык”

Белгилүү блогер, вайнер түйгөйлөр Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурова бул аптанын каармандары. Жаш үй-бүлөнүн жашоосу, келиндик, күйөө балалык статус жана башкалар тууралуу сүйлөштүк.

– Салам, Медер, Нуриза! Байкашыбызча, акыркы убакта вайндарды көп тартпай калдыңыздар? 

Нуриза: – Медер жалкоолонуп жатат. Мен контент тартып эле жатам.

Медер: – Ооба, мен бир аз жалкоолонуп жатам. Экинчиден, башка жумуштарым көп болуп жетишүү кыйын болууда. Дагы бир себеби бизге хейт көп болуп кетти, көтөрө албай калдык.

– Акча тапканды үйрөтөбүз деп бир оюнду жарнамаладыңыздар эле. Ошондон улам силерге “алдамчылар” деп жазгандар көбөйдү окшойт...

М.: – Бизге август айында ошол оюнду жарнамалоо сунушу түшкөн. Бир ай жарнамаладык. Андан кийин аны жарнамалаганга болбой турганын түшүндүк да, токтоттук. Ал оюн болчу, айрымдар утат, айрымдары утулат деп айтылган. Токтоткондон кийин деле биздин видеолорду көчүрүп алып таратып жатышты, өчүртө албай калдык. Алар “акча салсаң утуп беребиз” дешет экен. Анан акчасын салып, бирок утпай калгандардын бизге жини келип жатышат. Өзүбүздүн баракчалар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылдык. Бирок анда дагы “акчаны жеп алгандан кийин ушинтип кутуласыңар да” деп кайрадан хейт башталды. “Медер менен Нуриза алардан түшкөн акчадан үлүш алышат” деп да чыгышты. Андай болгон жок, эч кандай үлүш алган жокпуз. Болгону жарнама үчүн өз акыбызды алганбыз. Ушул окуя бизди сындырып койду, депрессияга салды. Буга чейин мынчалык деңгээлде хейт болгон эмес. Бул биздин жашообуздагы эң чоң катабыз болду.

Н.: – Ушунчалык жаман сөздөр жазылды. Экөөбүзгө тең аябай катуу тийди.

М.: – Мен хейтке көңүл бурчу эмесмин. Анткени мурда болгонун болгондой эле жазышчу. “Нуризадан жаш көрүнөт экенсиң, инисиндей болуп калат экенсиң” деп жазышчу. Аны көңүлгө алчу эмесмин. Чындыгында ушундай көрүнүп жаткан чыгар деп койчумун. Ал эми бул жерде биз кылбаган нерсени айтып, жаманатты кылып жатышат. Чын эле адамдардын акчасын жеп алып, ошол акчага жыргап жашап жаткан болсок, анда бир жөн эле. Андай болгон жок да.

– Дагы бир ушул сыяктуу окуя. Нуриза пластикалык операция жасатканын айтып пост жазган, кийин “бул жарнама болчу” деди. Чындыгы кайсы?

Н.: – Ал жарнама болчу. Клиникага ошондой деңгээлдеги жарнама керек эле.

– Негизи пластикалык операцияга көз карашыңыздар кандай?

Н.: – Ар кимдин өзүнүн тандоосу. Түз эле көз караштамын. Балким, ал адам үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн жасатышы керек болуп жаткандыр. Айтор, ар кандай себеби болушу мүмкүн.

М.: – Мен каршымын. Кудай ушундай сулуулук берип жаратса, Кудай жараткандан дагы жакшысын жасатам деген ой туура эмес. Эгер турмуштук ар кандай кырдаалдан улам муктаждык болсо, анда бир жөн.

– Тасмаларга тартылууга сунуштар түшүп жатабы?

Н.: – Тасмаларга эмес, клиптерге сунуштар түштү. Бирок тартылгым келген жок.

- Сунуш түшкөндө эмнесине карап макул же каршы болосуздар?

М.: – Мазмунуна карайбыз. Сценарийи жакпай калса баш тартууга туура келет.

– Баш тарткан учурлар болду беле?

Н.: – Медер экөөбүз сүйлөшүп жүргөн убакта көп болгон. Мисалы, мага Москвада тартыла турган бир тасмага сунуш түшкөн. Кино түрмөнүн ичинде тартылмак, мен психикалык жактан оорукчан кыздын ролун ойношум керек эле. Анан да ачык сценалары бар болчу, бирок ал жерин дублёр ойномок. Ошол тасма үчүн бир миллион рубль гонорар сунушташкан.

М.: – Нуриза барам деп чыккан. “Кызыксың го, уят сценалар болуп жатса, кантип тартыласың?” десем, “ал жерин мен эмес, дублёр ойнойт экен” дейт. “Ошону кийин балдарыбызга кантип түшүндүрөбүз? Эл-журттун ар бирине бирден айтып чыгабызбы?” десем унчукпай калган.

Н.: – Сенин реакцияңды көрөйүн деп калп эле “барам” деп койгом. Дагы бир сунуш түшкөн, клиптерге ат минип тартылганымды көрүшүп, башка өлкөгө циркке чакыршкан. Анда да чоң суммада гонорар сунушташты. Медер үчүн баш тарткам. Кандай сунуш түшпөсүн биринчи Медерге айтам, бул кандай деп чечсе, ошондой болот.

– Буга чейин канча киного тартылдыңыздар?

М.: – Мен көбүнчө эпизоддук ролдорго тартылдым. “Супер малина” деген тасмада гана башкы ролдо ойнодум. Нуриза “Бажарикинин” башынан аягына чейин, “Супер малина”, “Мафия”, “Кайнене” жана башка кинолорго тартылды.

– Баш кошконуңуздарга 1 жыл болуптур. Силердин жашоодо эмнелер өзгөрдү?

Н.: – Бир жыл ичинде чоңойдум, көп нерсе үйрөндүм. Мурда эч нерсени ойлонбой жүрө берчү экенмин.

М.: – Үйлөнгөндөн кийин моюнга жоопкерчилик илингенин сезет экенсиң. Изденип, иштеш керек деп калдым. Мурда мен деле ойлонбой жүрө берчү экенмин. 

– Нуриза, Медер кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатат?

Н.: – Жакшы, ата-энем Медерди өз баласындай жакшы көрөт. Күйөө бала эмес, балабыз деп аяп турушат. Медер да үйгө баратканда өзүнө албаганды алып таң калтырат. Мага алып бербеген нерселерди сиңдилериме алып берет.

М.: – Башында достордун арасында бир уят болдум. Шоколаддарды алып баратсам, достор “кимге?” деп калышты. “кайын сиңдиме ала барайын” десем, катырып жатышпайбы. Балдыз деген сөздү мурда уксам деле маани берчү эмес экенмин. Дагы бир окуяны айтып берейин, ушул “кандай күйөө баласың?” дегенге жооп болот болуш керек. Бир жолу кой союш керек болуп, “жардам берип койгула” деп чакырышты. Жумуштан бошой албай кеч бардык. Барсак, кой союлмак тургай, бышып, тамактардын баары даяр болуп калыптыр. Акырын кайнатамдын жанына барып, “ата, эмне кылыша калайын?” дейм го сыр бербей (күлүп).

– Нуриза, билишибизче, кайната-кайнене менен чогуу турасыз...

Н.: – Ооба. Кайната-кайнене менен чогуу жашагандан коркуп турмушка чыкпай жүргөндөр көп. Бул нерсе кайнене-кайнатадан дагы, келинден дагы көз каранды. Эки тарап тең бири-биринин тилин табууга аракет кылышы керек. Менин кайнатам менен кайненем абдан түшүнүктүү адамдар. Кайненем шайыр, экөөбүз тамашалашып сүйлөшөбүз. Ал мени дайыма колдоп турат. Тартуу иштерине кетсем түшүнүп, тамагын жасап күтүп алат. Келиндерге меникиндей эле кайнене туш келсин деп тилейт элем.

– 2024-жылга кандай максаттарды койдуңуздар?

М.: – Нуриза “каалоолор картасы” дегенди алып келиптир. Сүрөттөрдү коюп максаттарыңды пландайт экенсиң. Анын баарын бир жылда жасаш керектигин билген эмесмин. 7-8 сүрөттү билбей эле чаптап алыптырмын. Эми аткарыш керек турбайбы аны. Колтойгон үйдүн сүрөтүн чаптагам. Бир жылда ал үйдү кантип курам? Балким, куруп салам, ээ? Анан Мальдив аралдарына барып эс алабыз дегем. Барыш керек эми.

Перизат Музуратбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан