ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Шоола ошол боюнча эле тынчып калган жок. Бардык жерден Канат менен кезиге турган жолдорду издей берди. Ушинтип эле жат болуп кетишине такыр макул боло албады. Канат мамлекеттик экзаменге араң барды. Деги эле мектепке келейин деген ою жок эле, апасы суранганынан улам барды. Шоола анын көргөндө адатынча алдынан чыга турган болду эле, классташ кызы Бегимай аны жөөлөп, алдынан өтүп кетти да Канатка озуна берди.

– Канат, салам! Сен сураган конспект мына. Жүрү, бул класска кирип даярданалы.

Канат Шооланын жүзүнө бир ирмем дагы көз токтоткон жок. Көрмөксөн боло жанынан өтүп, Бегимайдын жетегинде кетти. Бегимай класста жакшы окуган, тың кыздардын бири эле. Анын көптөн бери Канатка ашык болуп жүргөнүн баары билишчү. Шоолага да бул нерсе жаңылык эмес болчу. Ошентсе да көз алдында минтип Канат башка бирөө менен жетелешип басып кетет деп ойлогон эмес. Экзамен бүткөндөн кийин Шоола класста жалгыз калды. Эмнегедир баары чыгып кетишкен экен. Канат да класска баш багып алып, кайра чыгып кете албай буйдала түштү.

– Салам,- деди аргасыз.

– Салам.

Папкасын алып чыгып кете турган болгондо Шоола алдын тосту.

– Эмне болду?- деди Канат көзүн ала кача. Бул сулуу көздөрдү караса эле анын туткунунан чыга алчудай эмес. Ошол үчүн карабашы керек!

– А сага эмне болду?

– Эч нерсе.

– Башканы сүйүп калдым деген жомогуңа мен ишенбейм. Бүгүнкү Бегимай экөөң койгон спектаклге да ишенбейм. Сен менден башка нерсени жашырып жатасың. 

– Шоола, мени кечирип кой. Ишенип кой, мен сага татыксыз эле жигитмин. Мен чындап башка бир кызды сүйүп калдым.

– Бегимайдыбы?

– Ооба, Бегимайды.

Шоола каткырып жиберди.

– Мен экөөңдү карап турдум. Конспектисин алгандан кийин сен бечара кызды бир дагы карап койгон жоксуң. Мени карайт бекен деп күттү. Бирок сен ага бир кайрылып тиктеп койгон жоксуң! Ал эми менден сен көзүңдү албай тиктеп отура берчү элең, эсиңдеби?

– Мен кеттим.

– Коштошуу кечесине келесиңби?

– Жок.

– Демек, сүйгөнүңдү жалгыз калтырат экенсиң да.

– Бегимай экөөбүз башка жактан майрамдайбыз. 

– Канат?

– Ии.

– Мени тиктегенден эмне мынча качып жатасың?

 Суроо жоопсуз калды, Канат чыгып кетти.
 

ххх

Мектепте бүтүрүү кечеси болуп жаткан. Чакан кафеде майрамдап жатышты. Шоола  терезени тиктеп турган эле. Сырттан Канат менен жетелешип кирип келген Бегимайды көрдү. Экөө башка жактан келгендей, кыздын көздөрү бактылуу балбылдайт. Шооланын жүрөгү тыз эте түштү. Бул жерден чыгып кеткиси келди, бирок намысы жол бербеди. Канат менен Бегимай ортодо бийге түшүп, жетелеше шаңдуу жүрүштү. Шооланын жанына кимдир-бирөө келгенин байкады. Бурулса Жанат экен.

– Шоола, эмне көңүлсүзсүң?

– ...

– Канат үчүнбү?

– Жок, башым ооруп турат. Мындай ызы-чууну табиятым сүйбөйт.

– Мен да ызы-чууну жактыра бербейм.

Жанат дагы бир нерселерди айтып жатты, Шоола аны уккусу келбеди. Бир караса бийлеп жаткан аянтта Канат менен Бегимай кучакташып, өбүшүп жатыптыр. Кафенин шыбы түшүп, дубалдары жылып кеткендей болду кызга. Шоола эле эмес, муну бардык классташтары көрдү.

Калтырап кеткен денесин башкара албай калды. Кулап кетчүдөй болгондо Жанат кармай калды.

– Тийбе мага!- деп бакырып жиберди кыз.

– Жыгылып кетесиң деп ойлодум.

– Жыгылбайм. Эч нерсе болбойм. Сен кет, жанымдан.

Жанат эмне кыларын билбей кетенчиктей берди. Шоола эптеп сырткы эшикке жетсем, андан ары жыгылып калбай таксиге отурсам деп ойлоп жатты. Бирок буттарынан кубат кетип калган экен. Ары бурулуп бара жаткан Жанатты кайра чыканактан алды.

– Мени таксиге чейин жеткирип кой!

Шоола сумкасын алып чыгып бара жатканын Канат көрүп калды. Атайы жасалган шоу аяктады. Коркуп кетти. Кучагындагы кызды таштап аркасынан чуркамакчы болду. Эмне кылып жатканын билбеди. Ал таксиге түшкөнүн көрүп, аркасынан таксиге түштү. Бирок жолдун ортосунан эсине келди, өзүн токтотту. Кыздын аркасынан бара жаткан маршрутун өзгөрттү да Залкарга келди. Карс-карс урулду дарбаза. Залкар көзүн ачып, саатты карады. Түнкү саат 3 экен. Атасы уулунун досуна эшикти ачып, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Канат босогодо туруп калды.

– Ии, эмне болуп кетти?

– Бүттү баары...

Канат болгон окуяны айтып берди. Залкар үн катпай отуруп укту.

– Эми Шоола мындан кийин мени эч качан издебейт.

– Жакшы болуптур да, өзүң ушуну каалабадың беле?

– Эх, сен эмнени түшүнөсүң. Бекер эле келипмин сага.

– Канат, сен эмне каалап жатасың? Шоола сенден алыс болушун, туурабы? Эми алыстатыпсың. Болду! Эми жыргап жашай бер.

Канат башын чайкай берди. Бегимай менен спектакль коюп койсом Шоола менден алыстайт деген. Бирок чындыгында аны Шоола эмес, өзү коё бере албай жатканын байкады, ага даяр эмес экенин билди.

– Сен күчтүүсүң, досум, демек ушундай болушу керек болчу. Болду!

Залкар ушул сыяктуу бир нерселерди айтып жаткандай болду. Анын сөздөрү Канаттын башына деле кирген жок. Жүрөгү бир гана нерсени айтып жатты. Сыздап жатты. “Мындан ары Шоола жок! Шоола сенин жашооңдон биротоло кетти! Сен андан чындап айрылдың!”

ххх

Шоола Америкага кетмей болду. Апасы тынчсызданып жатты.

– Сен жалгыз кантесиң? Ооруп калсаң эмне болот? Бул жакта эле окусаң сонун болмок. Атаң дагы тынчсызданып жатат.

– Апа, баары жакшы болот. Сен капа болбо. Мен чоңойдум, мындан ары өзүм үчүн өзүм жооп беришим керек. Ансыз да сенин жашооңду оор кылдым. Билесиң, бул окууга мен эки жылдан бери даярданып жургөм. А сен мага барып турасың.

Кызы эки күн аралыгында чоңоюп кеткендей сезилди. Сүйлөгөнү токтоо, чечимдери бекем. Ыйлап бөлмөсүндө жаткан кызы келечек тууралуу сүйлөп жатканына сүйүнөрүн же өкүнөрүн билбей жатты.

– Баары жакшы болот, апа! Мен айыгам. Атам экөөң мага тынчсызданбагыла. Дагы бир нерсе айтсам болобу, апа?

– Болот, кызым.

– Менимче, сен турмушка чыксаң жакшы болот. Жашооң мени менен, менин оорум менен өтүп кетти. А сен аябай сулуу аялсың! Мындан ары өзүң үчүн жашашыңды каалайм, апа! Мен сени бактылуу көргүм келет.

Апасы көзүнүн жашын сүртүп, кызын кучактады.

 

ххх

Ал эми Канаттын үй-бүлөсү да Жанатты узатып жатты. Аэропортко апасы, атасы, Канат үчөө тең барган эле. Жанат көз айнегин оңдой берип уялыңкы күлүп коёт. Канат аны кучактап алды.

– Сен тез-тез кабарлаш, макулбу? Өзүңдү жакшы кара. Бир нерсе болсо дароо чал мага.

– Жүз жолу айттың, Канат,- деп күлүп алды Жанат. Атасы менен кучакташпады, апасын өөп коштошту. Колун булгалай берди. Аны узатып чыгып бара жатканда Канат капыстан Шооланын апасын көрүп калды. “Эмне болуп аэропортто жүрөт?” деп ойлонгуча Шооланы да көрдү. Колунда билети бар! Жүрөгү окторула түштү. Далдырап эле туруп калды. Апасына жылмайып бир нерсе деп жаткан Шоола башын көтөрүп, Канат аны тиктеп турганын көрдү. Бир гана көз ирмем каректери чагылыша түштү. Эки жүрөк  тең үн алыша сыздады. Алар ушинтип коштошушкан эле...

 

(Уландысы кийинки санда)      

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан