ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ыя, Шамэл, мен баягы окуяңды улантууга кызыктар болуп жүрөм. Суусатып сен да айтпас болдуң го. Андан ары эмне болду? Абакта кандай күндү көрдүң? Камерада бийлик жүргүзгөндөр чындап бар бекен?- деп Алтынбек кызыга сурады.

– Анын эмнесине кызыктыңыз, ага?

– Эми кулак укса, курсак кайнайт болуп андан ары жагында эмне болгону кызык болуп жатпайбы. Мени билесиң да, илгертен ар кимдин окуясын укканды жакшы көрөт эмесминби,- деп күлдү Алтынбек.

– Андай болсо биз кайсы жерден токтодук эле? Менин эсимде деле калган жок ар нерсени ойлоп жатып,- деп ойлонуп калды Шамэл.

– Прокурор сага “ачыгын айт” деп кеткен жерден токтогонсуң,- деп укканга ыктап отуруп калды.

– Мен суракта эч бир көрсөтмөмдү өзгөрткөн жокмун. Аягына чейин окшош көрсөтмө бердим. Менин ишим эч создуккан жок. Прокурордун кызын өлтүргөн кишинин соту создукчу беле? Прокурор мага ошол бойдон келген жок. Акыркы ирет тергөөчү киргенде мен көрсөтмөм башка өзгөрбөй турганын айттым:

– Болгону ушул, башка эч нерсе айта албайм.

– Хм, өзүңдөн көр, сага мүмкүнчүлүк бергенде чындыгыңды айтып жазаңды жеңилдетип алсаң болмок,- деди тиги.

– Эч кандай айта турган сөзүм жок. Чындык ушул,- деп туруп бердим.

– Дагы бир жолу айтам, өзүңдөн көр, кийин бармагыңды тиштеп калба. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегенди билчү белең? Эгер сенин болгон чындыгың ушул болсо, биз сени мындан артык кармап эмне кылабыз?- деп кагаздарын жыйыштырып чыгып кетти.

Ушундан көп өтпөй эле сот болду, өкүм 15 жылга деп чыкты. Камерага киргенде башында үстөмдүк кылышты. Ал жакка батып кетмейинче керек болсо керебетке жаткырышпайт экен. Биринчи күнү эле менден акча сурашты. Менде акча кайдан болсун. “Ата-энеңе, туугандарыңа чалып сура” деп телефон сунушту. Кимге чалат элем, алган жокмун. “Сен бизди тоготпой жатасың” деп алмак-салмак эрмектеп ургулашты. Акыры “менден ата-энем, туугандарым баш тарткан, акча сурай турган адамым жок” дедим. Бүркүт "биз жөнүндө эч кимге айтпа" деп менин мээме куюп коюптур да. Ал жөнүндө аларга деле ооз ачкан жокмун. Ал күнү менден эч нерсе өнбөгөн соң мени бөлүп полго жаткырышты. Мен жалгыз, алар болсо көп да. Баары бирөөнүн тилинен чыкпайт экен. Аларга каршылык дагы кыла албайт экенсиң. Мен үн-сөз дебей бир бурчка жаттым. Эртеси деле кечке эрмектешти мени. Ал жакта кыларга иш жок бири-бирин кашымай менен убакыт өткөрүшөт көбү. Түн кирип көз байланып калган маалда биз менен чогуу жүргөн бир жигит келди. Бүркүттүн жибергенин айтып, бизге бир топ тамак-аш, азык-түлүк, тамеки, айтор, керек жарактын баарын алып келип берип кетти. Камерадагылар Бүркүттү жакшы таанышат экен. Баары “ой, кечээ эле айтпайт белең Бүркүттүн кишисимин деп, биздин катабызды кечир эми” деп кечирим сурап, жылмаңдап калышты. Бүркүттүн кишиси экенимди билгенден кийин баары жеңил боло түштү. Канча ирет телефон сураттым, бирок Бүркүт алып берген жок. Азыр ойлосом, качан чыгарасыңар деп талап кылат деп эле мага байланышууга мүмкүнчүлүк бербейин дептир да. Мен деле жаштык кылыптырмын. Прокурордун кызын өлтүрүп жатсам, мени өзү көзөмөлдөп турса кантип бошотот деп деле ойлонсом болмок да. Алардын бал тилине алдандым. “Сени сууруп чыгабыз, эч сарсанаа болбо. Соттолгондун эртеси аракет кылабыз. Азыр акча менен баарын сатып алса болот” дешсе, мен алардын сөзүнө бөркүмдөй ишениптирмин да. Ошону менен алардан дайын болгон жок. Чыгуудан үмүтүмдү үзүп эле күн санап, ай санап, жыл санап отуруп бердим,- Шамэлди жүзү өзгөрүп кетти.

– Жүрү тышка чыгып келели,- деди анын маанайы түшкөнүн байкаган Алтынбек. Экөө ээрчише басып сыртка чыгып кетти.

xxx

Аланды баары эркелетип болгон соң Алтынайдын ата-энеси кетүүгө камынып калды.

– Куттуу үйдөн куру чыкчу беле? Көптөн бери бир дасторкондо чай иче элек экенбиз. Аланыбыздын аман-эсен колубузга келгени үчүн бир дасторкондо отурсак жакшы эмеспи,- деп Асан кудаларын үйүндө алып калды. Баары конок бөлмөдө сыналгыны карап отуруп калышты. Дайырдын апасы Гүлназ шайдоот кыймылдап дасторконун даярдап баштады. Көптөн бери үйдүн ашканасына аралашпаган Алтынай отуруп алгандан ыңгайсызданып Гүлназдын аркасынан жөнөдү.

– Ой, Алтын, мен өзүм эле...

– Жок, апа, жардам берейин, кантип отуруп алам.

– Аландын жанында боло турбайт белең бүгүн кечке сен дагы оңой күндү жашаган жоксуң, алтыным десе.

– Ал атасы менен ойноп жатат. Алтынайга кайненесинин жалынып, эркелетип турганы жакчу. Бир түндүк алдында жашап экөөнүн ортосунда бир дагы жолу кайым айтышуу болгон эмес.

Экөөлөп арыдан-бери дасторконду даярдап, баары столду тегеректей отуруп калышты. Аңгыча буюртма кылган палоосу да жетип келди. Алан бат эле тамагын жеп алып үстүнкү кабатты көздөй чуркады. Бир аздан кийин келип атасын чогуу ойноого чакырды. Дайыр анын сөзүн эки кылбай аркасынан жөнөдү. Көзүнө көрүнгөндү сурап, бою жетпегенин алып бер деп атасына эркелеп жатты. Экөө оюндун кызыгына киргенде тамак ичилип бүтүп, астында отургандар кетүүгө камынып калышты. Алтынай Аланды кийинтейин деп үстүнкү кабатка чыкты эле, атасы менен берилип ойноп жатканын көрүп токтоп калды. Бирок үйдө калуудан да ыңгайсызданып жатты. Ата-энесин күттүрүп жок болуп кеткен Алтынайдын артынан Гүлназ чыкты. Ал көрүп эле түшүндү да, астына түшүп куда-кудагыйларынан өтүндү.

– Алан ойнойм деп болбой жаткан экен, Алтынай менен Алан мында калсын. Бул учурда Алтынай үстүнкү кабаттан ата-энеси кандай жооп айтар экен деп карап турган. Апасы Алтынайдын да кетүүгө кыйылып турганын бир караштан байкады.

– Мейли, өзүңөрдүн балаңар, өзүңөрдүн келиниңер. Алып кетебиз деп эле тырыша берсек болчу беле. Үйүн сагынган чыгар алар да,- деп жооп берди.

Дайыр менен Алтынай ээрчише чыгып аларды узатышты. Алтынай дасторконду жыйнап, идиштерди жуушту. Анан колу бошой отуруп калды. Үйгө бөтөн боло түшүптүр. Өзүн мурдагыдай эркин сезе албай жатты.

– Алтынай, өзүңөрдүн бөлмө таптаза бойдон турат. Дайыр “тебелебейин” деп ал бөлмөгө жатпайт. Чаңын аарчытып эле тазалатып койбосо ашыкча эч кимди киргизбейт. Баарыбыз көнүп бүткөнбүз. Кирип эс ала бер, чарчадың,- деди кайненеси.

– Макул, жакшы эс алыңыз,- деп үстүнкү кабатка чыгып кетти. Өздөрү жаткан бөлмөгө баш бакты. Чын эле таптаза, баары орду-орду менен жыйнактуу. Өзүнүн айрым буюмдары да өз ордунда жыйналуу бойдон турат. Кайненесинин сый-урматына дагы да ыраазы болуп кетти. Ичинен “башка киши болсо эчак эле ыргытып жибермек, апам мынча жакшы адам” деп ойлонуп, бир эсе суктанып да койду. Алтынайды макул болуп таштап кетишкенине, бүгүн бул үйдө түнөп жатканына Дайыр дагы кудуңдап кубанып жатты. Аландын ою менен болуп ойноп жүрдү. Мурун кеч киргенде бир шылтоону айтып көчөнү көздөй жөнөгөн Дайырдын бүгүн жакшы атанын образында болуп үйдө уулун ойнотуп жатканы апасына, атасына, Алтынайга дагы жагып жатты. Эне үчүн баласынын бактылуу жүзүн көрүү чоң кубаныч эмеспи. “Ушул бойдон тескери жолдон кайтар. Ичкен-чеккенин токтотуп, үй-бүлөгө күйүмдүү жакшы адам кыл, бак бер” деп Кудайдан суранып жатты...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан