ВИРУСТАР АДАМДЫ ТУКУМ УЛОО ҮЧҮН КОЛДОНУШАТ  

Медицинанын канчалык өнүккөнүнө карабай жер шарындагы ооруган ар бир 3-адам вирус жараткан оорудан көз жумат. Адамдар гана эмес, вирустардан жандуулардын баары зыян тартат. Бул жолу вирустардын жашоосу, көбөйүшү, аларга байланышкан кызыктуу фактыларды айтып берели. 

Адамдар көбөйсө, вирустар да көбөйөт

“Вирус” латын тилинен которгондо “оору жаратуучу уу” дегенди билдирет.

Вирустар – микробдорон да кичинекей заттар. Микробдорду кадимки микроскоптон көрүүгө мүмкүн болсо, вирустар атайын микроскоптордун жардамы менен гана көрүнөт.

Вирустар адамдарга, кургактыктагы жана суудагы жаныбарларга, козу карын, микроб, өсүмдүктөргө, ал тургай башка вирус түрүнө мителик кыла алышат. Алардын миллиондогон түрлөрү бар. Медицинанын өнүгүп жатканына карабай, азырынча алардын 5000ден ашык түрү гана изилденип, аныкталган. Биздин планетада кайсы бир тирүү организмдин түрү, мисалы жаныбар, адамдар, өсүмдүктөр (биология боюнча тирүү зат), курт-кумурскалар көбөйгөн сайын, аларды вирустар ошончолук көп байырлай баштайт. Анткени алардын тукум калтыруусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жер жүзүндө калктын саны көбөйгөн сайын вирустардын да түрлөрү көбөйүп баратканы ушундан улам. Эскерте кетчү нерсе, көптөгөн вирустар тирүү организмдердин айрым түрүнө гана митечилик кылышат. Мисалы чочко, мышык, канаттуулардын сасык тумоосу. Жаныбар, канаттуулардын сасык тумоосу адамдарга да жугуп, эпидемия, пандемияга айланып кеткен учурлар бар. Мисалы чочко тумоосу, куш тумоосу жана башка. Вирустардын көп түрүнүн сырткы кабыгы – капсиди бар, кээ бир түрлөрүнүн кабыктары 2 кат (суперкапсид). Айрымдарында болсо андай кабыгы болбой турганы маалым.  

Вирустар тирүү да, өлүк да эмес   

Вирустар тирүү да, өлүк да эмес зат. Бирок мителерге кирет. Алар тирүү организмдерге  генди алып жүрүү жана табигый тандоо аркылуу өнүгүп келе жаткандыгы, өзүнүн көчүрмөсүндөй вирустарды жарата алары менен окшош. Бирок алардын, мисалы адам, жаныбарлар сыяктуу клеткалары, зат алмашуу жүрө турган органдары жок. Андыктан алар азык-заттарга муктаж эмес. Бул жагынан тирүү эмес заттарга окшош. Болгону тирүү организмдердин клеткасы (адам, жаныбар жана башка) аларга “балдарын” чыгартып алыш үчүн гана керек. Ушул үчүн мителик кылышат.   

Тактап айтканда, вирустар тирүү организмдердин клеткасын өзү жашаш, тамактаныш үчүн эмес, тукумун улантуу үчүн “завод” катары гана колдонушат. Вирустар өздөрү мителик кылып жаткан кожоюнунун өлүмүн каалашпайт. Бирок өтө көбөйүп кетишсе кожоюну менен кошо өздөрү да өлүп калышы мүмкүн экендигин билишпейт. Ушуга гана баштары жетпейт. 

Клеткаларды вирусту көбөйтүүгө мажбурлайт

Вирустар организмге аба, ооруган адамдын колдонгон буюму, теринин тытылган-чийилген жерлери, шприц, кан аркылуу жана башка жолдор менен кирерин билесиз. Алар организмге кирген соң ылайыктуу клеткаларды издешет. Тапкан соң чабуулга өтүшөт. Клеткага жабышып алып, анын ичине геномун (ген) киргизет. Ал геному клетканы жаңы вирустарды заводдон чыгаргандай чыгара баштоого аргасыз кылат. Жаралган жаңы вирустар клетканы жарып чыгып, башка клеткаларга чабуулга өтүшөт. Вирустар көбөйө баштаган учурда адамда түрдүү белгилерди пайда кылат. Мисалы, сасык тумоонуку мурун бүтүү, дене таптын көтөрүлүшү, чүчкүрүү, жөтөл, тамактын оорушу менен коштолот. 

Бир эле вирус 20 миңге чейин тукум калтыра алат. Вирустардын ар бир жаңы мууну мутацияга кабыла тургандыктан жаңылары баштапкы вирустарга окшошпойт. Ушул себептүү вирустуу кайсы бир ооруда мурун ичкенде таасир этчү дары кийин таасир этпей баштайт. Вирус жараткан айрым жеңил оорулар дары ичпесе деле өтүп кетет. Бирок алар көп кирип, көбөйүп кеткенде иммунитеттин алы жетпей калат да, оору жаралат. 

Вирустар түрлөрүнө жараша ар түрдүү түзүлүштө болушат. Мисалы, шар, спираль, сүйрү же жипче сымал жана башка. Алардын ичинен бактериофагдар өзгөчө кызыгууну жаратат. Анын башы, моюну, денеси, жөргөмүштүкү сымал буттары бар.

Вакцина: вирустуу ооруларга каршы күрөш 

Жугуштуу оорулардан 80 пайызын вирустар жаратат. Бул - адамзат бактериялык жугуштуу оорулардын үстүнөн жеңишке жетти дегенди билдирет. Бирок алардын ордун вирустар ээлеп алганы факт.

Вирустар жаратуучу дарттардын ичинде сасык тумоо, чечек, гепатит, учук, суу чечек, кызылча, кызамык, тепме, балдардын шал оорусу, адамдын иммундук тартыштык вирусу (ВИЧ,СПИД), пневмония жана башкалар бар.  Адамзаттын тарыхында миллиондогон адамдардын өмүрүн алган испан сасык тумоосу, кызамык, коронавирус, чечек, гонконг сасык тумоосу сыяктуулар жолугат. Вирустук ооруларга каршы вакциналар ойлонуп табыла баштагандан бери ооругандардын саны азайып барат. Бирок ВИЧ,СПИД, гепатит ооруларын жеңүүчү ишенимдүү дары-дармектерди ойлоп табуу түйшүктөрү али да алдыда.

Адамдын организминде болжол менен 380 триллиондой вирус бар. Алардын көбү уйку абалында болот, айрымдары зыянсыз. Бирок айрым учурда, көбүнчө иммунитет төмөндөгөндө ойгонуп “мен бармын” деп чыга келишет. Мисалы, учуктун вирусу адам үшүгөндө, муздак же кир сууда кирингенде жарк этип ооз тегеректе пайда боло калары белгилүү. Вирустар ооз, тери, дем алуу жолдорунда, канда, боордо көбүрөөк  учурайт.   

Кызыктуу фактылар

 Ракты жаратышы мүмкүн. Вирустар клетканы көбөйүү үчүн пайдаланганда ал клетка өлөт. Кээ бири өлбөй, зыяндуу клеткага айланып улам көбөйүп, акырында ракты жаратышы мүмкүн дешет окумуштуулар.

 Ракты айыктыруучу түрү да бар. АКШнын Пенсильвания университетинин изилдөөчүлөрү AAV2 вирусун изилдешип, булар рак клеткаларынын ар кандай түрлөрүн өлтүрө тургандыктарын аныкташкан. AAV2 вирусу адамдардын баарында кезигет жана зыянсыз деп эсептелет.

 Вирустар да ооруйт. Жакында эле сууда жашоочу 1 клеткалуу амёбаларды жабыркатуучу мимивирустар башка, Спутник аттуу вирустан азап тартары белгилүү болду. Спутниктер мимивирустарды тукумун чыгарып алуу үчүн колдонушат. Ошондуктан спутниктер “вирусту жечүлөр” атка конгон.

 Вакцина үчүн колдонулат. Кызылча, кызамык, гепатит жана башка ооруларга каршы вакциналарды өндүрүүдө вирустар колдонулат.

 Экология жаатында пайдасы. Экологияга зыян келтирүүчү төгүлгөн мунай жана башка бир катар органикалык кошулмаларды айрым вирус түрү чирите ала тургандыгы айтылат. Бул жаатта жаңы ачылыштар, аларды колдонуу келечектин иши.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан