Улан Барпиев, тамада: “Көптөр сен чын эле тамадасыңбы дешет”

Бул мырза убагында “Супер-Инфо” гезити уюштурган Супер футболдун жылдызы болчу. 2024-жылдын башында шоумен, тамада, актёр катары да өзүн сынап жүргөн Улан Барпиев менен маектештик. 

– Жаңы жылыңыз менен! Маанайыңыз жакшыбы?

– Рахмат! Силердин да Жаңы жылыңар менен! Маанайым сонун, дегеле маанайы жок жүргөн учурум аз. Тамадаларга маанайсыз жүргөн болбойт экен. Жумушта ар дайым жылмайып жүрүшүң керек, ошого көнүп калганбыз. Ооруп жатсак да жылмайып барып иштейбиз. Жумуштан тышкары жөнөкөймүн, тамадаларга окшобогон адаммын. Көпчүлүгү “сен чын эле тамадасыңбы?” дешет, тамада деген образды микрофон кармаганда эле табат окшойм.

– Жылдын башында 2024-жылга кандай максаттарды коюп жатасыз?

– Максаттарымды айтып коюп, ал ишке ашпай калсачы деп ойлой берем. Биз тойдон тышкары кино жагында да иш кылып келебиз, өзүбүз тартабыз, өзүбүз тартылабыз. 2024-жылы, буюрса, экранга бир кино чыгаралы деген ниетибиз бар. Өткөн жылы сценарийин жазып бүттүк. Бул мен үчүн чоң долбоорлордун бири. Жумушка тиешелүү дагы башка долбоорлор, пландарыбыз бар, ага убакыт жетеби, билбейм. Аны азырынча айтпай турайын.

– Тамада катары айтсаңыз, кантип коноктордун маанайын көтөрүү, уюштуруу, баарын бир толкунга салуу керек?

– Биринчиден, элдин баарына жага албайсың, аны түшүнөм. Тойдо ар кандай адамдар отурат, алардын көпчүлүгүнө жаксаң болду. Тамада деген той ээсинин өкүлү, той ээлери кандай меймандарга сый көрсөтсө, тамада дагы ошондой сый көрсөтүшү керек. Анан ошол эле аудиторияны сезүү керек. Бул эми тажрыйба аркылуу келет. Анан кандай аудитория алдыңда отурганына байланыштуу динамика бере баштайсың, ошондой мамиле кыла баштайсың. Коноктордун көңүлүн биринчи жарым саатта кармап алыш керек. А тойдо коноктордун көңүлүн буруу оңой эмес.

– Тамадалык кылып келатканыңызга канча болду?

– Быйыл 8 жыл болду. 2015-жылдын аягында баштагам. Ага чейин кичине тажрыйба бар болчу, анда той-топурда эмес, иш-чараларда кызмат кылып жүргөм. Бул тармакка келем деген оюм жок болчу. Жашоонун толкуну өзү алып келип койду, мен макул болуп кирип кеттим.

– “Мегаком” компаниясынын мурдагы кызматкери катары компаниянын жеке менчикке өтүшүнө кандай пикирдесиз?

– Ошол себептен “Мегакомдон” кеткем. Жеке менчиктен мамлекетке өткөндө кеттим, айлык акыларды кесе баштаган, мен ага каршы болуп кетип калгам. Бирок “Мегаком” компаниясы мен үчүн чоң мектеп болгон. Ушул компаниядан өзүмдүн алпаруучулук жөндөмүмдү таптым. Ал жакта колл-борбордо, анан кардарларды тейлөө бөлүмүндө иштедим, кийин пиар бөлүмгө өттүм. Пиар бөлүмүндө 5-6 жыл ичинде көп иш-чараларды уюштуруп, өзүм алпарып жүрдүм. Ошол жактан көргөндөр өздөрүнүн тойлоруна чакыра башташты, ошентип кичинекей аудиториям пайда болду. Анан ал компаниядан кеткенден кийин тамадалыкка баш-отум менен кирип кеттим.

Менимче, “Мегаком” компаниясы жеке менчикте калышы керек болчу. Андай компанияларды мамлекет эмес, менчик компаниялар, күчтүү менеджер иштетиши керек. Байкашымча, мамлекетке өткөндөн кийин “Мегакомдун” деңгээли түшүп кеткен.

– Балдарга Жаңы жыл майрамы өзгөчө шаң тартуулайт эмеспи, бала кезде кантип майрамдачу элеңиз?

– Бала кезде бир эле Жаңы жылды эмес, бардык майрамдарды башкача майрамдачубуз да. Башкалардай эле 12ге жакын салют атып, таң атканча уктабай тосчубуз. Бала кезден Жаңы жылда шампан, оливье, мандарин болуш керек деген түшүнүк калган. Анан Аяз ата, Аяз кыз келиши керек, белектерин бериш шарт дегендей. Жаңы жылды өзгөчө күтүп, сүйүп, башкача сезимдер болчу. Бара-бара андай сезимдер жок. Жаңы жыл деген жылдын жаңырышы эле. Азыркы оюм ушундай.

– Бала кезиңизде кандай элеңиз?

– Балалыгым 4-класска чейин Таласта өттү, кичине шогураак элем. 5-класстан тарта шаарда өстүм. Шаарга келгенде токтолуп калсам керек, аябай токтоо, иш-чараларга катышпаган, пассивдүү, тартынчаак, уялчаак бала болчумун. 2-курста КВНге кошулгандан кийин анан кызыгуу пайда болуп, сахнага чыгып кичине өнөрлөр чыга баштады.

– Жакшы окучу белеңиз? Кайсы сабактарды жактырчусуз?

– Жок, өтө деле жакшы окучу эмесмин. Орто окучумун, ударник болчумун. Эркектерге жаккан сабактарды жакшы окуйт элем, бул – кол эмгек, дене тарбия, музыка, сүрөт дегендер (күлүп).

– Бир кезде биздин Супер футболдо активдүү ойночусуз, азыр деле футбол ойноп турасызбы?

– Ооба, азыр деле ойнойм. Ошону эмнеге токтотуп койдуңуздар? Аябай сонун баштагансыздар. Биз үчүн ал күн майрам болчу, Супер футболго алгач “Мегаком” компаниясынын атынан катышканбыз. Аны күтчүбүз, футбол бир жума өтсө бир жума бою бизге майрам эле. Эсимде, ал күнү аябай көп эл келчү, ага кошо балмуздак, оюнчук, суусундук, тамак-аш саткандар келчү. Чоң бир майрам эле да. Азыр деле уюштурсаңар аябай сонун болот. Ошол жактан көп досторду таптык. “Супер-Инфонун” кубогу бүткөндөн кийин өнөр адамдарынын командасын түптөп, машыгып жүрдүк. Азыр деле ошондойбуз.

– Кино тармагына алгач качан аралаштыңыз?

– 2013-жылы аралаштым, ошондо киного тартылгам. Өзүбүздүн кинобузду алгач 2016-17-жылдары тарттык. “Бажарикиге” биринчи сунуш түшүп тартылгам, “Бажарики-2” жана 3тө продюсер болгом. Ошол кино аркылуу кино тартуунун ашканасын жактырдым, азыр да ал тармакта иш алпарып жатабыз.

– Өзүңүзгө актёр катары кандай баа бересиз?

– Бул КВНден калган нерсе. Актёрдук курстарга барган эмесмин, бул жаатта билимим жок. Аны көрүүчүлөр айтыш керек. 2013-жылы биринчи тасмага тартылгандан кийин сунуштар түшүп, чакыруулар болуп жатат, демек, кичине болсо да окшошуп жатыптыр. Бирок азыр деле чоң каалоом бар, кыска, 1-2 айлык болсо да актёрдук курстарды өтүп койсом жакшы болот.

– Жогоруда өнөрүмдү таптым дедиңиз. Жашоодо өзүңүздү таптыңызбы?

– Ооба, ар бир адамдын бул жашоого келген өзүнүн миссиясы болот экен. Анан ар бир адамдын ичинде таланты болот экен, кайсы тармакта өзүн мыкты алып кете алат, кайсы кесиптин ээси болот. Мен өзүмдү тияктан да, бияктан да байкап көрдүм. Анан ушул нерсе мага да, элге да жагат экен. Мен өзүмдүн жумушумдан ырахат алам. Тамадалык да, кино да жан дүйнөмө жагат, ошондуктан мен өзүмдү таптым деп ойлойм.

– Мындан бир топ жыл мурунку маегиңизде “гороскоп боюнча жубайым экөөбүз тең балыкпыз, мен агымга каршы, жубайым агым менен сүзгөн балык” деген экенсиз. Азыр кандай?

– Тээ илгери, ооба. Азыр чогуубуз (күлүп). Экөөбүз тең балыкпыз, бирок экөөбүз тең агымга каршы кетип баратабыз. Менин оюмча, ал агым башка туура эмес жакка кетип баратат, а биз туура жакка каршы сүзүп баратабыз. Экөөбүз 1 уул, 2 кызды тарбиялап жатабыз.

– Бактылуу болуңуздар!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1100, 5-11-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан